https://sputnik.kg/20260619/1101975475.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров өзүнүн чуулгандуу билдирүүлөрү менен эсте калган Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликовду кызматтан алды. Ал ишке киришип жатканда... 19.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-19T15:00+0600
2026-06-19T15:00+0600
2026-06-19T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101975309_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_37b2047ef21ca9d1bc6c527b741bb133.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров өзүнүн чуулгандуу билдирүүлөрү менен эсте калган Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликовду кызматтан алды. Ал ишке киришип жатканда “Афганстанга келип калгандай сезим болду, мыйзам менен тартип нөлгө түшүп калыптыр” деп айтканы менен таанылган. Бул билдирүүсүнөн кийин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев ага эскертүү берген. Ошондой эле Маткаликов шаарда хандык башкаруу болбойт деп айтып, өзүн пиар кылууну арам деген. Ал Манас шаарынын мэри кызматында төрт ай гана иштеди.
Маалымат барган сайын таасир куралына айланып, жалган жаңылыктар кеңири жайылууда. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысынын орун басары Олег Копылов Ысык-Көлдөгү эл аралык форумда айтты. Ал маалымат багыты мамлекеттер ортосундагы мамилелерде барган сайын маанилүү факторго айланып баратканын белгиледи. "Маалымат куралга айланып, жалган кабарлар каптаган заманда биз биринчилерден болуп тийиштүү аракеттерди көрүшүбүз керек. Тактап айтканда, ишенимдүү маалыматтарды алгачкылардан болуп таратып, окуяларды бурмалоого, стереотиптерге, куру дооматтарга жана башка ушул сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербешибиз зарыл", — деди ал ШКУнун медиафорумунда.
Россия жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясына (АСЕАН) кирген мамлекеттер АКШ менен Ирандын ортосунда меморандумга кол коюлушун кубатташат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Россиянын президенти Владимир Путиндин сөзүнө таянып билдирди. Бейшемби күнү Казань шаарында өткөн Россия — АСЕАН саммитинин жыйынтыгында РФ президенти Путин жана Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) үчүн билдирүү жасашты. РФ башчысы белгилегендей, АСЕАН өлкөлөрүнүн азыркы дүйнөдөгү көптөгөн көйгөйлөр боюнча позициялары абдан жакын жана бирдей. “Бул, өзгөчө, Ирандын айланасындагы кырдаалга тиешелүү. Биз Иран жана Америка тараптарынын аскердик жаңжалды токтотуу жана келечектеги тынчтык келишиминин шарттарынын үстүндө иштөө боюнча макулдашууларын бир добуштан кубаттадык”, — деди Путин.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Тель-Авивди Американын Иран менен тынчтыкка келчү меморандумуна "чабуул" коюп, сындабоого чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Израиль башкалардай эле бул тынчтык процессине сый мамиле жасашы керек. Бул иштер алардын өзүнө да, жалпы аймакка да пайда алып келет", — деп ал журналисттерге айткан. 18-июнда АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен өз ара түшүнүшүү боюнча макулдашууга кол койгонун жар салган. Буга чейин Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи документке аралыктан электрондук форматта кол коюлганын кабарлаган. Алгач макулдашуу 19-июнда Женевада түзүлөт деп айтылган. Вашингтондун маалыматы боюнча, ушул эле күнү Ормуз кысыгы ачылып, кеме кыймылы жанданмак. Макулдашууга ылайык, тараптар бири-биринин суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого милдеттеме алышкан, мындан тышкары, бири-биринин ички ишине кийлигишпейт.
Президент Садыр Жапаров өзүнүн чуулгандуу билдирүүлөрү менен эсте калган Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликовду кызматтан алды. Ал ишке киришип жатканда “Афганстанга келип калгандай сезим болду, мыйзам менен тартип нөлгө түшүп калыптыр” деп айтканы менен таанылган. Бул билдирүүсүнөн кийин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев ага эскертүү берген. Ошондой эле Маткаликов шаарда хандык башкаруу болбойт деп айтып, өзүн пиар кылууну арам деген. Ал Манас шаарынын мэри кызматында төрт ай гана иштеди.Маалымат барган сайын таасир куралына айланып, жалган жаңылыктар кеңири жайылууда. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысынын орун басары Олег Копылов Ысык-Көлдөгү эл аралык форумда айтты. Ал маалымат багыты мамлекеттер ортосундагы мамилелерде барган сайын маанилүү факторго айланып баратканын белгиледи. "Маалымат куралга айланып, жалган кабарлар каптаган заманда биз биринчилерден болуп тийиштүү аракеттерди көрүшүбүз керек. Тактап айтканда, ишенимдүү маалыматтарды алгачкылардан болуп таратып, окуяларды бурмалоого, стереотиптерге, куру дооматтарга жана башка ушул сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербешибиз зарыл", — деди ал ШКУнун медиафорумунда.Россия жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясына (АСЕАН) кирген мамлекеттер АКШ менен Ирандын ортосунда меморандумга кол коюлушун кубатташат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Россиянын президенти Владимир Путиндин сөзүнө таянып билдирди. Бейшемби күнү Казань шаарында өткөн Россия — АСЕАН саммитинин жыйынтыгында РФ президенти Путин жана Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) үчүн билдирүү жасашты. РФ башчысы белгилегендей, АСЕАН өлкөлөрүнүн азыркы дүйнөдөгү көптөгөн көйгөйлөр боюнча позициялары абдан жакын жана бирдей. “Бул, өзгөчө, Ирандын айланасындагы кырдаалга тиешелүү. Биз Иран жана Америка тараптарынын аскердик жаңжалды токтотуу жана келечектеги тынчтык келишиминин шарттарынын үстүндө иштөө боюнча макулдашууларын бир добуштан кубаттадык”, — деди Путин.АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Тель-Авивди Американын Иран менен тынчтыкка келчү меморандумуна "чабуул" коюп, сындабоого чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Израиль башкалардай эле бул тынчтык процессине сый мамиле жасашы керек. Бул иштер алардын өзүнө да, жалпы аймакка да пайда алып келет", — деп ал журналисттерге айткан. 18-июнда АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен өз ара түшүнүшүү боюнча макулдашууга кол койгонун жар салган. Буга чейин Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи документке аралыктан электрондук форматта кол коюлганын кабарлаган. Алгач макулдашуу 19-июнда Женевада түзүлөт деп айтылган. Вашингтондун маалыматы боюнча, ушул эле күнү Ормуз кысыгы ачылып, кеме кыймылы жанданмак. Макулдашууга ылайык, тараптар бири-биринин суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого милдеттеме алышкан, мындан тышкары, бири-биринин ички ишине кийлигишпейт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101975309_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a5545542754c7608262f54137ad63c9e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио