https://sputnik.kg/20260618/1101938483.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды. Мамлекет башчысы министрлер кабинети 17 пайыз менен облигацияларды жайгаштырганын... 18.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-18T08:59+0600
2026-06-18T08:59+0600
2026-06-18T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/12/1101938317_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_003468abe98382fc69c2fc14eb121696.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды. Мамлекет башчысы министрлер кабинети 17 пайыз менен облигацияларды жайгаштырганын, аны MegaPay тиркемеси аркылуу онлайн сатып алса болорун билдирди. “Салган акча эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турууга болот. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда, квартал сайын төлөнүп берилет. Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат”, — деп жазды Жапаров соцтармак баракчасына. Ошондой эле ал мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору экенин кошумчалап, жакында аларды кайра сатуу функциясы иштелип чыгарын белгилеген.
ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандын экономикасына эң көп инвестиция салган мамлекеттердин катарына кирди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Ага ылайык, 2025-жылы Кыргызстанга 1,3 миллиард долларлык инвестиция тартылган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Инвестициянын көлөмү боюнча ЕАЭБге мүчө өлкөлөр алдыңкы орунда. Тактап айтканда, Россия менен Казакстандын ишкерлери Кыргызстандын экономикасына жалпысынан 300 миллион доллардан ашык каражат жумшаган.
Бишкекте 17-20-июнь күндөрү Фучик, Чүй, Манас, Абдрахманов, Ахунбаев жана Жибек Жолу проспектилеринде маал-маалы менен унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, эртең борбор калаада КМШ мамлекеттеринин ИИМ жетекчилеринин VI кеңешмеси өтөт. Мындан улам жол милициясы аталган көчөлөрдө коомдук тартип жана жол кыймылынын коопсуздугу тынымсымсыз көзөмөлгө алынарын белгиледи.
Украинаны Евробиримдикке тездетилген тартипте кабыл алуу боюнча башталган сүйлөшүүлөр уюмдун кеңейиши тигил же бул өлкөнүн сиңирген эмгегине эмес, тек гана геосаясий кызыкчылыктарга негизделип жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу Венгриядан шайланган Европарламенттин депутаты Кинга Гал Х социалдык тармагына жазды. “Бүгүн Евробиримдик Украинаны тездетилген тартипте мүчөлүккө кабыл алуу багытында дагы бир кадам таштап, сүйлөшүүлөрдүн алгачкы баскычын ачты. Бул кадам Евробиримдиктин кеңейүү процесси өлкөлөрдүн чыныгы жетишкендиктерине эмес, барган сайын геосаясий кызыкчылыктарга гана таянып чечим кабыл алып жатканын дагы бир жолу далилдеди. Башка талапкер өлкөлөр жылдап эң катаал шарттарды аткарууга мажбур болуп жатса, Украина даяр эмес экенине карабай, ага "жашыл чырак" жагылып жатат”, — деп жазды ал. Кинга Галдын пикиринде, Украинанын Евробиримдикке кириши уюмга мүчө мамлекеттер үчүн олуттуу коркунучтарды жаратып, бирикменин аброюна шек келтирет.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды. Мамлекет башчысы министрлер кабинети 17 пайыз менен облигацияларды жайгаштырганын, аны MegaPay тиркемеси аркылуу онлайн сатып алса болорун билдирди. “Салган акча эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турууга болот. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда, квартал сайын төлөнүп берилет. Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат”, — деп жазды Жапаров соцтармак баракчасына. Ошондой эле ал мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору экенин кошумчалап, жакында аларды кайра сатуу функциясы иштелип чыгарын белгилеген.ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандын экономикасына эң көп инвестиция салган мамлекеттердин катарына кирди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Ага ылайык, 2025-жылы Кыргызстанга 1,3 миллиард долларлык инвестиция тартылган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Инвестициянын көлөмү боюнча ЕАЭБге мүчө өлкөлөр алдыңкы орунда. Тактап айтканда, Россия менен Казакстандын ишкерлери Кыргызстандын экономикасына жалпысынан 300 миллион доллардан ашык каражат жумшаган.Бишкекте 17-20-июнь күндөрү Фучик, Чүй, Манас, Абдрахманов, Ахунбаев жана Жибек Жолу проспектилеринде маал-маалы менен унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, эртең борбор калаада КМШ мамлекеттеринин ИИМ жетекчилеринин VI кеңешмеси өтөт. Мындан улам жол милициясы аталган көчөлөрдө коомдук тартип жана жол кыймылынын коопсуздугу тынымсымсыз көзөмөлгө алынарын белгиледи. Украинаны Евробиримдикке тездетилген тартипте кабыл алуу боюнча башталган сүйлөшүүлөр уюмдун кеңейиши тигил же бул өлкөнүн сиңирген эмгегине эмес, тек гана геосаясий кызыкчылыктарга негизделип жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу Венгриядан шайланган Европарламенттин депутаты Кинга Гал Х социалдык тармагына жазды. “Бүгүн Евробиримдик Украинаны тездетилген тартипте мүчөлүккө кабыл алуу багытында дагы бир кадам таштап, сүйлөшүүлөрдүн алгачкы баскычын ачты. Бул кадам Евробиримдиктин кеңейүү процесси өлкөлөрдүн чыныгы жетишкендиктерине эмес, барган сайын геосаясий кызыкчылыктарга гана таянып чечим кабыл алып жатканын дагы бир жолу далилдеди. Башка талапкер өлкөлөр жылдап эң катаал шарттарды аткарууга мажбур болуп жатса, Украина даяр эмес экенине карабай, ага "жашыл чырак" жагылып жатат”, — деп жазды ал. Кинга Галдын пикиринде, Украинанын Евробиримдикке кириши уюмга мүчө мамлекеттер үчүн олуттуу коркунучтарды жаратып, бирикменин аброюна шек келтирет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/12/1101938317_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_017082312f1c3d18d80f1f18805b70a4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио