00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан менен Беларусия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев машиналарды эвакуациялоо бизнеске айланганын айтып, мындай ыкманы токтотууну сунуштады. Эл өкүлү автоунааларды эвакуациялоо үчүн 2000 сомдон алынарын белгилеп, бул өзүнчө бизнеске айланганын билдирди. Анын айтымында, мындай ыкманы токтотуп, машина токтотулган жерден эле айып пул төлөтүү тартибине өтүү зарыл. "Эвакуацияга, айып короодо турганы үчүн өзүнчө акы алынат. Айрым учурларда унаалар зыянга учурайт, талкаланып калат. Нааразы болгондорго "сотко кайрылгыла" деп коюшат, бирок сотко кайрылуу андан да көп чыгым алып келет", — деди Бекешев.Ал эвакуациялоону ири коомдук иш-чаралар учурунда же өкмөттүк маанидеги трассаларда гана колдонууну сунуштаган.
Кыргызстанга 5 миллионго жакын киберчабуул жасалып, 71 пайызы ийгиликтүү зыянсыздандырылган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Киберкоопсуздук боюнча ЖККУнун I эл аралык конференциясында билдирди. Анын айтымында, технологиялык прогресс жаңы мүмкүнчүлүктөр менен катар эле кооптуулук жана тобокелдиктерди алып келүүдө. "Киберкоркунучтардын кесепеттери да улам кооптуу болуп баратат. Мындай чабуулдар жарандар менен жеке уюмдардан тышкары бүтүндөй мамлекеттерге терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан бул багытта биргелешип иш алып баруу маанилүү", — деди Ташиев. Ошондой эле ал Кыргызстан киберкоопсуздук жаатында инфраструктураны, мыйзамдарды жана кадрларды жакшыртып жатканын белгиледи.Бүгүн Ысык-Көлдө Киберкоопсуздук боюнча ЖККУнун I эл аралык конференциясы өтүүдө. Ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, КМШ жана ШКУнун делегаттары, ошондой эле киберкоопсуздук тармагындагы алдыңкы эксперттер менен адистер катышууда.
Бишкектеги "Даамдуу" тез татым жайынан шаурма жеген 12 адам ууланды. Кабарды Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тастыктады. Маалыматка ылайык, жабыркагандардын алтоо ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Тамактануучу жай Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Санэпидкөзөмөл борбору ишканага 41 миң сом айып салып, териштирүү бүткөнгө чейин жабууну чечкен. Уулануунун себептери такталып жатат.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги президент Дональд Трамптын билдирүүсүнөн улам АКШнын Тегерандагы кызыкчылыгын көздөгөн Швейцариянын эличисине каршылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу Mehr агенттиги жазды. "АКШ президентинин ой келди билдирүүлөрүнөн кийин Швейцариянын Тегерандагы элчиси Надин Лозано ТИМге чакыртылды, ага эми АКШ өкмөтүнө токтоосуз жеткирүү үчүн каршылык нотасы тапшырылат", — деп айтылат маалыматта. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Иса Камели америкалык президенттин сөзүн чагымчыл билдирүү деп атады. Ал "жалпы дүйнөгө жана эл аралык коопсуздукка коркунуч жараткан" сөздүн жоопкерчилиги толугу менен Вашингтондун мойнунда экенин белгиледи. Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Иранга "акыркы ультиматумун коюп", "кыңк этпей багынып берүүсүн" талап кылып, Ислам Республикасынын өзөктүк объектилерине сокку уруларын айтып коркуткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0