https://sputnik.kg/20250508/1093822428.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад жыйынтыкталды.Аны президент, Куралдуу күчтөрдүн... 08.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-08T11:00+0600
2025-05-08T11:00+0600
2025-05-08T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/08/1093822296_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_630dce6022f0688a89a2481bada9ec5c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад жыйынтыкталды.Аны президент, Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы Садыр Жапаров кабыл алды. Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган. Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Бишкектин Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев менен Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады. Министрликтин маалымат кызматынынын билдиргенине караганда, эки аткаминер алардын үйлөрүнө барып, арналган белектерин тапшырган.Адегенде борбор калаада жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 101 жаштагы Аспек Жумашевге барышкан. Ал 1942-жылы фронтко чакырылып, кийин ИИМ, НКВД жана чек ара аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. 1949-жылы кайтып келген.
Россиянын президенти жана Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Владимир Путиндин Жеңиштин 80 жылдыгына карата жарыялаган элдешүүнүн убактысы башталды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Россия гуманитардык кадамдардан улам мамлекет башчынын чечими менен Жеңиштин 80 жылдык урматына 8-майга караган түндөн 11-май саат 00:00гө чейин элдешүү жарыялаганын Кремль мурдараак билдирген. РФ буга чейин сунуштаган Пасха учурундагы, ага кошумча 8-9-майдагы бул элдешүү эки мамлекеттин ортосундагы узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга жол издөөгө Киевдин даярдыгын текшерүү экендигин Кремль өкүлү Дмитрий Песков журналисттерге айткан. Ал согуш оту Киев тараптан ушундай эле кадам жасалса токтой турганын, эгерде россиялык позицияларга, объектилерге сокку уруу аракети улана берсе, дароо жооп болорун кошумчалады. Владимир Зеленский өткөндө Пасха учурундагы кепке келип, атышпай туруу тартибин сактоого олку-солку болуп жатып макул болгону менен кийин аны сактаган эмес. Путин сунуштаган элдешүү 19-апрель саат 18.00дөн 21-апрель саат 00.00гө чейинки мөөнөттү камтыган.
АКШ президенти Дональд Трамп украин кризиси кандайдыр бир чечим кабыл алуучу чекке жеткенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды."Айтор, бир чечим кабыл ала турган мезгилге жеттик. Мындай кырдаал мага көп жага бербей турат", — деген Трамп Ак үйдөгү иш-чаралардын биринде.Өлкө башчы чечимдер кандай мүнөздө болорун, аларды ким кабыл аларын ачыктаган эмес.
Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад жыйынтыкталды.Аны президент, Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы Садыр Жапаров кабыл алды. Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан көз жумган. Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Бишкектин Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев менен Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады. Министрликтин маалымат кызматынынын билдиргенине караганда, эки аткаминер алардын үйлөрүнө барып, арналган белектерин тапшырган.Адегенде борбор калаада жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 101 жаштагы Аспек Жумашевге барышкан. Ал 1942-жылы фронтко чакырылып, кийин ИИМ, НКВД жана чек ара аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. 1949-жылы кайтып келген. Россиянын президенти жана Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Владимир Путиндин Жеңиштин 80 жылдыгына карата жарыялаган элдешүүнүн убактысы башталды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Россия гуманитардык кадамдардан улам мамлекет башчынын чечими менен Жеңиштин 80 жылдык урматына 8-майга караган түндөн 11-май саат 00:00гө чейин элдешүү жарыялаганын Кремль мурдараак билдирген. РФ буга чейин сунуштаган Пасха учурундагы, ага кошумча 8-9-майдагы бул элдешүү эки мамлекеттин ортосундагы узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга жол издөөгө Киевдин даярдыгын текшерүү экендигин Кремль өкүлү Дмитрий Песков журналисттерге айткан. Ал согуш оту Киев тараптан ушундай эле кадам жасалса токтой турганын, эгерде россиялык позицияларга, объектилерге сокку уруу аракети улана берсе, дароо жооп болорун кошумчалады. Владимир Зеленский өткөндө Пасха учурундагы кепке келип, атышпай туруу тартибин сактоого олку-солку болуп жатып макул болгону менен кийин аны сактаган эмес. Путин сунуштаган элдешүү 19-апрель саат 18.00дөн 21-апрель саат 00.00гө чейинки мөөнөттү камтыган.АКШ президенти Дональд Трамп украин кризиси кандайдыр бир чечим кабыл алуучу чекке жеткенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды."Айтор, бир чечим кабыл ала турган мезгилге жеттик. Мындай кырдаал мага көп жага бербей турат", — деген Трамп Ак үйдөгү иш-чаралардын биринде.Өлкө башчы чечимдер кандай мүнөздө болорун, аларды ким кабыл аларын ачыктаган эмес.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/08/1093822296_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_37cb26de79c2765b39df7a2cbdfc624a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио