00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Личный интерес
По зову памяти: кто и зачем собирает биографии героев войны и труда
10:03
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоодо тыгыз кызматташат
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путёвка без блата: Минтруда наводит порядок в системе оздоровления
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Псориаз оорусу тыкыр сакайтуу мүмкүн эмес. Териге кам көрүү
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Можно ли избежать осложнений при родах - беседа с гинекологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдар рагынын биринчи белгилерин аныктоого аймактардагы педиатрлар окутулат
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Первый дунганин в небе СССР: история пилота Салиха Шимова
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Өспүрүм менен ата-эненин мамилеси. Баланын жашоосуна кантип, качан аралашуу керек?
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый закон о недвижимости: что изменится для арендаторов и владельцев квартир
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Согуш талаасында баатырларча курман болгон Советтер Союзунун Баатыры Манзус Ванахун
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Что в холодильнике — то и в бюджете: как питание влияет на экономику страны
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдар рагынын биринчи белгилерин аныктоого аймактардагы педиатрлар окутулат
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Презентация логотипа 80-летия Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет.Владимир Путин бул иш-чаранын Россия үчүн мааниси зор экенин айтты. Кыргызстан да бул юбилейди белгилөөгө кам уруп жатат. Жеңишке арналган материалдары Sputnik Кыргызстандан окуй аласыз.

Согуштагы азабына тете КГБнын сурагы. Ардагер Кубанычбек Батырбековду эскерүү

© Фото / предоставлено Дуйшоном БатырбековымУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кубанычбек Батырбеков
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кубанычбек Батырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2025
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согушка байланышкан тарыхты, архивди казып отурсак түрдүү маалыматтарга ээ болобуз. Ар бир жоокердин тагдыры — тарых. Кубанычбек Батырбеков жолундагы тоскоолдуктарды билими, тыңдыгы менен жеңе алган.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кубанычбек Батырбековдун уулу, 40 жылдык тажырыйбасы бар педагог Дүйшөн Батырбеков болду. Биз баатырдын өмүрү жана согуштагы каармандыгы тууралуу баарлаштык.
— Атаңыз Улуу Ата Мекендик согушка канча жашында барып жатат?
— Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына, Улуу Жеңишке быйыл 80 жыл толуп отурат. Бул — абдан чоң дата. Жеңишке жетпей калсак кандай заманда жашайт элек, бул жагы табышмак. Бул согушту унутууга акыбыз жок. Аны урпактарга да айтышыбыз керек. Советтер Союзунда 27 миллиондон ашык адам курман болгон. Жалпы Экинчи дүйнөлүк согушта 60 миллионго жакын адам жок болду. Анын ичинде биздин чакан өлкөбүздөн 363 миң адам кетип, анын 150 миңи кайтпай калган. 14 миң адам мунжу болуп келген. Жалпы 1710 шаар, 70 миң кыштак кыйраган. Мына ушундай тагдырды тартуулаган согуш.
Менин атам Батырбеков Кубанычбек да согушта беш жылдан ашык кызмат кылган. Башкача айтканда, 1941-жылы 28-апрелде согуш баштала электе армиянын катарына чакырылып, Беларустун Гродно шаарына барат. Туура эки айдан кийин согуш башталып, Гродно курчоодо калат. Атам концлагерден качып чыгып, Беларустун токоюнда качып жүрүп партизандык отрядга кошулат. 1941-жылдын 28-апрелинен баштап 1945-жылдын ноябрына чейин аскердик кызмат өтөп, эки жолу оор жарадар болот. Толук беш жыл согушта жүргөн.
© Sputnik / Кенжебай СатканалиевУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кубанычбек Батырбековдун уулу, 40 жылдык тажырыйбасы бар педагог Дүйшөн Батырбеков
Педагог Дуйшон Батырбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2025
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кубанычбек Батырбековдун уулу, 40 жылдык тажырыйбасы бар педагог Дүйшөн Батырбеков
— Атаңыз согушка чейин билим алып, мугалим болуп эмгектенген экен. Угушубузга караганда, жөн адамдарды окутпаптыр...
— Атам согуштан кийин да мугалим болуп эмгектенди. Жалпы 50 жыл сабак берди. 1938-жылы орус тили мугалимдерин даярдоочу сегиз айлык курстан өтүп, латын тилинде жазылган бир барак диплом алат. Андан кийин Талас облусунун Киров районундагы Тельман айылына жөнөтүлөт. Барса кадимки дүйнөгө белгилүү болгон Чолпонбай Түлөбердиев окуйт экен. Ал кезде шартка байланыштуу 10-15 жаштагы балдар бир эле класста окучу дейт. Түлөбердиев атамдан болгону үч эле жаш кичүү. Ошентип Чолпонбай баатырды эки жыл окутуу атама насип этиптир. Кийин окуучусуна арнап ыр жазган. Азыр Чолпонбай Түлөбердиевдин музейинде алгачкы мугалими катары атамдын сүрөтү илинип турат. Ал эми согуш бүткөндөн кийин Таластагы Покровка орто мектебинде кыргыз тили мугалими болуп калат. Ошондо кадимки Ильгиз Айтматовду, Роза Айтматованы жана Люция Айтматованы кыргыз тилинен сабак берип окутуп калат. Атамдын мектепте директор, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болгон жылдары болду. Кийин мугалим жетишпегендиктен башталгыч класстарга сабак берип калды.
— Чолпонбай Түлөбердиевди кандайча эскерчү эле?
— Түлөбердиев "агай, эшикке чыгып көк майсанда күрөшпөйлүбү" дей берчү экен. Атам да "уят, мен сенин агайың болом да" десе ойлонуп калчу экен. Ичинде кири жок, ак көңүл бала болуптур. Анын эшикте көк чөптө балдар менен күрөшүп ойногонун эскерчү. Ал кезде элде кыйын эле турмуш болуптур. Тамак-аш, кийим-кече тартыш, керек болсо мектепте парта да жок.
© Фото / предоставлено Дуйшоном БатырбековымУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кубанычбек Батырбеков байбичеси менен
Ветеран Великой Отечественной войны Кубанычбек Батырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2025
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кубанычбек Батырбеков байбичеси менен
— Согушта да билимдүү адам катары айырмаланса керек...
— Согушта миномётчу болгон. Бул да оңой эмес да. Улам снаряддарды көтөрүп, орун которуп жүрүү керек. Миномётту атканда түтүн чыгат экен. Түтүн алыстан көрүнсө эле душман ошол жерге сокку урат. Атам ата турган жердин аралыгын эсептеп берчү экен. Бир миномётто төрт киши болот. Кийин эки жолу колго түшкөн. Ал кезде колго түшкөн адамдардын оң колуна сөзсүз татуировка чегип койчу экен. Экинчи жолу колго түшкөндө немецтер атамдын колун карап татуировканы көрүшөт. Саткынчылык катары баалангандыктан адатта дароо жок кылышат. Атамдын да чекесине пистолет такалат. "Мени азиат болгонум сактап калды. Немецтер азиаттарга бир аз жумшак мамиле жасаганын байкачу элем. Анан эле нары жактан бирөө басып келип, экөө сүйлөшүп туруп, менден "уй сойгонду билесиңби" деп сурашты. Мен билеримди айттым. Ошол аскердик бөлүктүн 50-60тай букасы бар экен. Ошентип мени бука баккыч кылып койду. Букаларга чөп, суу берип, алдын тазалап, талаага жайып карап жүрдүм. Артымдан эки-үч солдат көзөмөлдөйт. Кээде букасын союп берем. Ошентип букаларды жайымыш болуп улам алыстап барып токойду чалгындайм. Жакшы кызмат кылдым. Бара-бара ишенимге кирип калгандыктан артымдан көп аңдыбай деле калышты. Эки ай