00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандын футбол командасынын жаңы машыктыруучусу тууралуу эмне белгилүү

© AP Photo / Mindaugas KulbisКыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки. Архив
Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 9-декабрда Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп хорват футболунун легендаларынын бири Роберт Просинечки дайындалды. Анын тажрыйбасында бир катар европалык курама командалар жана клубдар бар. Sputnik анын эмгек жолун жана эмнеге жетишкенин тизмектеди.
Просинечки менен бир жыл бир айга келишим түзүлдү. Эгер анын жетекчилиги менен команда 2027-жылкы Азия кубогунда ийгиликтүү ойносо, келишим үч жылга узартылат. Кыргыз футбол союзу жаңы машыктыруучунун тажрыйбалуу европалык адис экенин, буга чейин Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Черногория курама командаларын, ошондой эле бир катар клубдарды алдыга сүйрөгөнүн баса белгиледи. Андан тышкары, ал континенттик биринчиликте жеңишке жеткирүүнү көздөп жатат.
Просинечки Хорватиянын курама командасынын тарыхындагы эң мыкты футболчулардын бири экени талашсыз. Ал аны менен 1998-жылы Дүйнөлүк чемпионатта коло медаль уткан. Ал ойногон клубдар — "Црвена Звезда" (Европа чемпиондор кубогун уткан), "Реал Мадрид" жана "Барселона".
Бирок анын машыктыруучулук жолундагы ийгиликтерине көз салуу да кызыктуу. Ал 2004-жылдан 2010-жылга чейин Загребдин "Динамосунда" жана Хорватиянын улуттук курама командасында машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген.
2010-жылы карьерасындагы кийинки кадамды жасап, башкы машыктыруучу болуп иштей баштаган. Просинечки эки жыл бою бир кезде өзү ойногон "Црвена звезданы" жетектеген. Анткен менен клубду серб футболунун туу чокусуна кайтара алган эмес, бирок 2012-жылы команда өлкө кубогун утуп алган. Ачык маалыматтарга ылайык, бул анын машыктыруучулук карьерасындагы жалгыз олжосу. 2027-жылдын башында "Ак шумкар" командасы менен Азия кубогун жеңип алат деп үмүттөнүп туралы.
Кийинки жумуш орду – "Кайсери спор" түрк командасы. Алар тарыхында бир нече жолу гана бешинчи орунга жеткен.
Бул жерде команда оюндарынын динамикасына көңүл буруу маанилүү:
2011/2012 сезондогу (Просинечки жок) чемпионатта — 11-орун;
2012/2013 сезондо (хорват октябрда жетектеген) — 5-орун (клубдун эң жогорку көрсөткүчү кайталанды);
2013/2014 (команда акыркы орунда калганда, 11-турдан кийин кеткен) сезондун жыйынтыгы боюнча "Кайсери спор" акыркы орундан көтөрүлө алган жок.
2014-жылы кыска тыныгуудан кийин хорватиялык адис Азербайжандын курама командасын жетектеген, бирок Евро-2016га да, ДЧ-2018ге да жолдомо алууга жардам бере алган эмес. Адилеттүүлүк үчүн айта турган болсок, Азербайжан курама командасынын бир дагы машыктыруучусу ийгиликке жеткен жок. Сан-Маринону 5:1 эсебинде утуп алышканын белгилеп койгон оң. Бул — курама команданын тарыхындагы эң чоң эки жеңишинин бири. 2017-жылдын аягында тараптар келишимди узарткан жок.
2018-жылдын башында Босния жана Герцеговина курама командасынын машыктыруучусу болуп дайындалган. Ошол эле жылдын аягында Евро-2020га түз жолдомо алуу боюнча тапшырманы аткара албагандыгы үчүн ишинен алынган. Бирок бул жерде да жетишкендиктер болгон. Мисалы, ал командага Улуттар лигасында B дивизионунан A дивизионуна көтөрүлүүгө жардам берген.
Андан соң хорватиялык машыктыруучу Түркия, Словения жана Хорватия клубдарын жетектеген. "Ак шумкар" командасына чейин соңку ирет Черногория курама командасын баштады. ЖМКлардын маалыматына караганда, ал аны 2024-жылы жетектеп, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турундагы ийгиликсиз жыйынтыктардан улам ушул жылдын сентябрь айында иштен бошотулган. Бирок ийгиликтер да болгон, мисалы, черногориялыктар Түркиянын күчтүү курама командасын 3:1 эсебинде утуп алган.
КФБ башчысы Камчыбек Ташиев жана КР курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2025
Футбол боюнча улуттук командага башкы машыктыруучу дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0