Cадырова: орто кылымдагы согд кызы менен түрк жигитинин нике келишими табылды
13:25 25.11.2025 (Жаңыртылды: 13:42 25.11.2025)

© Sputnik / Арууке Амирдинова
Жазылуу
Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Замира Садырова Улуу Жибек Жолу согд, түрк элдерине соода эле эмес, маданий, гуманитардык, саясий жактан да алака түзүшүнө чоң өбөлгө болгонун айтат.
https://vk.com/sputnikradiokg?z=video-211644606_456239995%2Fvideos-211644606%2Fpl_-211644606_-2
Улуу Жибек Жолу б.з.ч. II кылымда өз ишин баштаган. Ал соода эле эмес, саясий, маданий, диний алакалардын башатында турган. Бул жолдун актуалдуулугу азыркы доордо да артып баратат. Мындай пикирин Замира Садырова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, илимге "Улуу Жибек Жолу" деген терминди XIX кылымда немец окумуштуусу Фердинанд фон Рихтгофен киргизген.
"Улуу Жибек Жолунун тарыхтагы орду абдан чоң жана өтө маанилүү. Кезинде Македонский Батыштан Чыгышка басып кирген жол мезгилдин өтүшү менен кытай саякатчы-соодагери Чжан Цянь тарабынан б.з.ч. II кылымда кайрадан ачылган десек болот. Ал Кытайдан Батышка жибек, ок-дары, кагаз, фарфор жана башка товарларды ушул жол менен ташып саткан. Өз доорунда ушунчалык популярдуулукка айланган жол жүрүп отуруп бир гана сооданын эмес, маданий, диний, саясий алакалардын башатына айланган. Бул жол азыркы Кыргызстандын да аймагынан өткөндүктөн ошол кездеги элдердин жуурулушуусун азыр тарыхый изилдөөлөрдөн көрүп жатабыз. Мисалы, диний кечилдер христиан, буддизм, зороастризм, монихей диндерин ушул чөлкөмгө жайылтышкан. Бул жол аркылуу VI-XII кылымдарда түрк, согдулардын алакасы күчөгөн. Согдулуктар соода-сатыкка жакын, отурукташкан калк болгондуктан, алардын таасири менен 70тен ашуун шаар курулуп, дыйканчылык өрчүгөн. Ал тургай Муг тоосунан түрк жигити менен согд кызынын ортосунда түзүлгөн нике келишими табылган. Бул документ өз учурунда эки элдин мамилеси үй-бүлөлүк деңгээлге чейин жеткенинен, анын саясий ордунан кабар берип турат. Бул жерден биз аталган чөлкөмдө жашаган көчмөн түрк элдери диний ишенимге абдан толеранттуу мамиле кылганын да байкасак болот. Ошондуктан түрдүү дин өкүлдөрү ар кайсы мезгилде аталган чөлкөмгө келип, эч каршылыксыз, согушсуз, кан төгүүсүз өз диндерин жайылта алышкан", — деди Садырова.
Илимпоз түрк, согд элдеринин жазмасындагы айкалыштар боюнча буларга токтолду.
"Түрк рун жазуулары, орхон-енисей жазуулары согдулуктардын таасири аркылуу сирия жазуулары менен айкалышканын көрө алабыз. Муг тоосундагы жазуулар, ошол эле табылган нике келишимдер, булардын бардыгы ошол сирия графикасынын негизиндеги согд жазууларында болгонун белгилүү окумуштуу Светлана Лурье таап чыккан. Ал мындан 5-6 жыл мурда Илимдер академиясына келип лекция окуп, ошол табылгаларынын сүрөттөрүн да таштап кеткен. Ошентип согдулуктардын жазуулары менен түрк жазуулары айкалышып, түрктөрдүн жаңы жазуулары пайда болгон деген да пикир бар", — дейт Садырова.
Окумуштуу Фергана жана Теңир-Тоо аймагындагы Каркыра аркылуу, Ак-Суудан Турпанга, Эркеч-Тамдан Кашкарга кеткен бутагы Улуу Жибек Жолунун маанилүү бөлүгү болгонун, муну соода кербендери токтогон Таш-Рабат, Өзгөндөгү мавзолейлер жана Ала-Букадагы Шах-Фазиль кербен сарайы тастыктап турарын кошумчалады.