жүрдүм. Бир күнү байкасам, көбү чабуулга кеткендей, артымда деле эч кимиси жок. Анан акырын букаларды жайымыш болуп барып, бир кезде токой аралап качтым" деп эскерчү эле атам. Качып жүрүп отуруп, караңгы киргенде токойдун ичиндеги үйлөрү жыгачтан салынган кыштакка туш болот. Ошентип байкап жатып күндүзү немецтер келип-кетип жатканын көрөт. Анан түндө берки четтеги үйдүн эшигин чертсе кемпир чыгып эле коркуп кетип, колундагы идишин ыргытып жиберет. Көрсө, кимдир бирөөнүн келгени билинип калса немецтер кыштактын баарын кырып салчу экен. "Кет эле кет" деп жалдыраса да болбой атам кетпейт. Айла жок киргизип, бир литр сүт берип, үстү-башы тытылган солдатты жуунтуп, боору ооруган кемпир ороосуна салып коёт. Түндө акырын дааратка чыгып, күндүз бир кружка сүт, чокко бышкан картошканы жеп дымын чыгарбай жатат. Ошентип күндөр өтүп, баягы кемпир коркуп, "кызым экөөбүздү кырып салбасын, тыңып калдың, эми кач" деп жолго азык салып, кандай кетишти көрсөтүп берет. Атам жүрүп отуруп, дагы партизандарга жолугат, алар менен согушуп жүрүп, тез эле аскерге өткөрүлүп, алар колго түшкөнү үчүн фронттун эң алдында туруучу айып батальонуна коёт. "Ажалым жок экен, мөндүрдөй жааган октон аман калдым" деп калчу. Айып батальону алдыңкы катарда турат, "өлсө да ушулар өлсүн" деген батальон. Бир ирет атамдын да далысына ок жаңылып, эсин жоготуп, госпиталдан көзүн ачат. Госпиталда беш айдай жатып, анан кайра согуш талаасына чыккан экен. Орусча билгенинин пайдасы көп тийиптир. Немецтердин колунда жүрүп да алардын тактыгын өздөштүргөн. Чарба иштеринде немецтердин катаал тартибин үйрөнүп келип, бизди да ошентип тарбиялады. Балта-чотту ордуна коюп, мал тейлегенде, кийимди иреттегенде тартиби менен иш кылчубуз. Согушта жазган ар бир катын, сыйлыгын, дипломдорунун баарын хронологиялык тартип менен альбомго чаптап, өз архивин өзү түзүп кеткен. Согушта каякка барып эмне иш кылганынын баарын жазып отурган. Анан да мөмө-жемиштин бүт түрүн өстүрчү.
— Көп талантка эгедер болгон экен да...
— Ооба, чоң атабыз диндар, ошол замандын сабаттуу адамы болуптур. Башкырстандан келген татар, дунган молдолор менен жакшы мамиледе болгондуктан аларга бир торпок берип, 1932-жылы атамды арабча окутат. Ошондуктан мектептен пенсияга чыкканда райондун башчылары келип, "арабча билимдүү, диний сабаттуу адамсыз" деп айылга, кийин районго имам кылышкан. Ал кезде бир эле дин болчу. Ар ким ар нерсени айтчу эмес. Атам айылдын имамы катары жети жыл иштеп, айыл аксакалдары менен мечит салдырып, эки жагын татынакай кылып гүлзарга бөлөшкөн. Андан соң районго беш жыл имам болду. 85 жашка келгенде "мен эми карып, алыска чыга албай калдым" деп аксакалдарды чакырып, бир коюн союп, батасын алып, өзү тарбиялаган шакиртине имамдыгын өткөрүп берген киши. Азыр үйдө да 1913-жылы Казандан, Уфадан чыккан Куран китептер сакталып турат. Мындан тышкары, атам ыр жазчу. "Белек" деген да китеби бар. Азыр ушул чыгармаларын кошуп, атамдын өмүр баянын камтып, китебин чыгаруу ниетинде турам.
— Согуштагы каармандыгы үчүн кандай орден, медалдарды алган?
