00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:05
55 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Кыргызстан авиациялык коопсуздук боюнча Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгарылды: бул кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Ачык кеп
Кыргызстан авиациялык коопсуздук боюнча Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгарылды: бул кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
21:11
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргыз эли жакынкы 10 жылда экономикалык кереметти ишке ашырат. Аскар Акаев Ысык-Көлдө азыркы президенттин саясый багытын алкоого алды. Ал учурдагыдай экономикалык өсүш уланса кыргыз эли жакынкы 10 жылда жаңы “экономикалык кереметти” ишке ашыра аларын айтты. Акаев эл катаал учурда Садыр Жапаровду президент кылып шайлаганын эске салды. “Бирок бүгүн Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү көтөрүлүүдө. Социалдык чөйрөдө дагы жакшы тенденциялар байкалууда. Өлкөдө экологиялык таза энергия алуу жакшы жолго түшүүдө. Мындан тышкары, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулууда. Бул Улуу Жибек Жолунун жанданышы”, — деди Акаев. Ошондой эле ал кыргыз экономикалык кереметин ишке ашыруу үчүн Садыр Жапаровго мандат берүү керектигин кошумчалады. Мунун себебин ал экономикалык керемет үчүн 8-10 жыл керектелери менен түшүндүрдү.
Кыргызстан медиачөйрөдө конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдойт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Бостериде өтүп жаткан медиафорумда айтты. Маматкановдун айтымында, дүйнөлүк медиа мейкиндигинде санариптешүү, маалыматтык технологиялардын жана жасалма интеллектинин тез өнүгүшүнүн таасири менен ири өзгөрүүлөр болуп жатат. "Биз маалымат көз ирмемде тарап, коомдук пикирди калыптандырып жана эл аралык процесстерге таасир тийгизген заманда жашап жатабыз. Заманга бап келген маалыматтык чөйрө жаңы мүмкүнчүлүктөр менен бирге ойлонто турган коркунучтарды да жаратууда. Улуттук кызыкчылыктарды коргоо зарылчылыгы жана киберкоопсуздукка келген коркунучтар бизден жоопкерчиликтүү мамилени, тыгыз өз ара кызматташып иштөөнү жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну талап кылат", — деди Маматканов.
ШКУнун энергетикалык кызматташуусу акыркы жылдары аймактык коопсуздук маселесинен туруктуу экологиялык өнүгүүгө өттү. Бул туурасында энергетика министри Алтынбек Рысбеков Бишкекте өтүп жаткан аталган иш-чарада сүйлөп жатканда айтты. Жыйындын катышуучулары энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, инвестиция тартуу, инфраструктураны жаңылоо жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерин талкуулап жатат. Энергияны үнөмдөө, санариптик башкаруу тутумдары жана энергиянын майнаптуулугун арттыруу көңүл борборундагы темалардан болду. "Дүйнөлүк энергетика тармагы ири өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Электр кубатына суроо-талаптын өсүшү, санариптештирүү жана энергетикалык коопсуздук маселелери бардык өлкөлөр үчүн бирдей маанилүү болуп турат. Мындай шартта ЖКУга мүчө мамлекеттердин өз ара тыгыз кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ", — деди Рысбеков. Ал Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү стратегиялык жактан өлкөнүн өзү үчүн эле эмес, энергетикалык тең салмактуулукка салым кошкону үчүн жалпы ШКУ үчүн да маанилүү экендигин баса белгиледи.
Бишкектеги медреседен салат жеген 37 киши ууланып калган Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 37 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылып, бирөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, уулангандар Арча-Бешиктеги Абдуллах ибн Масъуд атындагы медреседен оливье салатын жешкенин айтышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0