Лавровдун Батыш ЖМКсы жарыялай албаган макаласынын мазмуну. Тезис

© Фото / пресс-служба МИД РФ
Жазылуу
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавровдун Politico Europe басылмасына даярдалган "Украина, Европа жана глобалдуу коопсуздук" деп аталган макаласы акыркы сааттарда жарыяланбай калды.
Россиянын тышкы иштер министринин Батыш жалтайлап, уккусу келбеген билдирүүлөрү:
Европа өзүнүн "агрессиялуу пландарын" Россияга таңуулап келет, мындай нерселер сүйлөшүүлөргө негиз болуп бере албайт;
Британия, Франция жана Германия элчилеринин РФ ТИМине барган максаты Россияга коюлган дооматтарды бир сыйрап бекемдеп алуу болгон;
НАТО менен Россиянын кадимки кагылышуусу кесепети оңдурбай турган өзөктүк курал менен атышууга айланып кетиши мүмкүн;
Европа Россия менен болгон жаңжалга 2030-жылга чейин шайма-шай туруу, ал эми ага чейин "ар кандай жолдор менен убакытты созуу" ниетинде;
Европа биримдиги экспансияны кыялданып, Украина менен Молдованы өз кызыкчылыгына пайдаланып, Арменияны таасирине киргизүү аракеттинде;
Европа лидерлеринин чыныгы максаты — Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү эмес, Зеленскийдин бийлигин сактап калуу;
Европа Украинадагы жаңжалды ошол тейде калтырып, ал жерге "каалоочулардын коалициясынын" аскерлерин киргизүүгө ынтызар.
