00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сенат Конгресстин макулдугусуз Иранга кол салууну тыйган резолюцияны жокко чыгарды

© AP Photo / J. Scott ApplewhiteАКШ желектери Капитолийдин фонунда. Архив
АКШ желектери Капитолийдин фонунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. АКШ Сенаты жума күнү кечинде америкалык аскерлердин Иранга каршы Конгресстин уруксаты жок согуштук аракеттерге катышуусуна тыюу салган резолюцияны четке какты. Бул тууралуу добуш берүүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
РИА Новостинин жазганына караганда, 53 сенатор резолюцияга каршы добуш берсе, калган 47си аны колдогон.
Документке ылайык, сенатор-демократ Тим Кейндин демилгесинде "Конгресс тарабынан санкцияланбаган Иранга каршы согуштук аракеттерден АКШнын куралдуу күчтөрүн чыгаруу боюнча көрсөтмө берүү" талап кылынган. Ошондой эле АКШнын Конституциясынын жоболоруна ылайык, согуш жарыялоого Капитолий гана бирден-бир бийликке ээ экени, ал эми АКШнын аскерлеринин Тегеранга каршы согуштук аракеттерге катышуусу Конгрессти маалымдоону, ачык талкууларды жана добуш берүүнү талап кылары баса белгиленди.

“Конгресс президентке АКШнын куралдуу күчтөрүн Иранга же анын өкмөтүнүн, же куралдуу күчтөрүнүн кайсы бир бөлүгүнө каршы аскердик аракеттерди жүргүзүү үчүн колдонууну токтотууга буйрук берет”, — деп айтылат резолюциянын текстинде.

Эскерте кетсек, Израиль 13-июнга караган түнү Иранга каршы операция баштап, аны жашыруун аскердик-өзөктүк программаны ишке ашырууга айыптаган. Абадан бомбалоонун жана диверсиялык топтордун рейддеринин бутасы атомдук объектилер, генералитет, өзөктүк программа боюнча физиктер, авиабазалар болгон.
Иран айыптоолорду четке кагып, буга жооп катары өзүнүн чабуулдарын жасады. Тараптар 12 күн бою атышып, аларга АКШ да кошулуп, 22-июнга караган түнү Ислам Республикасынын өзөктүк объектилерине бир жолку чабуул жасады.
АКШда кол салуу терс реакция жаратты. Республикачыл конгрессмен Томас Масси 21-июнда Иранга жасалган соккуларды АКШнын Конституциясына каршы келген аракет деп атады. Мындан тышкары, конгрессвумен-демократ Александрия Окасио-Кортес болгон окуя импичмент жарыялоого негиз болушу мүмкүн деп билдирди.
Тегеран 23-июнь күнү кечинде Американын Катардагы Эль-Удейд базасына ракеталык сокку уруп, Ирандын абалды андан ары курчутууга ниети жок экенин кабарлаган.
Трамп андан соң Иран Катардагы америкалык аскердик базага сокку уруу менен "жинин чыгарып" алганын, эми Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жана ынтымакка жол ачылышы мүмкүн экенин айткан.
Ал ошондой эле Израиль менен Иран 24 сааттан кийин "согушту 12 күнгө расмий түрдө токтото" турган тынчтык келишимин түзүүгө макулдашканын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2025
Трамп Иранга 30 млрд. доллар которуу планын четке какты
Жаңылыктар түрмөгү
0