https://sputnik.kg/20250615/anvarbek-chortekov-sogush-baatyr-1094639879.html
Согушта жоокерлерге Батышты көздөй жол ачып берген Анварбек Чортеков. Эскерүү
Согушта жоокерлерге Батышты көздөй жол ачып берген Анварбек Чортеков. Эскерүү
Sputnik Кыргызстан
Анварбек Чортеков Улуу Ата Мекендик согушта Днепрдин жээгиндеги катаал кармашта эрдик көрсөткөн. Кыргыздын эр жүрөк баатыр уулу душмандын мизин кайтарып, совет... 15.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-15T19:03+0600
2025-06-15T19:03+0600
2025-06-18T10:32+0600
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
советтер союзунун баатыры
анварбек чортеков
эскерүү
маек
видео
https://sputnik.kg/img/07e6/06/1d/1065659326_0:66:800:517_1920x0_80_0_0_5a6770457b732142e2133418925768b5.jpg
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анварбек Чортековдун уулу Бактыбек Чортеков жана Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагери, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев болду. Биз Анварбек Чортековдун өмүрү жана согуштагы каармандыгы тууралуу баарлаштык. — Алгач Анварбек Чортековдун балалык чагы, ата теги туурасында тууралуу айтып берсеңиз? Бактыбек Чортеков: — Атам Нарын облусунун Ат-Башы жергесинде туулуп-өскөн. Согушка чейин чоң атасы Мааке ажы Ат-Башыда элге белгилүү, барктуу адам болгон экен. Жалгыз уулу Чортек кийин болуш болуп шайланган. Мааке чоң атам үч бир тууган болгон, үчөө тең энесин ээрчип ажыга барып келген экен. Бирок кийин союз учурунда репрессияга туш болуп, чоң атам сүргүнгө айдалат. Ошондон кийин атам көп кыйынчылыктарга дуушар болуп, таякесинин жардамы менен Чек ара кызматынын Нарындагы комендатурасынын атканасында атчы болуп иштеген экен. Орусчаны жакшы үйрөнүп, согушка да ошол жерден 21 жашында чакырылат. Алгач полктун мектебинен окуп, сержант наамын алат, андан соң Украина фронтуна жиберилип, 337-дивизияда 1129-взводдун командиринин орун басары болуп кызмат өтөгөн. 1943-жылы Днепр дарыясын кечип өткөн кандуу кармашта командири каза болуп калат, андан кийин взводду атам өзү жетектеп калган. Жардам келгенче орус жоокер экөө душманга жалгыз туруштук берип турушкан экен. Катуу жарадар болуп, эс-учун жоготот. Кийин эрдиги жогору бааланып, оор жаракат алып госпиталда жатканда Советтер Союзунун Баатыры болгонун гезиттен окуйт. Жанындагыларга "ушул баатырлыкты алган жоокер менмин" десе ишенишпейт. Акыры Баатыр наамы билинген соң атайын палатага жаткырылып, аябай жакшы карап дарылашат. Госпиталдан чыккан соң кайра согуш талаасына кириптир. Андан кийин танк боюнча училищеде окуп, кенже лейтенант наамын алып, анан 1947-жылы кайтып келип жатат. — Чолпонбек мырза, согуштагы эрдиктери тууралуу кеңири айтып берсеңиз… Чолпонбек Буржуев: — Анварбек атабыздын Нарындагы чек ара комендатурасы анын согуштагы эрдик жасашына мотивация берген. Ошол жерден аскердик тартип боюнча түшүнүк алган. 1941-жылдан 1943-жылга дейре Курскинин алдында чоң салгылашуу болгон. Советтер Союзунун жоокерлери фашисттерди Курскиге чейин кууп келип, эки жак тең чарчайт. Чечүүчү кармаш эле. Ал кезде немецтердин танкалары абдан күчтүү болгон. Ошого карабай биздин жоокерлердин, кол башчылардын стратегиясы менен душманды алсыратканбыз. Андан ары Россия менен Украинанын чек арасындагы Днепр дарыясынын жээгинде фашисттер коргонуу чебин абдан мыктылап, мина коюп согушка катуу даярданышат. Совет тарап жээкте болгон, ал эми немецтер батыш тарабындагы ошол жарларга атайын окопторду жана тосмолорду курушкан. Алар ошол жерден "Советтер Союзун талкалайбыз да, чабуулга өтөбүз" деп катуу даярданышкан. Анварбек Чортеков баштаган взвод мөндүрдөй жааган октун арасынан өтүп, дарыяны сүзүп барып, чабуулду жетектеп, жоокерлерге дем берип фронттук тилкенин сол тарабынын туруктуулугун сактап калган. Чортековдун дагы бир эрдиги — Днепр дарыясын сүзүп өтүшү. Анткени Нарында андай сууда сүзүп чоңойгон эмес да. Анан калса жарадар болгонуна карабай кызматын аягына чейин өтөгөн. Дарыяны кечип өткөндөн кийин кармашта көп жоокерлер курман болот. Алардын арасында командири да бар. Чортеков куралдаштары менен ээлеп алган плацдармын душманга бербей, артынан жардам келгиче жарадар болсо да кармашып, фашисттерди Батышты көздөй кууп өтүүгө коридор ачып берген. Жакын арада ушул эрдиктери тууралуу атайын китеп чыгаруу максатыбыз бар. 1944-жылы согуш Беларустун чек арасына жетип калган. Ошол кезде кандай болсо да билимдүү офицерлер керек болчу. Ошондуктан чеберчилигине карап, жоокерлерди аскердик окуу жайларда окуткан. Жоокерлердин арасында саперлор 1950-жылдары кайтып келишкен. Согуштан кийин кадимки жашоого кайтып келүү да оңой болгон эмес да. Ал эми согуштан кийин чарбалык, партиялык тармактарда ар кандай кызматтарды аркалаган. 2006-жылы Нарындагы "Тайлак баатыр" чек ара отрядындагы "Кынды" заставасына Анварбек атанын ысымы ыйгарылган. Ошондой эле анын урматына атайын класс ачылып, эрдиктери тууралуу плакаттар илинген. Сталин "Днепрдин ары жагына ким өтсө Баатырдыкты берем" деген билдирүүсү бар. Себеби душмандын коргонуусунан өтүү абдан кыйын болгон. — Согуштан 1947-жылы кайтып келип, кийин чарбада иштеген экен... Б.Ч: — Согуштан кийин 1948-жылы Нарынга келип иштеген. Андан соң Фрунзеге, кийин Ысык-Көлгө барып кайрадан колхоз иштерине аралашып, Ак-Суу районунда райисполкомдо иштеген. Ошол жактан үйлөнүп, эжем, байкелерим төрөлгөн. Негизи биз 10 бир тууганбыз. Андан кийин кайра чек ара заставасына барып бир топ жыл кызмат өтөгөн. Кийин туугандарынын чакыртуусу менен Нарынга кайтып келип, айылда топоз фермасында, суу чарбасында эмгектенет. Акыры 69 жашында согуштан алган жаракаттарынын кесепетинен ооруп жүрүп каза болду. 2006-жылы өзү туулуп-өскөн Терек-Суу айылындагы мектепке, көчөгө да атамдын ысымы ыйгарылган. Ат-Башынын борборунда азыр Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов экөөнүн айкели турат. 2005-жылы Нарын губернаторунун буйругу менен 85 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, Нарын шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирине ысымы берилди. Акимиаттын алдына эстелиги тургузулган. Бишкекте да Анварбек Чортеков атындагы көчө бар. — Атаңыздын мүнөзү кандай эле? Б.Ч: — Атам тайманбаган, тарсылдаган, шар жүргөн киши болчу. Кээде согуш жөнүндө сурасаң "Кудай согушту бербесин" деп эле тим болчу. Жооп бергиси келчү эмес. — Көзүнүн тирүүсүндө 9-Май сиздер үчүн чоң салтанат менен өтсө керек? Б.Ч: — Бишкекке алып кетчүбүз. Бирок мен жаш болуп, көп нерсени сурабай, билбей калган экенмин. Атамдын көзү өткөндөн кийин түшүндүм. Өкүнүп калдым. Негизи эле өзү согушту эстегиси келчү эмес.
https://sputnik.kg/20250510/sogush-kubanychbek-batyrbekov--1093865218.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/1d/1065659326_0:0:800:600_1920x0_80_0_0_ac4b0e445291f9462ade67255f6e6233.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, советтер союзунун баатыры, анварбек чортеков, эскерүү, маек, видео
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, советтер союзунун баатыры, анварбек чортеков, эскерүү, маек, видео
Согушта жоокерлерге Батышты көздөй жол ачып берген Анварбек Чортеков. Эскерүү
19:03 15.06.2025 (Жаңыртылды: 10:32 18.06.2025) Анварбек Чортеков Улуу Ата Мекендик согушта Днепрдин жээгиндеги катаал кармашта эрдик көрсөткөн. Кыргыздын эр жүрөк баатыр уулу душмандын мизин кайтарып, совет аскерлерине Батышты көздөй жол ачып берген.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анварбек Чортековдун уулу Бактыбек Чортеков жана Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагери, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев болду. Биз Анварбек Чортековдун өмүрү жана согуштагы каармандыгы тууралуу баарлаштык.
— Алгач Анварбек Чортековдун балалык чагы, ата теги туурасында тууралуу айтып берсеңиз?
Бактыбек Чортеков: — Атам Нарын облусунун Ат-Башы жергесинде туулуп-өскөн. Согушка чейин чоң атасы Мааке ажы Ат-Башыда элге белгилүү, барктуу адам болгон экен. Жалгыз уулу Чортек кийин болуш болуп шайланган. Мааке чоң атам үч бир тууган болгон, үчөө тең энесин ээрчип ажыга барып келген экен. Бирок кийин союз учурунда репрессияга туш болуп, чоң атам сүргүнгө айдалат. Ошондон кийин атам көп кыйынчылыктарга дуушар болуп, таякесинин жардамы менен Чек ара кызматынын Нарындагы комендатурасынын атканасында атчы болуп иштеген экен. Орусчаны жакшы үйрөнүп, согушка да ошол жерден 21 жашында чакырылат. Алгач полктун мектебинен окуп, сержант наамын алат, андан соң Украина фронтуна жиберилип, 337-дивизияда 1129-взводдун командиринин орун басары болуп кызмат өтөгөн. 1943-жылы Днепр дарыясын кечип өткөн кандуу кармашта командири каза болуп калат, андан кийин взводду атам өзү жетектеп калган. Жардам келгенче орус жоокер экөө душманга жалгыз туруштук берип турушкан экен. Катуу жарадар болуп, эс-учун жоготот. Кийин эрдиги жогору бааланып, оор жаракат алып госпиталда жатканда Советтер Союзунун Баатыры болгонун гезиттен окуйт. Жанындагыларга "ушул баатырлыкты алган жоокер менмин" десе ишенишпейт. Акыры Баатыр наамы билинген соң атайын палатага жаткырылып, аябай жакшы карап дарылашат. Госпиталдан чыккан соң кайра согуш талаасына кириптир. Андан кийин танк боюнча училищеде окуп, кенже лейтенант наамын алып, анан 1947-жылы кайтып келип жатат.
— Чолпонбек мырза, согуштагы эрдиктери тууралуу кеңири айтып берсеңиз…
Чолпонбек Буржуев: — Анварбек атабыздын Нарындагы чек ара комендатурасы анын согуштагы эрдик жасашына мотивация берген. Ошол жерден аскердик тартип боюнча түшүнүк алган. 1941-жылдан 1943-жылга дейре Курскинин алдында чоң салгылашуу болгон. Советтер Союзунун жоокерлери фашисттерди Курскиге чейин кууп келип, эки жак тең чарчайт. Чечүүчү кармаш эле. Ал кезде немецтердин танкалары абдан күчтүү болгон. Ошого карабай биздин жоокерлердин, кол башчылардын стратегиясы менен душманды алсыратканбыз. Андан ары Россия менен Украинанын чек арасындагы Днепр дарыясынын жээгинде фашисттер коргонуу чебин абдан мыктылап, мина коюп согушка катуу даярданышат. Совет тарап жээкте болгон, ал эми немецтер батыш тарабындагы ошол жарларга атайын окопторду жана тосмолорду курушкан. Алар ошол жерден "Советтер Союзун талкалайбыз да, чабуулга өтөбүз" деп катуу даярданышкан.
Анварбек Чортеков баштаган взвод мөндүрдөй жааган октун арасынан өтүп, дарыяны сүзүп барып, чабуулду жетектеп, жоокерлерге дем берип фронттук тилкенин сол тарабынын туруктуулугун сактап калган. Чортековдун дагы бир эрдиги — Днепр дарыясын сүзүп өтүшү. Анткени Нарында андай сууда сүзүп чоңойгон эмес да. Анан калса жарадар болгонуна карабай кызматын аягына чейин өтөгөн. Дарыяны кечип өткөндөн кийин кармашта көп жоокерлер курман болот. Алардын арасында командири да бар. Чортеков куралдаштары менен ээлеп алган плацдармын душманга бербей, артынан жардам келгиче жарадар болсо да кармашып, фашисттерди Батышты көздөй кууп өтүүгө коридор ачып берген. Жакын арада ушул эрдиктери тууралуу атайын китеп чыгаруу максатыбыз бар.
1944-жылы согуш Беларустун чек арасына жетип калган. Ошол кезде кандай болсо да билимдүү офицерлер керек болчу. Ошондуктан чеберчилигине карап, жоокерлерди аскердик окуу жайларда окуткан. Жоокерлердин арасында саперлор 1950-жылдары кайтып келишкен. Согуштан кийин кадимки жашоого кайтып келүү да оңой болгон эмес да. Ал эми согуштан кийин чарбалык, партиялык тармактарда ар кандай кызматтарды аркалаган. 2006-жылы Нарындагы "Тайлак баатыр" чек ара отрядындагы "Кынды" заставасына Анварбек атанын ысымы ыйгарылган. Ошондой эле анын урматына атайын класс ачылып, эрдиктери тууралуу плакаттар илинген. Сталин "Днепрдин ары жагына ким өтсө Баатырдыкты берем" деген билдирүүсү бар. Себеби душмандын коргонуусунан өтүү абдан кыйын болгон.
— Согуштан 1947-жылы кайтып келип, кийин чарбада иштеген экен...
Б.Ч: — Согуштан кийин 1948-жылы Нарынга келип иштеген. Андан соң Фрунзеге, кийин Ысык-Көлгө барып кайрадан колхоз иштерине аралашып, Ак-Суу районунда райисполкомдо иштеген. Ошол жактан үйлөнүп, эжем, байкелерим төрөлгөн. Негизи биз 10 бир тууганбыз. Андан кийин кайра чек ара заставасына барып бир топ жыл кызмат өтөгөн. Кийин туугандарынын чакыртуусу менен Нарынга кайтып келип, айылда топоз фермасында, суу чарбасында эмгектенет. Акыры 69 жашында согуштан алган жаракаттарынын кесепетинен ооруп жүрүп каза болду. 2006-жылы өзү туулуп-өскөн Терек-Суу айылындагы мектепке, көчөгө да атамдын ысымы ыйгарылган. Ат-Башынын борборунда азыр Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов экөөнүн айкели турат. 2005-жылы Нарын губернаторунун буйругу менен 85 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, Нарын шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирине ысымы берилди. Акимиаттын алдына эстелиги тургузулган. Бишкекте да Анварбек Чортеков атындагы көчө бар.
— Атаңыздын мүнөзү кандай эле?
Б.Ч: — Атам тайманбаган, тарсылдаган, шар жүргөн киши болчу. Кээде согуш жөнүндө сурасаң "Кудай согушту бербесин" деп эле тим болчу. Жооп бергиси келчү эмес.
— Көзүнүн тирүүсүндө 9-Май сиздер үчүн чоң салтанат менен өтсө керек?
Б.Ч: — Бишкекке алып кетчүбүз. Бирок мен жаш болуп, көп нерсени сурабай, билбей калган экенмин. Атамдын көзү өткөндөн кийин түшүндүм. Өкүнүп калдым. Негизи эле өзү согушту эстегиси келчү эмес.