https://sputnik.kg/20251029/1097483369.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда электрондук коммерция тездик менен өсүп, өлкөнүн чекене товар жүгүртүүсүнүн 14 пайыздан ашыгын ээлеп калды. Бул тууралуу Электрондук коммерция... 29.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-29T13:00+0600
2025-10-29T13:00+0600
2025-10-29T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1d/1097483202_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3949ab15088b9c583413f88c0bc0ebde.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда электрондук коммерция тездик менен өсүп, өлкөнүн чекене товар жүгүртүүсүнүн 14 пайыздан ашыгын ээлеп калды. Бул тууралуу Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Күрөңкеев өлкөдөгү радиолордун биринин эфиринде билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстандагы көлөм болжол менен 428 миллион долларды түзгөн. Быйыл минималдуу 15 пайызга өсүү пландалууда, бул болжол менен 525 миллион долларды түзөт. Бул импортту жана экспортту кошпогондогу ички рыноктун көлөмү. Ал электрондук коммерция товарларды сатууну гана эмес, кызмат көрсөтүүнү да камтый турганын баса белгиледи. Бул өзгөчө Кыргызстан үчүн маанилүү, анткени экономиканын олуттуу бөлүгүн чакан жана орто бизнес, ошондой эле соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү түзөт. Күрөңкеевдин айтымында, кыргызстандык ишкерлердин эл аралык аянтчаларга чыгышы экспорт үчүн кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Евразия" бейөкмөт уюмунун кеңешинин жетекчиси, Мамлекеттик Думанын депутаты Алена Аршинова уюмдун демилгелерин колдоп жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкекте өтүп жаткан мектеп директорлорунун III форуму тажрыйба алмашуу, инновациялык тажрыйбаны жайылтуу жана Кыргызстан менен Россиянын билим берүү жамааттарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн уникалдуу аянтчага айланууда. "Форумдун максаты — боордош мектептердин кызматташуусу үчүн платформа түзүү. "Евразия" уюмунун демлгелерин колдоп жатканыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Мугалимдер, директорлор жана билим алуучулар коопсуз, бирдиктүү евразиялык маданиятты камтыган билим берүү чөйрөсүн түзүүгө даяр экенине ишенебиз", — деди Аршинова.
Баткенде 670 гектарды ээлеген ири күн электр станциясы курулат . Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 250 мегаватт болгон станция Ак-Турпак айылында болот. Энергетика министрлиги кытайлык эки компания менен инвестициялык келишим түздү. Курулуш быйыл башталып, 2027-жылы аяктайт.
Израиль армиясы Газа шаарына сокку уруп, ракетанын бири аш-Шифа ооруканасынын башкы имаратынын жанына кулаган. Бул тууралуу Al Jazeera кабарлады. Маалыматта аталган имарат жаңы эле оңдолуп ишке берилгени айтылат. Соңку билдирүүлөр боюнча, чабуулдан кеминде 30 киши каза таап, ондогон адам жаракат алган. Газага сокку уруу буйругун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бергени кабарланды. Ага чейин кеңсеси палестиналык ХАМАС кыймылын элдешүү тууралуу макулдашуунун шартын бузду деп айыптаган. Буга аталган кыймыл Тель-Авивге барымтада көз жумган израилдиктердин сөөгүнүн ордуна эки жыл мурун өткөрүп беришкен сөөктүн калдыгын берип койгону себеп болгон. Газа шаарынан тышкары, түштүк аймактагы Рафахта жайгашкан ХАМАС кыймылына артиллериялык сокку урулганы айтылды. Израиль бул палестиналык кыймылдын чыгарган огуна жооп болгонун билдирген.
Кыргызстанда электрондук коммерция тездик менен өсүп, өлкөнүн чекене товар жүгүртүүсүнүн 14 пайыздан ашыгын ээлеп калды. Бул тууралуу Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Күрөңкеев өлкөдөгү радиолордун биринин эфиринде билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстандагы көлөм болжол менен 428 миллион долларды түзгөн. Быйыл минималдуу 15 пайызга өсүү пландалууда, бул болжол менен 525 миллион долларды түзөт. Бул импортту жана экспортту кошпогондогу ички рыноктун көлөмү. Ал электрондук коммерция товарларды сатууну гана эмес, кызмат көрсөтүүнү да камтый турганын баса белгиледи. Бул өзгөчө Кыргызстан үчүн маанилүү, анткени экономиканын олуттуу бөлүгүн чакан жана орто бизнес, ошондой эле соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү түзөт. Күрөңкеевдин айтымында, кыргызстандык ишкерлердин эл аралык аянтчаларга чыгышы экспорт үчүн кенен мүмкүнчүлүктөрдү ачат."Евразия" бейөкмөт уюмунун кеңешинин жетекчиси, Мамлекеттик Думанын депутаты Алена Аршинова уюмдун демилгелерин колдоп жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкекте өтүп жаткан мектеп директорлорунун III форуму тажрыйба алмашуу, инновациялык тажрыйбаны жайылтуу жана Кыргызстан менен Россиянын билим берүү жамааттарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн уникалдуу аянтчага айланууда. "Форумдун максаты — боордош мектептердин кызматташуусу үчүн платформа түзүү. "Евразия" уюмунун демлгелерин колдоп жатканыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Мугалимдер, директорлор жана билим алуучулар коопсуз, бирдиктүү евразиялык маданиятты камтыган билим берүү чөйрөсүн түзүүгө даяр экенине ишенебиз", — деди Аршинова. Баткенде 670 гектарды ээлеген ири күн электр станциясы курулат . Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 250 мегаватт болгон станция Ак-Турпак айылында болот. Энергетика министрлиги кытайлык эки компания менен инвестициялык келишим түздү. Курулуш быйыл башталып, 2027-жылы аяктайт. Израиль армиясы Газа шаарына сокку уруп, ракетанын бири аш-Шифа ооруканасынын башкы имаратынын жанына кулаган. Бул тууралуу Al Jazeera кабарлады. Маалыматта аталган имарат жаңы эле оңдолуп ишке берилгени айтылат. Соңку билдирүүлөр боюнча, чабуулдан кеминде 30 киши каза таап, ондогон адам жаракат алган. Газага сокку уруу буйругун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бергени кабарланды. Ага чейин кеңсеси палестиналык ХАМАС кыймылын элдешүү тууралуу макулдашуунун шартын бузду деп айыптаган. Буга аталган кыймыл Тель-Авивге барымтада көз жумган израилдиктердин сөөгүнүн ордуна эки жыл мурун өткөрүп беришкен сөөктүн калдыгын берип койгону себеп болгон. Газа шаарынан тышкары, түштүк аймактагы Рафахта жайгашкан ХАМАС кыймылына артиллериялык сокку урулганы айтылды. Израиль бул палестиналык кыймылдын чыгарган огуна жооп болгонун билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1d/1097483202_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8bb5cf2a7b26063484894c7f06b3c6cc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио