https://sputnik.kg/20250619/1094767702.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңештин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы менен ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйыны, "Борбор Азия жана... 19.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-19T19:00+0600
2025-06-19T19:00+0600
2025-06-19T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/13/1094767570_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_48abf568a9a0ef7e01a1eae97f1cbb96.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңештин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы менен ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйыны, "Борбор Азия жана Россия" форматындагы Коопсуздук кеңештин катчыларынын экинчи жолугушуусу Чолпон-Атада өттү. Иш-чарада ЖККУнун аймагындагы коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана коркунучтары, ошондой эле аларды жокко чыгаруу чаралары талкууланды. Бекболотов террорчулук, экстремизм, транс чек аралык кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу көйгөйлөргө токтолду. Андан сырткары өлкөлөр терс таасири байкалбай тийип, зыян келтирип жаткан жагдайларга туш болуп жатканын белгиледи. Анын ичинде маалыматтык жана идеологиялык чөйрөлөр бар экенин да айтты. Муну менен катар ал Кыргызстан коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жамааттык кадамдарга мындан ары да өз салымын кошууга даяр экенин билдирди.
Кыргызстанда коркунучтуу пестицидди колдонууга тыюу салынганын айыл чарба министрлигинен билдиришти. Министрлик бул кадам элдин ден соолугуна кам көрүү максатында жасалып жатканын белгиледи. "Өлкөдө паракват дихлорид затынын негизиндеги пестициддерди өндүрүүгө, каттоого, ташууга, сатууга, сактоого, колдонууга жана жарнамалоого болбойт", — деп жазылган маалыматта. Паракват — ден соолука жана айлана-чөйрөгө зыянга учурата турган химикат. Анын рак ооруларын, балдардын нерв системасынын бузулушун, репродуктивдик жөндөмгө жана гормондорго зыян келтирери аныкталган.
Кыргызстандыктардын 82 пайызы орус тилинде мыкты сүйлөйт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди. "Кыргызстандыктардын 82 пайыздан ашыгы орус тилин мыкты билет. Бизде орус тилинде окуткан 260 мектеп жана 867 аралаш мектеп бар. Жогорку окуу жайлардын алдындагы мектептердин программасы жалаң орус тилинде. Маданий интеграциянын келечеги кең деп эсептейм", — деди министр.Эске салсак, Кыргызстанда жалпысынан 2 377 мектеп бар.
Американын жогорку кызматтагы аткаминерлеринин бири жакынкы күндөрү Иранга чабуул жасашы мүмкүндүгүн, ага даярдык жүрүп жатканын айткан. Бул туурасында РИА Новости Блумберг агенттигине шилтеме кылып билдирди. Агенттикке маалымат берген кишилердин бири сокку уруу алдыдагы дем алыш күндөрү болушу ыктымалдыгын кабарлаган. Бул иштен кабары бар аткаминердин айтымында, бир катар федералдык ведомстволордун жетекчилери да даярдык көрө баштаган. Wall Street Journal басылмасы мурдараак Трамп шейшемби күнү Иранга кол салуу боюнча планды жактырып, бирок соңку буйрукту бербей токтоп калганын кабарлаган. CNN да Ак үй башчысы чабуул жасабай, аялдап турганын жазды. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 58 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 20-июнга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус жылуу болот.Күндүн табы борбор калаада +31…+33, Ош шаарында +32...+34 градуска көтөрүлөт.
Коопсуздук кеңештин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы менен ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйыны, "Борбор Азия жана Россия" форматындагы Коопсуздук кеңештин катчыларынын экинчи жолугушуусу Чолпон-Атада өттү. Иш-чарада ЖККУнун аймагындагы коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана коркунучтары, ошондой эле аларды жокко чыгаруу чаралары талкууланды. Бекболотов террорчулук, экстремизм, транс чек аралык кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу көйгөйлөргө токтолду. Андан сырткары өлкөлөр терс таасири байкалбай тийип, зыян келтирип жаткан жагдайларга туш болуп жатканын белгиледи. Анын ичинде маалыматтык жана идеологиялык чөйрөлөр бар экенин да айтты. Муну менен катар ал Кыргызстан коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жамааттык кадамдарга мындан ары да өз салымын кошууга даяр экенин билдирди. Кыргызстанда коркунучтуу пестицидди колдонууга тыюу салынганын айыл чарба министрлигинен билдиришти. Министрлик бул кадам элдин ден соолугуна кам көрүү максатында жасалып жатканын белгиледи. "Өлкөдө паракват дихлорид затынын негизиндеги пестициддерди өндүрүүгө, каттоого, ташууга, сатууга, сактоого, колдонууга жана жарнамалоого болбойт", — деп жазылган маалыматта. Паракват — ден соолука жана айлана-чөйрөгө зыянга учурата турган химикат. Анын рак ооруларын, балдардын нерв системасынын бузулушун, репродуктивдик жөндөмгө жана гормондорго зыян келтирери аныкталган.Кыргызстандыктардын 82 пайызы орус тилинде мыкты сүйлөйт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди. "Кыргызстандыктардын 82 пайыздан ашыгы орус тилин мыкты билет. Бизде орус тилинде окуткан 260 мектеп жана 867 аралаш мектеп бар. Жогорку окуу жайлардын алдындагы мектептердин программасы жалаң орус тилинде. Маданий интеграциянын келечеги кең деп эсептейм", — деди министр.Эске салсак, Кыргызстанда жалпысынан 2 377 мектеп бар.Американын жогорку кызматтагы аткаминерлеринин бири жакынкы күндөрү Иранга чабуул жасашы мүмкүндүгүн, ага даярдык жүрүп жатканын айткан. Бул туурасында РИА Новости Блумберг агенттигине шилтеме кылып билдирди. Агенттикке маалымат берген кишилердин бири сокку уруу алдыдагы дем алыш күндөрү болушу ыктымалдыгын кабарлаган. Бул иштен кабары бар аткаминердин айтымында, бир катар федералдык ведомстволордун жетекчилери да даярдык көрө баштаган. Wall Street Journal басылмасы мурдараак Трамп шейшемби күнү Иранга кол салуу боюнча планды жактырып, бирок соңку буйрукту бербей токтоп калганын кабарлаган. CNN да Ак үй башчысы чабуул жасабай, аялдап турганын жазды. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 58 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 20-июнга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус жылуу болот.Күндүн табы борбор калаада +31…+33, Ош шаарында +32...+34 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/13/1094767570_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9063a011ed68d4065b1175b37df5fef3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио