https://sputnik.kg/20250625/aksh-emnege-iranga-tish-kayrap-kaysy-maksatty-kozdogon-1094881840.html
Серепчи АКШ эмнеге Иранга тиш кайрап, кайсы максатты көздөгөнүн айтып берди
Серепчи АКШ эмнеге Иранга тиш кайрап, кайсы максатты көздөгөнүн айтып берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. АКШнын Иранга жасаган соңку кадамдарынын себептеринин бири Кытайдын Тегеранга таасирин азайтуу болгон, анткен менен бул жаңжалдын... 25.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-25T11:55+0600
2025-06-25T11:55+0600
2025-06-25T11:55+0600
дүйнөдө
акш
иран
кытай
геосаясат
чабуул
израиль
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/10/1070044387_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_db84566fc71195a37fe8f4b3298850a2.jpg
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. АКШнын Иранга жасаган соңку кадамдарынын себептеринин бири Кытайдын Тегеранга таасирин азайтуу болгон, анткен менен бул жаңжалдын экономикалык кесепети дүйнөлүк базарлардагы абалды чайпалта алган жок. Бул туурасында РИА Новостиге "Анкара-Москва" эксперттик-аналитикалык тармактын эксперти, түркиялык саясат таануучу Энгин Озер айтып берген. Анын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга ал Кытай менен кызматташуунун бардык түрлөрүнөн (анын ичинде "Бир жол – бир алкак" долбоору бар, анда энергетика, соода, аскердик кызматташуу каралган) баш тарттыруу үчүн үчүн болгон аракетин көрүп жатат. "Операциянын маанилүү максаттарынын бири — Пекиндин Иранга тийгизген таасирин жок кылуу жана Ирандын Индия менен биргелешкен Түндүк – Түштүк коридоруна толук колдоо көрсөтүүсүн камсыз кылуу", — деген серепчи. Эскерте кетсек, 13-июнь түнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) масштабдуу аскердик операциясын баштап, анын алкагында Куралдуу күчтөрү Ирандын өзөктүк программасынын объектилерине сокку урду. Аткылоодон Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы жана өзөктүк программалар боюнча иштеген илимпоздор көз жумган. Натанз, Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилер жана башка аскердик жайлар бутага алынган. . Ал эми өзөктүк программасында согушуу максаты камтылбаганын айткан Иран ракеталык жана дрон соккулары менен жооп берди. Тегеран Тель-Авивдеги аскердик жана аскердик өнөр жай объектилерин бутага алды. Эки тараптан тең киши өлүп, имараттар талкаланды. Бул 12 күнгө созулду. Израиль тарапка кошулган АКШ 22-июнда түндө Иранга ракеталарын кое берди. Ага жооп кылган Тегеран 23-июндун кечинде АКШнын Катар мамлекетинде жайгашкан АКШнын Эль-Удейд аскердик базасына чабуул койду. Бул жооптон кийин Трамп Тегеран "каарын төгүп, эс алып калганын" эми Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотууга жол ачылат деп билдирген.
https://sputnik.kg/20250625/-iran-donald-tramp-koopsuzduk-1094877583.html
акш
иран
кытай
израиль
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/10/1070044387_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_772970b051ca075655b71922c8a2f615.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, иран, кытай, геосаясат, чабуул, израиль
дүйнөдө, акш, иран, кытай, геосаясат, чабуул, израиль
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. АКШнын Иранга жасаган соңку кадамдарынын себептеринин бири Кытайдын Тегеранга таасирин азайтуу болгон, анткен менен бул жаңжалдын экономикалык кесепети дүйнөлүк базарлардагы абалды чайпалта алган жок. Бул туурасында
РИА Новостиге "Анкара-Москва" эксперттик-аналитикалык тармактын эксперти, түркиялык саясат таануучу Энгин Озер айтып берген.
"Жаңжал дүйнөлүк экономикага кесепетин тийгизе алган жок. Бирок муну күтүп жатышкан. Ал тургай Ирандын Ормуз кысыгын жабам деп камынганы да мунайдын баасын көтөргөн жок. Тегеран өкмөтүнүн кысыктагы жолду жабышы, андан улам мунай ташуунун кыскарышы, баалардын өсүшү Кытайга, жалгыз аскердик союздашы катары экономикалык кесепетин алганда, кадимкидей байкалды. Тегеран администрациясы кеме каттамдары боюнча жарым-жартылай аракет көрө турганын билдирүүдө. Тагыраагы, Кытайга бара жаткан кемелерге гана уруксат берилет. Бул абдан олуттуу көйгөй жаратмак. Ошондуктан дүйнөдөгү мунай ташуунун 20 пайызы өтчү бул кысыкты толук жаап салуу өтө татаал маселе", — деген серепчи.
Анын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга ал Кытай менен кызматташуунун бардык түрлөрүнөн (анын ичинде "Бир жол – бир алкак" долбоору бар, анда энергетика, соода, аскердик кызматташуу каралган) баш тарттыруу үчүн үчүн болгон аракетин көрүп жатат.
"Операциянын маанилүү максаттарынын бири — Пекиндин Иранга тийгизген таасирин жок кылуу жана Ирандын Индия менен биргелешкен Түндүк – Түштүк коридоруна толук колдоо көрсөтүүсүн камсыз кылуу", — деген серепчи.
Эскерте кетсек, 13-июнь түнү Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) масштабдуу аскердик операциясын баштап, анын алкагында Куралдуу күчтөрү Ирандын өзөктүк программасынын объектилерине сокку урду. Аткылоодон Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы жана өзөктүк программалар боюнча иштеген илимпоздор көз жумган.
Натанз, Фордо шаарларындагы өзөктүк объектилер жана башка аскердик жайлар бутага алынган. .
Ал эми өзөктүк программасында согушуу максаты камтылбаганын айткан Иран ракеталык жана дрон соккулары менен жооп берди. Тегеран Тель-Авивдеги аскердик жана аскердик өнөр жай объектилерин бутага алды. Эки тараптан тең киши өлүп, имараттар талкаланды. Бул 12 күнгө созулду. Израиль тарапка кошулган АКШ 22-июнда түндө Иранга ракеталарын кое берди. Ага жооп кылган Тегеран 23-июндун кечинде АКШнын Катар мамлекетинде жайгашкан АКШнын Эль-Удейд аскердик базасына чабуул койду.
Бул жооптон кийин Трамп Тегеран "каарын төгүп, эс алып калганын" эми Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотууга жол ачылат деп билдирген.