https://sputnik.kg/20250608/bir-zhumaga-karata-aba-yrajy-1094492233.html
Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет 9-июндан 15-июнга чейин өлкө ичинде аба ырайы кандай болору тууралуу божомолду таратты. 08.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-08T17:15+0600
2025-06-08T17:15+0600
2025-06-08T18:03+0600
кыргызстан
аба ырайы
божомол
кыргызгидромет
https://sputnik.kg/img/07e8/06/15/1086285390_0:1633:2048:2785_1920x0_80_0_0_e4333b91da8af9571ea400a69bb992e2.jpg
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет 9-июндан 15-июнга чейин өлкө ичинде аба ырайы кандай болору тууралуу божомолду таратты. Ага ылайык, бир жума ичинде өлкөдө аба ырайы өзгөрүп турмакчы. Кээ бир аймактарда жамгыр жааса, айрымдарында күн ачык болот. Бишкекте апта башында күн ачык эле болору, жамгыр кичине жаашы мүмкүн экени айтылды. 13-14-июнда жаан-чачын күтүлсө, башка күндөрү күн ачык болот. Абанын температурасы эртең, 9-июнда, 36 градуска чейин ысыйт. Башка күндөрү 31...33 градустун тегерегинде болот. Чүй, Талас Чүйдө 10-июнда жана 13-июнда жамгыр жаашы ыктымал. Башка күндөрү тоолуу аймактарда гана өткүн өтпөсө, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең күн катуу ысып, абанын температурасы 32...37 градуска чейин жетиши ыктымал. Башка күндөрү күндүз 28...33, 29...34 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө. Таласта дагы 10-13-июнда жамгыр деп көрсөтүүдө. Башка күндөрү айрым жерлерде эле өткүн өтпөсө, күн ачык болмокчу. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18, күндүз 28...30 градустун тегерегин көрсөтөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен Ош, Жалал-Абадда апта башында күн ачык болору айтылды. 10-11-13-июнда көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы ыктымал. Башка күндөрү тоо этегиндеги райондордо гана өткүн өтөрү айтылды. Ал эми Баткенде шейшембиден тарта 15-июнга чейин көпчүлүк аймактарында өткүн өтөрү божомолдонду. Абанын температурасы үч облуста тең эртең 37 градуска чейин ысыйт. Калган күндөрү 30...32 градустун тегерегинде болот. Нарын, Ысык-Көл облусу Ысык-Көлдө апта ичи ала булут каптап, өткүн өтүп турары айтылды. Анткен менен күн жылуу эле болот, абанын температурасы күндүз 24...29, 23...28 градусту көрсөтөт. Термометр Чолпон-Атада 24...26 градуска чейин жылуу болмокчу. Нарында 10-июнда жана 13-июнда көпчүлүк жерлеринде күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаашы күтүлүүдө. Башка күндөрү айрым жерлерине гана жамгыр төгөрүн айтышты. Теңир-Тоодо апта башында абанын темпетурасы 23...25, экинчи жарымында 20...22 градусту көрсөтөт.
https://sputnik.kg/20250517/aba-yrajy-iyun-kyrgyzstan-1094019117.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/15/1086285390_0:1454:2048:2990_1920x0_80_0_0_d194cd0a84d3988fa52eb6d50ef15920.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аба ырайы, божомол, кыргызгидромет
кыргызстан, аба ырайы, божомол, кыргызгидромет
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет 9-июндан 15-июнга чейин өлкө ичинде аба ырайы кандай болору тууралуу божомолду таратты.
Ага ылайык, бир жума ичинде өлкөдө аба ырайы өзгөрүп турмакчы. Кээ бир аймактарда жамгыр жааса, айрымдарында күн ачык болот.
Бишкекте апта башында күн ачык эле болору, жамгыр кичине жаашы мүмкүн экени айтылды. 13-14-июнда жаан-чачын күтүлсө, башка күндөрү күн ачык болот. Абанын температурасы эртең, 9-июнда, 36 градуска чейин ысыйт. Башка күндөрү 31...33 градустун тегерегинде болот.
Чүйдө 10-июнда жана 13-июнда жамгыр жаашы ыктымал. Башка күндөрү тоолуу аймактарда гана өткүн өтпөсө, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең күн катуу ысып, абанын температурасы 32...37 градуска чейин жетиши ыктымал. Башка күндөрү күндүз 28...33, 29...34 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө.
Таласта дагы 10-13-июнда жамгыр деп көрсөтүүдө. Башка күндөрү айрым жерлерде эле өткүн өтпөсө, күн ачык болмокчу. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18, күндүз 28...30 градустун тегерегин көрсөтөт.
Ош, Жалал-Абадда апта башында күн ачык болору айтылды. 10-11-13-июнда көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы ыктымал. Башка күндөрү тоо этегиндеги райондордо гана өткүн өтөрү айтылды. Ал эми Баткенде шейшембиден тарта 15-июнга чейин көпчүлүк аймактарында өткүн өтөрү божомолдонду. Абанын температурасы үч облуста тең эртең 37 градуска чейин ысыйт. Калган күндөрү 30...32 градустун тегерегинде болот.
Ысык-Көлдө апта ичи ала булут каптап, өткүн өтүп турары айтылды. Анткен менен күн жылуу эле болот, абанын температурасы күндүз 24...29, 23...28 градусту көрсөтөт. Термометр Чолпон-Атада 24...26 градуска чейин жылуу болмокчу.
Нарында 10-июнда жана 13-июнда көпчүлүк жерлеринде күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаашы күтүлүүдө. Башка күндөрү айрым жерлерине гана жамгыр төгөрүн айтышты. Теңир-Тоодо апта башында абанын темпетурасы 23...25, экинчи жарымында 20...22 градусту көрсөтөт.