https://sputnik.kg/20260422/1100935402.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке барып, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкканын маалымат кызматы... 22.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-22T15:00+0600
2026-04-22T15:00+0600
2026-04-22T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/16/1100935236_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ae05f01beaae0c73faf5c57f306797d6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке барып, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкканын маалымат кызматы билдирди.EXPO эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алган. Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин Грузия, Түркмөнстан, Монголия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Азербайжандын премьер-министри менен көргөзмөнү кыдырган.Анда ар бир өлкө өзүнүн улуттук павильонун сунуштаганы айтылды. Кыргызстандын павильонунда күн панелдерин, жер семирткичтерди, электромобилдер үчүн кубаттоочу түзмөктөрдү жана башка көптөгөн продукцияларды чыгарган ата мекендик компаниялардын товарлары коюлган.Саммиттин алкагында пленардык жыйындар, тематикалык эксперттик панелдер, ошондой эле жашыл технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт.Эскерте кетсек, Жапаров иш сапары менен Казакстанга кечээ барган.
Жогорку Кенештин депутаттары "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзам долбоорун жана "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун III окууда кабыл алышты. Мыйзам долбоорлорун депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Талайбек Масабировдер демилгелеген. Алар белгилегендей, мыйзам долбоорлору Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анда БШКнын сандык курамын кыскартуу сунушталууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого чакырды. Документ биринчи окууда кароого киргизилип, анда 114, 115 жана 116-беренелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Депутаттын айтымында, таштанды таштагандар үчүн учурдагы 5 миң сомдук айып пул айрым учурларда жетиштүү деңгээлде натыйжа бербей жатат. "Мен коомдук жумуштарды киргизүүнү сунуштайм. Эгерде адам таштанды таштаса, ага айып пул эле салбастан, башкаларга сабак болушу үчүн коомдук жумуштарга да тартуу керек", - деп белгиледи ал. Бекешев сот тутумуна кошумча күч келтирбөө үчүн бул норманы экинчи окууга чейин деталдуу иштеп чыгуу сунушталып жатканын кошумчалады.
Ош облусунда Афган согушунун 915 ардагери жашайт. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев билдирди. Анын берген маалыматына ылайык, 725 ардагер 8 миң сомдон, ал эми 16 майып-ардагер 10 миң сомдон кенемте алышат. "Жыл сайын 15-февралда облустун бардык райондорунда ардагерлердин катышуусунда эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп турат. Ошондой эле тарбиялык иштердин алкагында окуучулар үчүн жолугушуулар жана иш-чаралар уюштурулат", - деп билдирди ал.
Кыргызстан цитрус жемиштеринин экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.Январь-февраль айларында өлкө 14,8 тонна цитрус саткан, ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 8 тонна гана сыртка чыгарылган эле. Экспорттолгон бардык көлөмдү Казакстан жана Россия сатып алган.Статкомдун маалыматына ылайык, өткөн жылы Кыргызстанда цитрус жемиштеринин түшүмү дээрлик 12 тоннаны түзгөн.
Президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке барып, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкканын маалымат кызматы билдирди.EXPO эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алган. Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин Грузия, Түркмөнстан, Монголия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Азербайжандын премьер-министри менен көргөзмөнү кыдырган.Анда ар бир өлкө өзүнүн улуттук павильонун сунуштаганы айтылды. Кыргызстандын павильонунда күн панелдерин, жер семирткичтерди, электромобилдер үчүн кубаттоочу түзмөктөрдү жана башка көптөгөн продукцияларды чыгарган ата мекендик компаниялардын товарлары коюлган.Саммиттин алкагында пленардык жыйындар, тематикалык эксперттик панелдер, ошондой эле жашыл технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт.Эскерте кетсек, Жапаров иш сапары менен Казакстанга кечээ барган.Жогорку Кенештин депутаттары "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзам долбоорун жана "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун III окууда кабыл алышты. Мыйзам долбоорлорун депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Талайбек Масабировдер демилгелеген. Алар белгилегендей, мыйзам долбоорлору Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анда БШКнын сандык курамын кыскартуу сунушталууда.Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого чакырды. Документ биринчи окууда кароого киргизилип, анда 114, 115 жана 116-беренелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Депутаттын айтымында, таштанды таштагандар үчүн учурдагы 5 миң сомдук айып пул айрым учурларда жетиштүү деңгээлде натыйжа бербей жатат. "Мен коомдук жумуштарды киргизүүнү сунуштайм. Эгерде адам таштанды таштаса, ага айып пул эле салбастан, башкаларга сабак болушу үчүн коомдук жумуштарга да тартуу керек", - деп белгиледи ал. Бекешев сот тутумуна кошумча күч келтирбөө үчүн бул норманы экинчи окууга чейин деталдуу иштеп чыгуу сунушталып жатканын кошумчалады.Ош облусунда Афган согушунун 915 ардагери жашайт. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев билдирди. Анын берген маалыматына ылайык, 725 ардагер 8 миң сомдон, ал эми 16 майып-ардагер 10 миң сомдон кенемте алышат. "Жыл сайын 15-февралда облустун бардык райондорунда ардагерлердин катышуусунда эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп турат. Ошондой эле тарбиялык иштердин алкагында окуучулар үчүн жолугушуулар жана иш-чаралар уюштурулат", - деп билдирди ал. Кыргызстан цитрус жемиштеринин экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.Январь-февраль айларында өлкө 14,8 тонна цитрус саткан, ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 8 тонна гана сыртка чыгарылган эле. Экспорттолгон бардык көлөмдү Казакстан жана Россия сатып алган.Статкомдун маалыматына ылайык, өткөн жылы Кыргызстанда цитрус жемиштеринин түшүмү дээрлик 12 тоннаны түзгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/16/1100935236_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d30b10a01ae597ffbe02ac7222bdecb9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио