https://sputnik.kg/20260421/1100905898.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Доминикан соода-экономикалык алаканы чыңдайт"Опузалоого жол бербейбиз". Мадьяр Зеленскийге кескин талап койдуКыргыз-беларусь парламенттер... 21.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-21T11:00+0600
2026-04-21T11:00+0600
2026-04-21T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/15/1100905732_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d3223fa8a5a2bc19ac9d8525020ddc29.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Доминикан соода-экономикалык алаканы чыңдайт"Опузалоого жол бербейбиз". Мадьяр Зеленскийге кескин талап койдуКыргыз-беларусь парламенттер аралык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгуудаКүн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Москва шаарында Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко менен жолукту. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелердин учурдагы абалына токтолушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү. "Президенттердин эрки менен мамлекеттер аралык байланыш жаңы деңгээлге чыкты. Эми жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролун күчөтүшүбүз керек", – деди Марлен Маматалиев. Мындан тышкары, ал 2023-жылдагы макулдашууну негиз тутуп, тармактык комитеттер менен достук топторунун ишин жандандырууну сунуштады.
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Доминикандын Кыргызстандагы элчиси Алехандро Ариастын ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде туруктуу өнүктүрүү, айыл чарба, билим берүү, спорт жана туризм тармагындагы мамилелерди чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин айтышты. Ошондой эле Кыргызстан менен Доминикандын ортосундагы эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну белгилешти. Жолугушуунун соңунда бул маселелерди ишке ашырууну алдыга жылдыруу үчүн өз ара расмий сапарларды жана саясий консультацияларды уюштуруу боюнча биргелешип иштөөнү улантууга макулдашышты. Белгиленгендей, Доминикандын Кыргызстандагы элчилигинин резиденциясы Москва шаарында жайгашкан.
Мамлекеттик салык кызматы салыктык контролдоону жүргүзүү учурунда видеобайкоону колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын нормаларын түшүндүрүп берди. Ведомствонун маалыматына караганда, видеобайкоону колдонууга байланышкан салык мыйзамынын нормасы 2025-жылдын 29-октябрынан тартып күчүнө кирген. Салык кодексине ылайык, салык органдары ишкердик субъекттеринин объектилеринде видеобайкоо системаларын товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын эсепке алуу мезгилинде гана, ошондой эле салык посту коюлган учурда орнотууга укуктуу. Бул чара мамлекеттин да, бизнестин да кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Азыркы учурда министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылып, анда аталган норманы колдонуу тартибин бекитүү сунушталууда.
Венгриянын болочок премьер-министри Петер Мадьяр Владимир Зеленскийден "Дружба" газ түтүгү аркылуу Россиянын мунайын кайра өткөрө баштоону талап кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Мен Украинанын президентине кайрылууга даярмын. Эгерде "Дружба" мунай кууру пайдаланууга жарактуу болсо, берилген убада боюнча аны кайра ачууну өтүнөм. Биз опузалап, басым кылууга эч кандай жол бербейбиз", — деп айткан ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда. Буга чейин Венгриянын азыркы өкмөт башчысы Виктор Орбан Брюссель ага Украина дүйшөмбүдөн тарта мунай берүүнү калыбына келтирүүгө даярдыгын билдиргенин айткан. Ошол эле учурда алар Будапешттен ЕБдин Киевге берилчү 90 миллиард евро насыясын бөлүү иштерине тоскоол болбоону талап кылышкан. Мадьяр экинчи тарап адегенде россиялык мунайды жөнөтүшү керектигин, андан соң Венгрия ветону алып сала турганын билдирген.
Кыргызстан менен Доминикан соода-экономикалык алаканы чыңдайт"Опузалоого жол бербейбиз". Мадьяр Зеленскийге кескин талап койдуКыргыз-беларусь парламенттер аралык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгуудаКүн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Москва шаарында Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко менен жолукту. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелердин учурдагы абалына токтолушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү. "Президенттердин эрки менен мамлекеттер аралык байланыш жаңы деңгээлге чыкты. Эми жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролун күчөтүшүбүз керек", – деди Марлен Маматалиев. Мындан тышкары, ал 2023-жылдагы макулдашууну негиз тутуп, тармактык комитеттер менен достук топторунун ишин жандандырууну сунуштады.Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Доминикандын Кыргызстандагы элчиси Алехандро Ариастын ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде туруктуу өнүктүрүү, айыл чарба, билим берүү, спорт жана туризм тармагындагы мамилелерди чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин айтышты. Ошондой эле Кыргызстан менен Доминикандын ортосундагы эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну белгилешти. Жолугушуунун соңунда бул маселелерди ишке ашырууну алдыга жылдыруу үчүн өз ара расмий сапарларды жана саясий консультацияларды уюштуруу боюнча биргелешип иштөөнү улантууга макулдашышты. Белгиленгендей, Доминикандын Кыргызстандагы элчилигинин резиденциясы Москва шаарында жайгашкан.Мамлекеттик салык кызматы салыктык контролдоону жүргүзүү учурунда видеобайкоону колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын нормаларын түшүндүрүп берди. Ведомствонун маалыматына караганда, видеобайкоону колдонууга байланышкан салык мыйзамынын нормасы 2025-жылдын 29-октябрынан тартып күчүнө кирген. Салык кодексине ылайык, салык органдары ишкердик субъекттеринин объектилеринде видеобайкоо системаларын товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын эсепке алуу мезгилинде гана, ошондой эле салык посту коюлган учурда орнотууга укуктуу. Бул чара мамлекеттин да, бизнестин да кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Азыркы учурда министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылып, анда аталган норманы колдонуу тартибин бекитүү сунушталууда. Венгриянын болочок премьер-министри Петер Мадьяр Владимир Зеленскийден "Дружба" газ түтүгү аркылуу Россиянын мунайын кайра өткөрө баштоону талап кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Мен Украинанын президентине кайрылууга даярмын. Эгерде "Дружба" мунай кууру пайдаланууга жарактуу болсо, берилген убада боюнча аны кайра ачууну өтүнөм. Биз опузалап, басым кылууга эч кандай жол бербейбиз", — деп айткан ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда. Буга чейин Венгриянын азыркы өкмөт башчысы Виктор Орбан Брюссель ага Украина дүйшөмбүдөн тарта мунай берүүнү калыбына келтирүүгө даярдыгын билдиргенин айткан. Ошол эле учурда алар Будапешттен ЕБдин Киевге берилчү 90 миллиард евро насыясын бөлүү иштерине тоскоол болбоону талап кылышкан. Мадьяр экинчи тарап адегенде россиялык мунайды жөнөтүшү керектигин, андан соң Венгрия ветону алып сала турганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/15/1100905732_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cd8a7c323c8a240239a36ed352949994.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио