https://sputnik.kg/20250627/aksh-iranga-zharandyk-ozoktuk-programmany-tuptoo-boyuncha-zhardamdy-talkuuloodo-1094934203.html
АКШ жарандык өзөктүк программаны түптөө боюнча Иранга берчү жардамды кеп кылууда
АКШ жарандык өзөктүк программаны түптөө боюнча Иранга берчү жардамды кеп кылууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ак үй Иранга жарандык өзөктүк программа түзүү үчүн 30 миллиард долларга чейин каражат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо маселесин... 27.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-27T10:29+0600
2025-06-27T10:29+0600
2025-06-27T10:29+0600
дүйнөдө
акш
иран
өзөктүк программа
акча
союздаштар
талкуу
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1b/1094932994_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_4d3f130c94a60412931cb9377e00a573.jpg
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ак үй Иранга жарандык өзөктүк программа түзүү үчүн 30 миллиард долларга чейин каражат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо маселесин талкуулап, Фордо шаарындагы өзөктүк объектисин Перс булуңундагы АКШнын союздаштары каржылай турган программага алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу РИА Новости CNN телеканалына таянып кабарлады.Телеканалдын маалыматына таянсак, АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер Иран менен (Израиль аткылап жатканда да) сүйлөшүп, талкуу бул жумада да уланган. Америкалык бийликтин пикиринде бул каражаттар араб өлкөлөрүнө багытталган деп аталган канал жазды. "Башка кадамдарда Иранга карата айрым санкцияларды алып салуу жана Тегерандын чет элдик банктардагы эсептеринде турган 6 миллиард долларын алышына уруксат берүү жагы да каралууда... АКШ ойлонуп жаткан идея — ал алакада болгон, колдогон Перс булуңундагы союздаштарын Фордодогу өзөктүк объектилерди байытуу каралбаган программага алмаштырууга акча берүүгө ынандыруу болуп жатат", — деп билдирген телеканал. Эскерте кетсек, 13-июнь түнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) масштабдуу аскердик операциясын баштап, анын алкагында Куралдуу күчтөрү Ирандын өзөктүк программасынын объектилерине сокку урду. Аткылоодон Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы жана өзөктүк программалар боюнча иштеген илимпоздор көз жумган. Натанз, Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилер жана башка аскердик жайлар бутага алынган. Ал эми өзөктүк программасында согушуу максаты камтылбаганын айткан Иран ракеталык жана дрон соккулары менен жооп берди. Тегеран Тель-Авивдеги аскердик жана аскердик-өнөр жай объектилерин бутага алды. Эки тараптан тең киши өлүп, имараттар талкаланды. Бул 12 күнгө созулду. Израиль тарапка кошулган АКШ 22-июнда түндө Иранга ракеталарын кое берди. Ага жооп кылган Тегеран 23-июндун кечинде АКШнын Катар мамлекетинде жайгашкан АКШнын Эль-Удейд аскердик базасына чабуул койду. Бул жооптон кийин Трамп Тегеран "каарын төгүп, эс алып калганын" айтып, эми Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотууга жол ачылат деп билдирген.
https://sputnik.kg/20250625/aksh-emnege-iranga-tish-kayrap-kaysy-maksatty-kozdogon-1094881840.html
акш
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1b/1094932994_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_220fda4b7a5493e533704fcd657d4fb8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, иран, өзөктүк программа, акча, союздаштар, талкуу
дүйнөдө, акш, иран, өзөктүк программа, акча, союздаштар, талкуу
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ак үй Иранга жарандык өзөктүк программа түзүү үчүн 30 миллиард долларга чейин каражат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо маселесин талкуулап, Фордо шаарындагы өзөктүк объектисин Перс булуңундагы АКШнын союздаштары каржылай турган программага алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу
РИА Новости CNN телеканалына таянып кабарлады.
Телеканалдын маалыматына таянсак, АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер Иран менен (Израиль аткылап жатканда да) сүйлөшүп, талкуу бул жумада да уланган.
"Талкууланып жаткан шарттардын арасында баасы болжол менен 20-30 миллиард доллар болгон, байытуу процесси каралбаган жана жарандык максаттарда колдонулуучу ирандык жаңы өзөктүк программага инвестиция салуу да бар", — деп айтылат CNN тараткан билдирүүдө.
Америкалык бийликтин пикиринде бул каражаттар араб өлкөлөрүнө багытталган деп аталган канал жазды.
"Башка кадамдарда Иранга карата айрым санкцияларды алып салуу жана Тегерандын чет элдик банктардагы эсептеринде турган 6 миллиард долларын алышына уруксат берүү жагы да каралууда... АКШ ойлонуп жаткан идея — ал алакада болгон, колдогон Перс булуңундагы союздаштарын Фордодогу өзөктүк объектилерди байытуу каралбаган программага алмаштырууга акча берүүгө ынандыруу болуп жатат", — деп билдирген телеканал.
Эскерте кетсек, 13-июнь түнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) масштабдуу аскердик операциясын баштап, анын алкагында Куралдуу күчтөрү Ирандын өзөктүк программасынын объектилерине сокку урду. Аткылоодон Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы жана өзөктүк программалар боюнча иштеген илимпоздор көз жумган.
Натанз, Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилер жана башка аскердик жайлар бутага алынган.
Ал эми өзөктүк программасында согушуу максаты камтылбаганын айткан Иран ракеталык жана дрон соккулары менен жооп берди. Тегеран Тель-Авивдеги аскердик жана аскердик-өнөр жай объектилерин бутага алды. Эки тараптан тең киши өлүп, имараттар талкаланды. Бул 12 күнгө созулду. Израиль тарапка кошулган АКШ 22-июнда түндө Иранга ракеталарын кое берди. Ага жооп кылган Тегеран 23-июндун кечинде АКШнын Катар мамлекетинде жайгашкан АКШнын Эль-Удейд аскердик базасына чабуул койду.
Бул жооптон кийин Трамп Тегеран "каарын төгүп, эс алып калганын" айтып, эми Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотууга жол ачылат деп билдирген.