https://sputnik.kg/20260428/1101019043.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда окуучуларды олимпиадаларга даярдаган мугалимдер үчүн кошумча сый акы жана төлөмдөр каралды. Бул тууралуу Кабар өткөргөн маалымат жыйынында Агартуу... 28.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-28T08:59+0600
2026-04-28T08:59+0600
2026-04-28T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1c/1101018877_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2f30b013e7bcf06fb208218dc84c95d6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда окуучуларды олимпиадаларга даярдаган мугалимдер үчүн кошумча сый акы жана төлөмдөр каралды. Бул тууралуу Кабар өткөргөн маалымат жыйынында Агартуу министрлиги өкүлү Акыйкат Баймуратова билдирди.Ага ылайык, эл аралык олимпиадаларда окуучусу жеңишке жеткен мугалимдерге бир жолку сыйлык төлөнөт: 1-орун үчүн 500 миң сом, 2- жана 3-орундар үчүн 300 миң сомдон.Ал эми республикалык олимпиадаларда мугалимдерге 1-орун үчүн 10 миң сом, 2-орун үчүн 7 миң сом, 3-орун үчүн 5 миң сом каралган. Бул төлөмдөр мугалимдин бир жылдык эмгек акысына ай сайын кошулуп берилет.Министрлик бул чаралар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуучуларды эл аралык деңгээлдеги мелдештерге даярдоону стимулдаштырууга багытталганын белгиледи.
Талас шаарында жаңы борбордук сейил бактын курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясы билдирди.Маалыматка ылайык, сейил бактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзүп, анда 8 аттракцион, заманбап оргумалар, жашыл эс алуу зоналары жана унаа токтотуучу жай каралган. Учурда негизги курулуш иштери бүткөрүлүп, аймакты көрктөндүрүү жана тышкы жарыктандыруу орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.Долбоор толук аяктагандан кийин жаңы сейил бак шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу эс алуу жайына айланары күтүлүүдө.
Таласта Айтматовго арналган заманбап комплекстин курулушу кызуу жүрүүдө Талас облусунун Шекер айылы аймагында “Чыңгыз Ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Эрмат Жумаев маалымдады.Анын айтымында, жаңы комплекс улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү менен чыгармачылык мурасын даңазалоого багытталган. Учурда курулуш аянтчасында бетон куюу жана инфраструктуралык иштер активдүү уланууда, иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.Долбоордун алкагында заманбап кинотеатр, китепкана жана мейманкана куруу каралган. Комплекс улуттук руханий мурасты сактоого жана Айтматовдун чыгармачылыгын келечек муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү маданий борбор болот.Белгиленгендей, бул объект өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачылып, ага Садыр Жапаров катышары күтүлүүдө.
Кыргызстандыктар май айынын башында он күн катары менен эс алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, май айында жумуш эмес майрам күндөрү белгиленген. Анда 1-4, 6-8-май — май каникулдары деп эсептелсе, 5-май —Конституция күнү, ал эми 9-май — Жеңиш күнү болгондуктан, бул даталар да иш күн эмес. 10-май дем алыш күнгө туура келгендиктен, бул күнү да кыргызстандыктар эс алат.
