https://sputnik.kg/20260529/yeaebge-kirerde-emne-deshken-1101587346.html
ЕАЭБге кирерде кыргызстандыктарды эмне деп коркутушкан? Видео
ЕАЭБге кирерде кыргызстандыктарды эмне деп коркутушкан? Видео
Sputnik Кыргызстан
Мындан 11 жыл мурда республика кыйчалыш учурга туш келген. Өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке кириши керекпи же жокпу деген маселе турган. 29.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-29T12:12+0600
2026-05-29T12:12+0600
2026-05-29T12:12+0600
еаэб
кыргызстан
уюм
кызматташуу
биримдик
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1d/1101587175_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_07a862867d8337c460913e11f30f32b3.jpg
Мунун айланасында көптөгөн кооптонуу, талаш жана талкуулар болгон. Азыр арадан убакыт өтүп, андагы чечим канчалык туура же калпыс болгонуна сереп салууга болот. Кыргызстандыктар эмнеден коркушкан? Баа өсөт, баары кымбаттайт Кыргызстандыктар уюмдун бирдиктүү тарифтеринен улам товарлар, айрыкча Кытайдан келген арзан импорт кескин кымбаттайт деп чочулаган. Бирок баа кескин өсүп кеткен жок. Инфляция деле өзгөрбөй келет. Бирок элдин кирешеси өстү. 2015-жылы кыргызстандыктын орточо айлык акысына 38 килограмм уй эти келсе, 2025-жылы бул маянага 64 килограмм эт алса болот. "Дордой" жана "Кара-Суу" базарлары иштебей калат Кытайдан товар ташып, коңшу өлкөлөргө саткан ишкерлер ЕАЭБдин эрежелери реэкспортко же аталган эки базардын негизги кирешесине сокку урат деп кооптонушкан. Иш жүзүндө андай болгон жок. Азыр экөө тең иштеп жатат. Ал эми кытай товарларынын импорту эселеп өстү. 2015-жылы Кытайдан 1 миллиард доллардан бир аз ашык товар келсе, 2025-жылы 5,45 миллиард долларлык импорт кирген. Реэкспорт жаңы эрежелерге ыңгайлашып, өлкө маанилүү соода түйүнү бойдон калды. Россия жана Казакстанга көз каранды болуп калабыз Уюмга киргенден кийин өлкө экономикасы негизги оюнчуларга көз каранды болуп каларын айтышкан. Маанилүү чечимдерди кабыл алууда Бишкек менен эч ким эсептешпейт дешкен. Чындыгында Кыргызстандын тышкы соодасында уюмга мүчө өлкөлөр маанилүү орунду ээлейт. Экспорттун жарымынан көбү Россия менен Казакстанга кетет. Бирок бул экономикалык эгемендик жоголгонун билдирбейт. ЕАЭБде "кеңешип кескен бармак оорубайт" деген принцип бар. Уюмдун башкаруучу органдарында өлкөнүн өкүлчүлүк орундары бар. Шериктештер менен тең ата сүйлөшүп, бирдей шарттагы мамиле курулган. Республика сооданы жеңилдетүү, эмгек миграциясы, техникалык регламенттер жана айыл чарба продукциясын жалпы рынокко чыгаруу маселелерин дайыма көтөрүп келет. Көзөмөл күчөп, бюрократия көбөйөт Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин жаңы сертификация стандарттары жана бажы эрежелери киргизиле баштаган. Муну көргөн чакан бизнес "бизди кагаздар менен муунтуп жатышат" деген. Бирок он жыл ичинде Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин көлөмү өстү. 2015-жылы анын өлкө экономикасындагы үлүшү 28,5 пайыз болсо, 2024-жылы 39,7 пайызга жеткен. Жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн коркунуч Кыргызстандык өнөр жай ишканалары ЕАЭБдин күчтүү компаниялары менен атаандаштыкка туруштук бере албай каларын боолголоп, өз керектөөчүлөрүн жоготуп алабыз деп чочулашкан. Анткен менен тармак он жыл ичинде бир нече эсе өстү. 2015-жылдан бери өнөр жай көлөмү 181 миллиард сомдон дээрлик 800 миллиард сомго чейин чыкты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1d/1101587175_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_ad3e8b44962766ea67d19217d175c31c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэб, кыргызстан, уюм, кызматташуу, биримдик, видео, видео
еаэб, кыргызстан, уюм, кызматташуу, биримдик, видео, видео
ЕАЭБге кирерде кыргызстандыктарды эмне деп коркутушкан? Видео
Мындан 11 жыл мурда республика кыйчалыш учурга туш келген. Өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке кириши керекпи же жокпу деген маселе турган.
