https://sputnik.kg/20260106/aksh-nikolas-maduro-sogush-venesela-1099016856.html
Нью-Йорктогу сотто Мадуро жана анын жубайы тагылган айыптарды четке какты
Нью-Йорктогу сотто Мадуро жана анын жубайы тагылган айыптарды четке какты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Нью-Йорктогу сотто Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес аларга тагылган айыптарды четке какты. Бул... 06.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-06T00:17+0600
2026-01-06T00:17+0600
2026-01-06T00:17+0600
дүйнөдө
акш
николас мадуро
согуш
венесуэла
https://sputnik.kg/img/07ea/01/06/1099016475_0:26:3191:1821_1920x0_80_0_0_5294c335529de97237a79ab0fac1d29e.jpg
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Нью-Йорктогу сотто Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес аларга тагылган айыптарды четке какты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Мадурого баңгизаттын аткезчилиги, куралдарды сактоо жана аны АКШга каршы колдонууга умтулуу боюнча айыптар коюлду. Ал эми жубайы Силия Флореске баңгизаттын аткезчилиги боюнча айып тагылууда. Экөө тең буларды моюндаган жок.Отурумда Мадурону жактоочулар Барри Поллак жана Марк Доннелли коргоодо. Сот жыйынтыкталып, кийинкиси 17-мартка белгиленди.Ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөргөнүн белгилешкен.АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдап, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү өтүндү, ал 5-январда болот.Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө чакырган.
https://sputnik.kg/20260105/aksh-antoniu-guterresh-sogush-venesela-1099015643.html
акш
венесуэла
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/06/1099016475_366:0:2826:1845_1920x0_80_0_0_d15a6a1e000cfa356aecfef11b4371a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, николас мадуро, согуш, венесуэла
дүйнөдө, акш, николас мадуро, согуш, венесуэла
Нью-Йорктогу сотто Мадуро жана анын жубайы тагылган айыптарды четке какты
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Нью-Йорктогу сотто Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес аларга тагылган айыптарды четке какты. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. Мадурого баңгизаттын аткезчилиги, куралдарды сактоо жана аны АКШга каршы колдонууга умтулуу боюнча айыптар коюлду. Ал эми жубайы Силия Флореске баңгизаттын аткезчилиги боюнча айып тагылууда. Экөө тең буларды моюндаган жок.
“Мен жакшы адаммын жана өз өлкөмдүн президенти бойдонмун” — деген Мадуро.
Отурумда Мадурону жактоочулар Барри Поллак жана Марк Доннелли коргоодо. Сот жыйынтыкталып, кийинкиси 17-мартка белгиленди.
Ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөргөнүн белгилешкен.
АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдап, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү өтүндү, ал 5-январда болот.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө чакырган.