Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу жол-жобосу кандай?
16:56 09.09.2025 (Жаңыртылды: 09:47 07.10.2025)

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жазылуу
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Коомчулукта жана Жогорку Кеңештин өзүндө парламент мөөнөтүнөн мурда тарап, жаңы шайлоо боюнча күбүр-шыбыр кептер айтылууда. Мындай сценарийди айрым депутаттар колдосо, кээ бири кабары жок экенин айтып жатышат.
Sputnik Кыргызстан Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу жол-жобосу кандай экенин талдап көрдү:
өзүн-өзү таркатуу жөнүндө сунушту депутаттардын үчтөн бири демилгелей алат. Анын себеби жана негиздемеси кошо көрсөтүлүшү керек;
төрага демилгени алдын ала кароо үчүн эки күндүн ичинде бардык фракцияларга, депутаттык топторго, бир мандаттуу округдан шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген эл өкүлдөрүнө жөнөтөт. Алар 7 күндүн ичинде жооптуу комитетке сунуштарды жиберет;
жооптуу комитет маселени кароонун датасын аныктоо үчүн өзүнүн чечимин Координациялык кеңешке жөнөтөт;
Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө маселени толук талкуулоо жол-жобосунун негизинде жүзөгө ашырат;
талкуу үч күндөн ашпашы керек, андан кийин Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндөгү сунуш боюнча добуш берүү жүргүзүлөт;
өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат;
эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө токтом кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт;
мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандан кийин 45 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Белгилей кетсек, учурдагы депутаттар өзүнүн ыйгарым укуктарын жаңы чакырылыштын биринчи жыйналышына чейин аткарат.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров эгерде парламент өзүн-өзү таратуу тууралуу чечим кабыл алса, БШК шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген.
Жогорку Кеңеш быйыл кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, келе турган парламент 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округунан түзүлөт. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат.