Мунун айланасында көптөгөн кооптонуу, талаш жана талкуулар болгон. Азыр арадан убакыт өтүп, андагы чечим канчалык туура же калпыс болгонуна сереп салууга болот. Кыргызстандыктар эмнеден коркушкан?
Баа өсөт, баары кымбаттайт
Кыргызстандыктар уюмдун бирдиктүү тарифтеринен улам товарлар, айрыкча Кытайдан келген арзан импорт кескин кымбаттайт деп чочулаган. Бирок баа кескин өсүп кеткен жок. Инфляция деле өзгөрбөй келет. Бирок элдин кирешеси өстү. 2015-жылы кыргызстандыктын орточо айлык акысына 38 килограмм уй эти келсе, 2025-жылы бул маянага 64 килограмм эт алса болот.
"Дордой" жана "Кара-Суу" базарлары иштебей калат
Кытайдан товар ташып, коңшу өлкөлөргө саткан ишкерлер ЕАЭБдин эрежелери реэкспортко же аталган эки базардын негизги кирешесине сокку урат деп кооптонушкан. Иш жүзүндө андай болгон жок. Азыр экөө тең иштеп жатат. Ал эми кытай товарларынын импорту эселеп өстү. 2015-жылы Кытайдан 1 миллиард доллардан бир аз ашык товар келсе, 2025-жылы 5,45 миллиард долларлык импорт кирген. Реэкспорт жаңы эрежелерге ыңгайлашып, өлкө маанилүү соода түйүнү бойдон калды.
Россия жана Казакстанга көз каранды болуп калабыз
Уюмга киргенден кийин өлкө экономикасы негизги оюнчуларга көз каранды болуп каларын айтышкан. Маанилүү чечимдерди кабыл алууда Бишкек менен эч ким эсептешпейт дешкен. Чындыгында Кыргызстандын тышкы соодасында уюмга мүчө өлкөлөр маанилүү орунду ээлейт. Экспорттун жарымынан көбү Россия менен Казакстанга кетет. Бирок бул экономикалык эгемендик жоголгонун билдирбейт. ЕАЭБде "кеңешип кескен бармак оорубайт" деген принцип бар. Уюмдун башкаруучу органдарында өлкөнүн өкүлчүлүк орундары бар. Шериктештер менен тең ата сүйлөшүп, бирдей шарттагы мамиле курулган. Республика сооданы жеңилдетүү, эмгек миграциясы, техникалык регламенттер жана айыл чарба продукциясын жалпы рынокко чыгаруу маселелерин дайыма көтөрүп келет.
Көзөмөл күчөп, бюрократия көбөйөт
Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин жаңы сертификация стандарттары жана бажы эрежелери киргизиле баштаган. Муну көргөн чакан бизнес "бизди кагаздар менен муунтуп жатышат" деген. Бирок он жыл ичинде Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин көлөмү өстү. 2015-жылы анын өлкө экономикасындагы үлүшү 28,5 пайыз болсо, 2024-жылы 39,7 пайызга жеткен.
Жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн коркунуч
Кыргызстандык өнөр жай ишканалары ЕАЭБдин күчтүү компаниялары менен атаандаштыкка туруштук бере албай каларын боолголоп, өз керектөөчүлөрүн жоготуп алабыз деп чочулашкан. Анткен менен тармак он жыл ичинде бир нече эсе өстү. 2015-жылдан бери өнөр жай көлөмү 181 миллиард сомдон дээрлик 800 миллиард сомго чейин чыкты.