https://sputnik.kg/20251107/zhaparov-tramp-menen-zholuktu-1097687969.html
Садыр Жапаров Вашингтондо Дональд Трамп менен жолукту. Талкууланган маселелер
Садыр Жапаров Вашингтондо Дональд Трамп менен жолукту. Талкууланган маселелер
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Вашингтондо "Борбор Азия — АКШ" саммитинин алкагында АКШ лидери Дональд Трамп менен жолукканын өлкө башчынын... 07.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-07T09:19+0600
2025-11-07T09:19+0600
2025-11-07T09:45+0600
кыргызстан
акш
садыр жапаров
дональд трамп
борбор азия
кызматташуу
жолугушуу
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/07/1097688601_0:171:2826:1762_1920x0_80_0_0_68647a0cdf1f97f3c2a10b4d141501a9.jpg
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Вашингтондо "Борбор Азия — АКШ" саммитинин алкагында АКШ лидери Дональд Трамп менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Эки лидер Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жолдорун талкуулашкан. Мында кеп саясий багытта, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташуу тууралуу болуп жатат. Жапаров Кыргызстанда нефть жана газдын запасы жок экенин белгилеп, өлкөнүн башкы байлыгы билимдүү жаштар менен өнүгүп келе жаткан IT тармагы экенине токтолгон. Финансылык технологиялар жаатындагы кызматташууга көңүл буруп, Трамптын стейблкоинди жөнгө сала турган Genius Act мыйзамын белгилеген. Өлкө башчысы улуттук KGST стейблкоининин чыгарылышы жана мамлекеттик крипторезерв түзүү демилгеси тууралуу да айтып бергени айтылды. Трамп кыргызстандык кесиптешин жылуу кабыл алып, эки тараптуу мамиле ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеген. АКШ президенти жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болоруна ишеним артты.
https://sputnik.kg/20251106/kreml-s5-1-sammitin-kanday-kabyl-aluuda-1097679246.html
акш
борбор азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/07/1097688601_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_012b1a116bba5888b5b6a1d0b625ad95.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акш, садыр жапаров, дональд трамп, борбор азия, кызматташуу, жолугушуу, сүрөт
кыргызстан, акш, садыр жапаров, дональд трамп, борбор азия, кызматташуу, жолугушуу, сүрөт
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Вашингтондо "Борбор Азия — АКШ" саммитинин алкагында АКШ лидери Дональд Трамп менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эки лидер Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жолдорун талкуулашкан. Мында кеп саясий багытта, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташуу тууралуу болуп жатат.
Кыргызстандын президенти Вашингтондо "Борбор Азия — АКШ" саммитинин алкагында АКШ лидери Дональд Трамп менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
Эки лидер Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жолдорун талкуулашкан
Мында кеп саясий багытта, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташуу тууралуу болуп жатат
Кыргызстандын президенти Вашингтондо "Борбор Азия — АКШ" саммитинин алкагында АКШ лидери Дональд Трамп менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
Эки лидер Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жолдорун талкуулашкан
Мында кеп саясий багытта, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташуу тууралуу болуп жатат
Жапаров Кыргызстанда нефть жана газдын запасы жок экенин белгилеп, өлкөнүн башкы байлыгы билимдүү жаштар менен өнүгүп келе жаткан IT тармагы экенине токтолгон. Финансылык технологиялар жаатындагы кызматташууга көңүл буруп, Трамптын стейблкоинди жөнгө сала турган Genius Act мыйзамын белгилеген.
Өлкө башчысы улуттук KGST стейблкоининин чыгарылышы жана мамлекеттик крипторезерв түзүү демилгеси тууралуу да айтып бергени айтылды.
Трамп кыргызстандык кесиптешин жылуу кабыл алып, эки тараптуу мамиле ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеген. АКШ президенти жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болоруна ишеним артты.