https://sputnik.kg/20260605/zhaparov-shkunun-iim-zhetekchilerin-kabyl-aldy-1101725759.html
Жапаров ШКУнун ИИМ жетекчилери менен жолукту. Эмне сөз болду
Жапаров ШКУнун ИИМ жетекчилери менен жолукту. Эмне сөз болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл... 05.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-05T14:35+0600
2026-06-05T14:35+0600
2026-06-05T14:57+0600
шку
кыргызстан
садыр жапаров
коопсуздук
министр
киберкылмыштуулук
күрөш
https://sputnik.kg/img/07ea/06/05/1101725158_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_0b183449503413904d87da39cf02c74b.jpg
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. Жапаров министрлер менен заман талабындагы актуалдуу, анын ичинде санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшүнө байланыштуу көйгөйлөр боюнча пикир алышты. Маалыматтык коопсуздук жана киберкоркунучтарга каршы биргелешкен күрөштү чыңдоонун маанилүү экендигин сүйлөшкөн. Жапаров эл аралык системанын терең трансформациясы жана глобалдык туруктуулуктун кризиси шартында ШКУнун туруктуулугун сактап, ишенимди жана коопсуздукту бекемдөөчү ишенимдүү механизм болуп турарын айткан. Президент заман талабындагы көйгөйлөргө токтолуп, кылмыш дүйнөсү жасалма интеллектини активдүү өздөштүрүп, киберчабуулдарды автоматташтырып, жалган маалыматты колдонуп мыйзамсыз финансы агымдары үчүн жаңы каналдарды ачып жатканын белгиледи. Ал маанилүү чаралардын бири катары ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн базасында курамында Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун жана Ташкенттеги Маалыматтык коопсуздук борборун камтыган Коопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борборду түзүүнү белгиледи. Кабыл алууда болгон ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Жапаровго Уюмдагы кызматташтык, анын ичинде коопсуздукту бекемдөө маселелерине жеке көңүл бурганы үчүн ыраазылык билдирди. Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Бул жетишкендик өлкөнүн эл аралык аброюнун жана анын тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого кошкон салымынын таанылгандыгынын айкын күбөсү экенин белгиледи. Ермекбаев ошондой эле Кыргызстандын ШКУдагы жигердүү жана жемиштүү төрагалыгын белгиледи. Маанилүү демилгелерди көтөрүү, Саммитке даярдык иштеринен тышкары тармактык механизмдердин кеңешмелери да өтүүдө. Ал белгилегендей, ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин бүгүнкү жыйыны өз ишин кыргыз тараптын демилгеси менен 2022-жылдан баштап кайрадан жандандырган.
https://sputnik.kg/20260605/shku-askerdij-sayasij-uyum-ehmes-1101725331.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/05/1101725158_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_5354a7837c73e2230fd02cd318d572df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
шку, кыргызстан, садыр жапаров, коопсуздук, министр, киберкылмыштуулук, күрөш
шку, кыргызстан, садыр жапаров, коопсуздук, министр, киберкылмыштуулук, күрөш
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров министрлер менен заман талабындагы актуалдуу, анын ичинде санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшүнө байланыштуу көйгөйлөр боюнча пикир алышты.
Маалыматтык коопсуздук жана киберкоркунучтарга каршы биргелешкен күрөштү чыңдоонун маанилүү экендигин сүйлөшкөн.
Жапаров эл аралык системанын терең трансформациясы жана глобалдык туруктуулуктун кризиси шартында ШКУнун туруктуулугун сактап, ишенимди жана коопсуздукту бекемдөөчү ишенимдүү механизм болуп турарын айткан.
Президент заман талабындагы көйгөйлөргө токтолуп, кылмыш дүйнөсү жасалма интеллектини активдүү өздөштүрүп, киберчабуулдарды автоматташтырып, жалган маалыматты колдонуп мыйзамсыз финансы агымдары үчүн жаңы каналдарды ачып жатканын белгиледи.
Ал маанилүү чаралардын бири катары ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн базасында курамында Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун жана Ташкенттеги Маалыматтык коопсуздук борборун камтыган Коопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борборду түзүүнү белгиледи.
Кабыл алууда болгон ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Жапаровго Уюмдагы кызматташтык, анын ичинде коопсуздукту бекемдөө маселелерине жеке көңүл бурганы үчүн ыраазылык билдирди.
Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Бул жетишкендик өлкөнүн эл аралык аброюнун жана анын тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого кошкон салымынын таанылгандыгынын айкын күбөсү экенин белгиледи.
Ермекбаев ошондой эле Кыргызстандын ШКУдагы жигердүү жана жемиштүү төрагалыгын белгиледи. Маанилүү демилгелерди көтөрүү, Саммитке даярдык иштеринен тышкары тармактык механизмдердин кеңешмелери да өтүүдө. Ал белгилегендей, ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин бүгүнкү жыйыны өз ишин кыргыз тараптын демилгеси менен 2022-жылдан баштап кайрадан жандандырган.