— Көп эле. Беларусь фронтунда жүрүп беш өлкөнү бошотууга катышкан. Алгач Румынияга, андан Югославияга, Болгарияга, Венгрияга өтүшүптүр. Венгриядагы Балатон көлүнүн жээгинде катуу согуш жүргөн дейт. Андан Австрияга барып, жеңиш тууралуу сүйүнүчтүү кабарды ошол жактан угушат. Ошондо бардык жоокерлер "чын эле согуш бүттүбү, эми үйгө кетебизби, аман калдыкпы" деп, отуруп алып ыйлашкан экен. Бирок дароо кетмек каякта. Жол боюнда, токойлордо 50-60тан калып калган немецтер көп эле, ошолорду тазалап кетүү буйругу келип, дагы бир айча ошолор менен кармашышат. Согуш бүткөндө да бир топ аскер ошолордун колунан өлөт. Анткени немецтер да жөн өлүп бербейт да. Атам Согуштагы каармандыгы үчүн, Согуштагы күжүрмөндүгү үчүн медалдары менен аскердик бөлүктө жүрүп сыйланган. Согуштан кийин бир катар орден, медалдарды алды. Ырааккы Чыгышта Япония, Монголия менен Кытайды басып алып, биздин аскерлерди да жиберишет. Ошентип улам бир поездге отуруп жөнөшөт. Атамдар ноябрда Красноярскиге жеткенде "Япония багынып берди, эми кете берсеңер болот" деген буйрук келип аябай сүйүнүшөт. Ноябрда Красноярск аябай суук. Негизи согушта ар бир жоокерге кичине спирт байлап берип койчу экен. Ошону тизесине, буттарына сүйкөп аман калышыптыр. Советтик аскерлердин бир артыкчылыгы — кийимдери жылуу болуптур. Ал эми немецтер жукараак плащтарды кийишкен экен. Согуш жылдары кыш аябай катуу болгонун билесиздер. Атам идеология менен тартип күчтүү болгонун жана ошонун аркасы менен гана жеңгенибизди айтар эле. Немецтер менен огу саналуу мылтык алып согушканыбызга таң калчу. Иши кылып картошка менен капустаны сууга кайнатып, ага бир аз чочконун майын кошуп өлбөстүн айласын кылышыптыр. 1943-жылдан кийин гана куралдарыбыз, кийимибиз, тамагыбыз оңолуптур. Немецтерге болгон жек көрүү да укмуш болуптур. Ошондуктан өлөрүнө карабай "алга" деп ураалап жүрүп отурушкан. Согуш талаасына кирген 200 жоокерден 30-40 пайызы гана аман калчу, бирок ошого карабай мекенди коргоо үчүн өлүмгө тике карап согушка аттанышкан.
© Фото / предоставлено Дуйшоном БатырбековымУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кубанычбек Батырбеков байбичеси менен
Ветеран Великой Отечественной войны Кубанычбек Батырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2025
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кубанычбек Батырбеков байбичеси менен
Атам согуштан кийин да азапты тартты. Анткени КГБдан "колго түшкөндө эмнеге атынып өлбөйсүз" деп суракка алышкан. Иосиф Сталиндин "аскерлер тирүүлөй колго түшпөй атынып өлүшү керек" деген буйругу бар болчу. "Өзүңдү өзүң атуу абдан кыйын экен. Айла жок колго түштүк. Бирок эки жолу тең качып кеттим" дечү. Көбү согуштан келип ушул мыйзамдын айынан соттолгон. Кудай жалгап, атамдын качып келгени боюнча архивдик материалдар Москвадан келип калып, эки жылдай суралып жүрүп кутулган. "Согушта жүргөнүм бир тең, күндө КГБнын суракка алганы бир тең болду" деп көп айтар эле.
Манасчы, этнограф, педагог, кыргыздын элдик оозеки чыгармаларын жыйноочу, таанымал изилдөөчү Ыбырай Абдырахманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2025
Бир академия жасай турган эмгек калтырып кеткен Ыбырай Абдырахманов. Эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0