Өлкөдө кымыз өндүрүүгө бирдиктүү стандарт киргизүү пландалууда Айыл чарба министрлиги кымыз даярдоого бирдиктүү стандар киргизүү пландалып жатканын билдирди. Маалыматта учурда кымыздын сапаты боюнча бирдиктүү стандарт жок экенин, аны жасоодо ар кандай технология колдонулары айтылат. Бул "Кыргыз кымыз" аталышындагы туруктуу улуттук брендди ички жана тышкы рынокко чыгарууну кыйындатууда. "Маселени чечүү үчүн кымыз өндүрүшүн стандартташтыруу, брендди ар кандай көргөзмөлөрдө илгерилетүү, ошондой эле логистика жана таңгактоо системасын өнүктүрүү пландалып жатат", — деп айтылат кабарда. Министрлик бул чаралар кымыздын сапатын бир калыпка келтирүүгө жана анын экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Кыргызстанда окуучуларды олимпиадаларга даярдаган мугалимдер үчүн кошумча сый акы жана төлөмдөр каралды. Бул тууралуу Кабар өткөргөн маалымат жыйынында Агартуу министрлиги өкүлү Акыйкат Баймуратова билдирди.Ага ылайык, эл аралык олимпиадаларда окуучусу жеңишке жеткен мугалимдерге бир жолку сыйлык төлөнөт: 1-орун үчүн 500 миң сом, 2- жана 3-орундар үчүн 300 миң сомдон.Ал эми республикалык олимпиадаларда мугалимдерге 1-орун үчүн 10 миң сом, 2-орун үчүн 7 миң сом, 3-орун үчүн 5 миң сом каралган. Бул төлөмдөр мугалимдин бир жылдык эмгек акысына ай сайын кошулуп берилет.Министрлик бул чаралар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуучуларды эл аралык деңгээлдеги мелдештерге даярдоону стимулдаштырууга багытталганын белгиледи.Талас шаарында жаңы борбордук сейил бактын курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясы билдирди.Маалыматка ылайык, сейил бактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзүп, анда 8 аттракцион, заманбап оргумалар, жашыл эс алуу зоналары жана унаа токтотуучу жай каралган. Учурда негизги курулуш иштери бүткөрүлүп, аймакты көрктөндүрүү жана тышкы жарыктандыруу орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.Долбоор толук аяктагандан кийин жаңы сейил бак шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу эс алуу жайына айланары күтүлүүдө.Таласта Айтматовго арналган заманбап комплекстин курулушу кызуу жүрүүдө Талас облусунун Шекер айылы аймагында “Чыңгыз Ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Эрмат Жумаев маалымдады.Анын айтымында, жаңы комплекс улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү менен чыгармачылык мурасын даңазалоого багытталган. Учурда курулуш аянтчасында бетон куюу жана инфраструктуралык иштер активдүү уланууда, иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.Долбоордун алкагында заманбап кинотеатр, китепкана жана мейманкана куруу каралган. Комплекс улуттук руханий мурасты сактоого жана Айтматовдун чыгармачылыгын келечек муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү маданий борбор болот.Белгиленгендей, бул объект өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачылып, ага Садыр Жапаров катышары күтүлүүдө.Кыргызстандыктар май айынын башында он күн катары менен эс алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, май айында жумуш эмес майрам күндөрү белгиленген. Анда 1-4, 6-8-май — май каникулдары деп эсептелсе, 5-май —Конституция күнү, ал эми 9-май — Жеңиш күнү болгондуктан, бул даталар да иш күн эмес. 10-май дем алыш күнгө туура келгендиктен, бул күнү да кыргызстандыктар эс алат.Өлкөдө кымыз өндүрүүгө бирдиктүү стандарт киргизүү пландалууда Айыл чарба министрлиги кымыз даярдоого бирдиктүү стандар киргизүү пландалып жатканын билдирди. Маалыматта учурда кымыздын сапаты боюнча бирдиктүү стандарт жок экенин, аны жасоодо ар кандай технология колдонулары айтылат. Бул "Кыргыз кымыз" аталышындагы туруктуу улуттук брендди ички жана тышкы рынокко чыгарууну кыйындатууда. "Маселени чечүү үчүн кымыз өндүрүшүн стандартташтыруу, брендди ар кандай көргөзмөлөрдө илгерилетүү, ошондой эле логистика жана таңгактоо системасын өнүктүрүү пландалып жатат", — деп айтылат кабарда. Министрлик бул чаралар кымыздын сапатын бир калыпка келтирүүгө жана анын экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/1c/1101018877_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2e1b1c2f6bf1192a33929b26e428e0eb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио