00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда жасалган паспорттор Түштүк Африкага экспорттоло баштады. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, "Учкун" ишканасы келишимдин негизинде Намибияга 130 миң биометрикалык паспорт жөнөткөн. "Намибиянын делегациясы Бишкекке келип, экинчи келишимди түзүү боюнча жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле алар башка тармактарда дагы "Учкун" менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул — мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү өнүгүп, өлкөнүн полиграфиялык тармагы эл аралык деңгээлге чыгып жаткандыгынын далили", — деп жазган Туманбаев. Буга чейин Гана үчүн да паспортторду Кыргызстан даярдай турганы, дагы бир нече мамлекет менен келишимдерге кол коюу пландалып жатканы айтылган.
Кыргыз тили биздин сыймыгыбыз болушу керек. Мындай пикирин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Ыдырова "Айып пулбу же өнүктүрүүбү: Кыргызстандагы тең салмактуу тил саясатынын мыйзамдык механизмдери" аттуу тегерек столдо билдирди.Анын айтымында, мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керек.Анын пикиринде, кыргыз тилине акырындык менен өтүү үчүн Билим берүү жана маданият министрлиги тил саясатын кайра карап чыгышы керек. Ыдырова мотивациялык программалар, гранттар, окутуунун сапатын жогорулатуу, жаңы методикаларды иштеп чыгуу, IT-куралдар жана мамлекеттик тилдеги субтитрлерди кеңири колдонуу чараларын сунуштады.
Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү жалпы камтуу 44,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова окуу жылынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда толук кандуу бала бакчаларда 257 миңден ашуун бала тарбияланууда. "Биздин максат-жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 60 пайызга чейин жеткирүү. Бул үчүн бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Өткөн окуу жылында бакчалардын жалпы саны бир жылда 85ке өсүп, 1997 мекемеге жетти", - деп билдирди Билим берүү министринин орун басары. Билим берүү тармагындагы реформалар мектепке чейинки билим берүүгө да өз таасирин тийгизди. Мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы стандарты жана бала бакчалардын ишин жөнөкөйлөтүп, аларды ата-энелер үчүн жеткиликтүү кылган бир катар документтер кабыл алынды. Ваучер системасы киргизилип, бул мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун жаңы моделин толугу менен автоматташтырды.
КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук күчтөрү 2024-жылы 550 террордук жана экстремисттик кылмыштарды алдын алды. Бул тууралуу ФСБнын директору, КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери кеңешинин төрагасы Александр Бортников билдирди.Ал КМШ өлкөлөрүнүн антитеррордук түзүмдөрүнүн жыйынына катышканын РИА Новости жазды. "Өткөн жылы КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары жана укук коргоо органдары 550 террордук жана экстремисттик кылмыштарды алдын алып, 5,5 миңден ашык террорчу, экстремист жана жалданма кылмышкерлер аныкталган. Бул категориядагы 1,5 миңден ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган", — деди Бортников.Ал ошондой эле КМШдагы кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн эл аралык террордук уюмдардын лидерлери Киев режимин колдоп согушуп жаткан борбор азиялык адамдарды пайдаланып жатышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0