00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:59
1 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
21:54
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
История выборов - политолог о пути от античной демократии до всеобщего избирательного права
14:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Изъятые у контрабандистов звери и нехватка ветеринаров - будни Каракольского зоопарка
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстанда өнөр жайды кантип өнүктүрүүгө болот: логистиканын ролу жана текстиль тармагындагы кризис
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Евразия как коммунальная квартира - историк МГУ о том, как формировался единый евразийский мир
18:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Канткенде Кыргызстанда илим өнүгөт, анын көйгөйү эмнеде?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Уланбек Сатиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.Тийиштүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.2023-жылдын март айынан бери телеканалды Болотбек Тиллебаев жетектеп келген.
Электрондук навигациялык пломбалар чек арадан өтүүнү тездетип, жолдогу текшерүүлөрдүн санын азайтат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын бажылык кызматташуу министри Руслан Давыдов билдирди. ЕЭКтин коллегиясы кабыл алган чечимге ылайык, уюм ичиндеги жүк ташууларда 2026-жылдын февралынан тарта навигациялык пломбалар колдонула баштайт. Давыдовдун айтымында, навигациялык пломбалар товардын санын жана рынокту көзөмөлдөөгө жардам берет. "Чек арада бир күн туруп калган жүк ИДПнын өсүү темпин бир пайызга чейин жайлатат. Ал эми электрондук навигациялык пломбалар чек арадан өтүүнү тездетип, жолдогу текшерүүлөрдүн санын азайтат. Ошол эле учурда ак ниет ишкерлердин санын көбөйтөт", — деди ал.Эске салсак, навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча келишимге 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган. Документ 2023-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирген. Аны ташылган товардын категориясына жана транспорттун түрүнө жараша акырындык менен киргизүү каралган.
Саламаттык сактоо министрлиги россиялык "гриппол+" вакцинасынан 63,7 миң доза сатып алып, аймактарга бөлүштүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.Биринчилерден болуп медкызматкерлер, өнөкөт оорусу барлар, көп ооруган балдар, 65 жаштан жогору курактагылар жана кош бойлуулар эмделет.Бишкекте каалоочулар вакцинаны жеке медициналык борборлордо акы төлөп сайдыра алышат. Эмдөөнүн баасы 400 сомдон 1000 сомго чейин болот.Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда сентябрь айынын аягында сасык тумоо менен ооругандар көбөйгөнүн, анткен менен өлкөдө учурда эпидемиологиялык абал туруктуу экенин кошумчалады.
АКШ Киевге 140 миллиард евро өлчөмүндө насыя берүү үчүн Россиянын тоңдурулган активдерин пайдалануу боюнча Европанын планына азырынча кошулбай турганын кабарлады. Бул тууралуу Bloomberg ишенимдүү маалымат булактарына таянып жазды."Америкалык аткаминерлер Вшингтондо өткөн Эл аралык валюта фондунун жыйынынын алкагында АКШ азырынча аталган демилгеге кошулбай турганын европалык кесиптештерине айтты", — деп жазылат маалыматта.АКШлык аткаминерлер бул план рыноктун туруктуулугуна коркунуч жараткандыктан аны ишке ашырууга көмөктөшүүдөн баш тартышарын белгилешкен.Эске салсак, буга чейин Германиянын канцлери Фридрих Мерц 23-октябрда өтө турган Европа кеңешинин жыйынында Евробиримдик Киевге 140 миллиард евро өлчөмүндө насыя берүү үчүн россиялык активдерди колдонууну талап кыларын билдирген.Атайын аскердик операция башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Россиянын Борбордук банкына санкция киргизип, өздөрүндө сакталган резервди тоңдуруп салышкан. Каражаттын так көлөмү белгисиз. 2022-жылдын башына карата Россиянын Борбордук банкы 630,6 миллиард доллардын жарымы резервдик валютада сакталып келгенин маалымадаган.Активдин негизги бөлүгү Бельгиянын дүйнөдөгү эң ири Euroclear эсептик-клиринг системасынын эсебинде. Жарым жылдын жыйынтыгы менен ал жакта 228 миллиард доллар бар экени белгилүү болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0