https://sputnik.kg/20260507/sssr-nato-koshuluu-chetke-kaguu-1101165667.html
СССРдин НАТОго кошулуу сунушу 28 жыл мурда расмий четке кагылган
СССРдин НАТОго кошулуу сунушу 28 жыл мурда расмий четке кагылган
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. 1954-жылдын 7-майында СССРдин НАТОго кошулуу сунушу расмий түрдө четке кагылган. 07.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-07T20:14+0600
2026-05-07T20:14+0600
2026-05-07T20:14+0600
дүйнөдө
ссср
нато
сунуш
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/03/1098315530_0:156:3072:1883_1920x0_80_0_0_c6bfcf5c3c6ef25f3baa870f6ef0133a.jpg
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. 1954-жылдын 7-майында СССРдин НАТОго кошулуу сунушу расмий түрдө четке кагылган.АКШ, Франция жана Улуу Британия Европада бирдиктүү коопсуздук системасын түзүүгө умтулган Москванын демилгесин колдогон эмес.1954-жылдын март айында көтөрүлгөн СССРдин демилгеси Европада жалпы коопсуздук системасын түзүүгө жасалган чын ыкластуу аракет болгон. Москва антигитлердик коалицияга кирген бардык улуу державалар катышса, НАТО агрессивдүү мүнөзүн жоготуп, жалпы европалык тынчтык куралына айланмак деп эсептеген.Батыштын СССРдин сунушун четке кагышын көптөгөн эксперттер НАТОнун баштапкы максаты — Советтик Союзга каршы күрөш болгонунун далили деп аташат. Бул ошондой эле 1955-жылы Варшава келишими уюмунун түзүлүшүнө себептердин бири болгон. Ал НАТОну кеңейтүүгө жана ага Батыш Германиянын кошулушуна жооп катары түзүлгөн европалык социалисттик өлкөлөрдүн аскердик-саясий союзу эле.Ондогон жылдар өткөндөн кийин, СССР тарагандан соң да Россия Батышка НАТОго кошулуу мүмкүнчүлүгүн кайра кароону сунуштаган. Россиянын лидери Владимир Путин айтып бергендей, ал ошол кездеги АКШ президенти Билл Клинтон менен сүйлөшүүдө Россиянын НАТОго кирүү идеясын сунуштаган. Клинтон алгач кызыгуу көрсөткөн, бирок айланасындагылары менен кеңешкенден кийин бул мүмкүн эмес экенин билдирген.Ошентип, Москванын бирдиктүү коопсуздукка болгон умтулуусу четке кагылып, россиялык аналитиктердин пикиринде, Түндүк Атлантика альянсы өзүнүн негизги багытын — Россияга каршы аракеттенүүнү өзгөрткөн жок.
https://sputnik.kg/20260506/praga-operatsiyasy-akyrky-chabuul-1101153154.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/03/1098315530_148:0:2879:2048_1920x0_80_0_0_fb89ceea81097b4decb23f829fb7c97a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, ссср, нато, сунуш
дүйнөдө, ссср, нато, сунуш
СССРдин НАТОго кошулуу сунушу 28 жыл мурда расмий четке кагылган
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. 1954-жылдын 7-майында СССРдин НАТОго кошулуу сунушу расмий түрдө четке кагылган.
АКШ, Франция жана Улуу Британия Европада бирдиктүү коопсуздук системасын түзүүгө умтулган Москванын демилгесин колдогон эмес.
“Мындай сунуштун реалдуу эмес экенин өзүнчө баса белгилөөнүн зарылдыгы жок. Ал Батыш мамлекеттеринин коргонуу системасы жана коопсуздугу негизделген принциптерге каршы келет”, — деп айтылган АКШнын жооп нотасында.
1954-жылдын март айында көтөрүлгөн СССРдин демилгеси Европада жалпы коопсуздук системасын түзүүгө жасалган чын ыкластуу аракет болгон. Москва антигитлердик коалицияга кирген бардык улуу державалар катышса, НАТО агрессивдүү мүнөзүн жоготуп, жалпы европалык тынчтык куралына айланмак деп эсептеген.
Батыштын СССРдин сунушун четке кагышын көптөгөн эксперттер НАТОнун баштапкы максаты — Советтик Союзга каршы күрөш болгонунун далили деп аташат. Бул ошондой эле 1955-жылы Варшава келишими уюмунун түзүлүшүнө себептердин бири болгон. Ал НАТОну кеңейтүүгө жана ага Батыш Германиянын кошулушуна жооп катары түзүлгөн европалык социалисттик өлкөлөрдүн аскердик-саясий союзу эле.
Ондогон жылдар өткөндөн кийин, СССР тарагандан соң да Россия Батышка НАТОго кошулуу мүмкүнчүлүгүн кайра кароону сунуштаган. Россиянын лидери Владимир Путин айтып бергендей, ал ошол кездеги АКШ президенти Билл Клинтон менен сүйлөшүүдө Россиянын НАТОго кирүү идеясын сунуштаган. Клинтон алгач кызыгуу көрсөткөн, бирок айланасындагылары менен кеңешкенден кийин бул мүмкүн эмес экенин билдирген.
Ошентип, Москванын бирдиктүү коопсуздукка болгон умтулуусу четке кагылып, россиялык аналитиктердин пикиринде, Түндүк Атлантика альянсы өзүнүн негизги багытын — Россияга каршы аракеттенүүнү өзгөрткөн жок.