00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Золото Азии и забытый велотрек: не просто кататься, а добывать победы
08:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Агродиалог 2026: айыл чарбадагы келечектин жол картасы болуп бере алабы
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Где ИИ действительно полезен, а где только создаёт иллюзию прогресса
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.Атайын кызматтын төрагасы дарыгерлердин кайрылуусу боюнча балдар эндоскопия бөлүмүнө 16,5 миллион сомдук SonoScape 550 маркасындагы эндоскоп берген. "Жабдуулар ички органдарды жана ар кандай хирургиялык манипуляцияларды изилдөөгө мүмкүндүк берип, балдардын ар кандай ооруларын дарылоодо медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетет", — деп жазылган маалыматта.
Кыргызстан көп жыл мурда токтоп калган беде үрөнүнүн экспортун жандандырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчи партия менен 40 тонна үрөн Россияга жөнөтүлгөн. Ошондой эле Азербайжанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды. "Бул өлкөдө да мал чарбасын өнүктүрүү үчүн сапаттуу тоютка суроо-талап жогору болууда", — деп айтылат маалыматта. Кыргызстан беде өстүрүүгө бардык жагынан ылайыктуу. Анын үрөнүн экспорттоо дыйкандар үчүн кошумча киреше булагы гана болбостон, өлкөнүн агрардык потенциалын күчөтүп, өлкөнү дүйнөлүк рынокто ишенимдүү айыл чарба өндүрүүчү катары таанытууга өбөлгө түзөт.
Ош шаарындагы таштандыларды утилдештирүү боюнча заводдун мезгил кутуусу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого жана шаар тургундары, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Долбоорлу ишке ашырууда алгач 2023-жылы меморандумга кол коюлса, 2025-жылы 3-мартта долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлуп, бүгүн заводдун расмий курулушуна старт берилип, капсуласы салынды. Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев “Бул долбоор келечекке кам көрүүгө жасалган кадам катары шаардык инфратүзүмдүн жаңылануусун, экологиялык коопсуздукка болгон камкордук”-экендигин айтты. Ошондой эле таштандыларды утилдештирүү менен алгачкы этабында таштандыларды иштетүүчү электр станциясы курулуп, күнүнө 850 тоннага чейин таштандыларды кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ болуп, саатына 30 мегаватт электр энергиясын өндүрө аларын кошумчалады. Кийинки этаптарда жылуулук энергиясын өндүрүү дагы пландалып, кыш мезгилинде шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу, 300 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу каралган.
"Эсимде" фильми Россияда өтүп жаткан "Евразия-Кинофест" иш-чарасынын бир бөлүгү болуп калды. Эки кыргызстандык режиссердун колунан чыккан эмгекте Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы окуялар чагылдырылып, авторлор өз көз карашын берүүгө аракет кылышкан. Фестивалга катышып жаткан режиссерлордун бири Элзар Кадырматов Улуу Ата Мекендик согуш темасы дайым кызыгуу жаратып келгенин белгиледи. "Менин бабам согушка катышкан. Аскердик формасын кийгенде көз карашы да өзгөрүп калар эле, мени ушул көз карашы сүрдөтчү", — деди ал. "Евразия-Кинофест" 26 мамлекеттин кино ишмерлеринин башын бириктирди. "Кыргызстанда таланттуу жаштар арбын, мындай аянтчалар бизге өнүгүүгө, өзүбүздү көрсөтүп, башка мамлекеттерден келген катышуучуларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди Арзыматов.
Жаңылыктар түрмөгү
0