https://sputnik.kg/20250824/aksh-ukrainaga-chabuul-koe-turgan-raketa-satuunu-koldodu-1096069573.html
АКШ Киевге ракета сатууну колдоду, бирок Пентагон РФ тереңине сокку урууга каршы
АКШ Киевге ракета сатууну колдоду, бирок Пентагон РФ тереңине сокку урууга каршы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы ушул жумада Украинага чабуул радиусу жогорулатылган 3 350 ракета сатуу демилгесин... 24.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-24T12:52+0600
2025-08-24T12:52+0600
2025-09-05T10:25+0600
дүйнөдө
акш
россия
украина
курал-жарак
европа
ракета
сокку
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e8/05/19/1085457768_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_9169777bb39cca8561773d196cbca852.jpg
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы ушул жумада Украинага чабуул радиусу жогорулатылган 3 350 ракета сатуу демилгесин колдоп берди. Бул тууралуу Wall Street Journal жазды. Маалыматта 241-450 чакырымга чейин атыла турган ERAM ракеталары Украинага болжол менен алты жумадан кийин келери айтылат. Басылма курал-жарактын жаңы пакети жалпы 850 миллион долларга бааланганын, чыгымдын басымдуу бөлүгү Киевдин европалык өнөктөштөрүнүн мойнунда экенин жазды. Анткен менен бул ракеталарды колдонуу үчүн Украинага Пентагондун уруксаты зарыл. Россиянын тереңине сокку урууга салынган тыюу ушу тапта күчүндө. Россия президенти Владимир Путин Украина Куралдуу күчтөрү жогорку тактыктагы мындай курал-жаракты НАТО өлкөлөрүнүн аскер адамдарынын катышуусу менен гана колдоно аларын айткан. Бул ракеталардын пайдаланылышы кагылышууга Батыштын түз катышып жатканын ачыктамак. РФ лидеринин айтымында, мындай жагдай атайын операциянын нугун өзгөртүп, альянс мүчөлөрү Россия менен тирешип жатканын түшүндүрөт.
https://sputnik.kg/20250824/yevropa-rossiya-ekonomika-sanktsiya-1096068811.html
акш
украина
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/19/1085457768_91:0:2822:2048_1920x0_80_0_0_949971d592ea4d807f4ca02993a0e9e6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, курал-жарак, европа, ракета, сокку
дүйнөдө, акш, россия, украина, курал-жарак, европа, ракета, сокку
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы ушул жумада Украинага чабуул радиусу жогорулатылган 3 350 ракета сатуу демилгесин колдоп берди. Бул тууралуу
Wall Street Journal жазды.
Маалыматта 241-450 чакырымга чейин атыла турган ERAM ракеталары Украинага болжол менен алты жумадан кийин келери айтылат.
Басылма курал-жарактын жаңы пакети жалпы 850 миллион долларга бааланганын, чыгымдын басымдуу бөлүгү Киевдин европалык өнөктөштөрүнүн мойнунда экенин жазды.
Анткен менен бул ракеталарды колдонуу үчүн Украинага Пентагондун уруксаты зарыл. Россиянын тереңине сокку урууга салынган тыюу ушу тапта
күчүндө.
"Пентагон Украинага ыраакка атылуучу куралдан Россиянын тереңине сокку урууга тыюу салып келет. Америкалык вето Киевдин аскердик операцияларын чектөөдө, ал арада Ак үй Кремлди тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого ынандыруу үчүн болгон аракетин көрүп жатат", — деп айтылат макалада.
Россия президенти Владимир Путин Украина Куралдуу күчтөрү жогорку тактыктагы мындай курал-жаракты НАТО өлкөлөрүнүн аскер адамдарынын катышуусу менен гана колдоно аларын айткан. Бул ракеталардын пайдаланылышы кагылышууга Батыштын түз катышып жатканын ачыктамак. РФ лидеринин айтымында, мындай жагдай атайын операциянын нугун өзгөртүп, альянс мүчөлөрү Россия менен тирешип жатканын түшүндүрөт.