00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карап, чечим чыгарганын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, буга чейин Бакиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко “адамды сыртынан соттоп, өкүм чыгаруу Конституцияга канчалык туура келерин” кароону суранып кайрылган. “Конституциялык сот эгер адам жоопкерчиликтен качып, чет өлкөгө чыгып же экстрадициялоо мүмкүн эмес болсо сыртынан өкүм чыгаруу Баш мыйзамга дал келет. Бирок адам Кыргызстанга кайтып келип, сот алдында жооп берүүгө даяр болсо анда ал ишин кайра каратууга укуктуу деген чечим чыгарды”, — деп жазылат маалыматта. Бул норма Кыргызстандын бардык жарандары үчүн иштей турганы белгиленди. Курманбек Бакиев 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Кийин сот аны, Мамлекеттик коргоо кызматынын башчысы Жаныш Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Ак үйдүн алдында массалык ок атууга күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок кийин Жогорку Сот 60тан ашкандарды өмүр бою абакка отургузуу жазасы колдонулбагандыктан Курманбек Бакиевдин жазасын өзгөртүп, 30 жылга кыскарткан.**Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо, чек арадан өтөрү менен камалат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык баракчасынан билдирди. Ал Конституциялык сот көз карандысыз экенин, анын чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок экенин айткан. "Курманбек Бакиев боюнча Жогорку соттун өкүмү күчүндө турат. Ошондуктан эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалат", — деди УКМК жетекчиси.
Бишкек шаарында 40 күнгө ысык суу токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.Маалыматка караганда, 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу түтүктөрү оңдолуп, профилактикалык иштер жүргүзүлөт.
РФ президенти менен Америка лидеринин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун сүйлөшүүсү 4,5 сааттан кийин жыйынтыкталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Жолугушуу Санкт-Петербургдагы президенттик китепкананын имаратында өткөн. Кремль жолугушуунун темасы Украинадагы жаңжалдын аспектилери болгонун билдирди. Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу болду деп сыпаттаган. Кечээ эртең менен президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Уиткофф менен жолугушкандан кийин Путин Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүшү мүмкүн экенин айткан. Ак үйдүн атайын өкүлү келген учак жума күнү эртең менен Пулково аэропортуна конгон. Бул Уиткоффтун Россияга үчүнчү жолу келиши. Буга чейин ал Москвага 13-мартта келип, Россиянын жогорку рангдагы өкүлдөрү менен жолугушкан, ошол эле күнү кечинде аны Путин кабыл алган. Песков анда ал Украина боюнча кошумча маалыматтарды алып келгенин, ал эми Россия президенти америкалык кесиптешине айтчу сөздөрүн Уиткофф аркылуу жолдогонун айткан.Февраль айынын башында Уиткофф Россияга аткезчилик жана баңгизат сактоо үчүн камалган Марк Фогелди айырбаштоо тууралуу сүйлөшүү үчүн келип кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0