00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Что связывало кыргызов с древними тюрками - беседа с историком
14:08
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
17:04
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт — U20 командасы чемпиондук үчүн ат салышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Ранняя помощь и поддержка семей: разговор об аутизме с психиатром из России
20:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов тууганчылык түшүнүгүн мыйзам менен тактоону сунуштады. Ал "Үй-бүлө кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Тактап айтканда, анда нике эркек менен аялдын ортосунда түзүлөрү гана жазылган. "Үй-бүлө кодексинин редакциясында "нике" деген түшүнүк айтылган, бирок так аныктамасы жок. Сунушталган толуктоолор эркек менен аялдын ортосундагы никелешүүнүн так аныктамасын киргизет", — деп жазылган негиздемеде.Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда тууганчылык түшүнүгүн тактоо, ошондой эле жакын туугандардын категорияларын аныктоо сунушталган.
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна кошумча эки галерея жана үч эстакадалык көпүрө курулат. Мындан улам жол кийинки жылы ачыла турганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Чечим жолдун кооптуу тилкелерине жүргүзүлгөн илимий байкоолордун жыйынтыгы менен кабыл алынган. "Кар көчкүдөн коргоочу эки галерея жолдун жана сел өтүүчү сайлардын үстүнө үч эстакадалык көпүрө курулат. Мындан тышкары, аталган долбоордун алкагында Барпы айылынан тарта Сафаровка айылына чейин 25 чакырым айланма жол куруу пландалууда", — деп жазылган маалыматта. Натыйжада ушул жылдын май айына пландалган Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун ачылышы 2026-жылга жылдырылганы кошумчаланды.
Кыргызстан Борбор Азиядагы эң ири гидроэнергетикалык потенциалга ээ. Бул тууралуу "РусГидро" ААКнын башкы директорунун долбоорлорду куруу жана эл аралык кызматташуу боюнча орун басары Сергей Мачехин билдирди. Ал Бишкекте өткөн "Гидроэнергетика – Борбор Азия жана Каспий" аталышындагы IX эл аралык конгрессте сүйлөгөн. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Грузия, Түркия, Иран жана Армения мамлекеттеринен өкүлдөр катышууда. "Кыргызстан региондогу эң чоң гидроэнергетикалык потенциалга ээ, бирок, тилекке каршы, эң начар өнүккөн. Алдыда бүткүл Борбор Азияга пайда алып келе турган иштер көп", — деди Мачехин.
Бишкекте заманбап IT-хаб курула турганын санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Ал белгилегендей, бул иштер Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө. "Бул жакшы жабдылган ири IT-хаб болот. Анда жылына беш миңге чейин мамлекеттик кызматкерлер окутулуп, квалификациялары жогорулатылат. Объект борбордун жогорку бөлүгүндө жайгашат. Учурда жер тилкеси аныкталып, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда", — деди Жамангулов. Санарип инфраструктурасын түзүү долбооруна кореялык тарап 14 миллион доллар бөлөрү мурда маалымдалган.
Жалал-Абад шаарында тургундар акысыз медициналык текшерүүдөн өтүштү . Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара "Борбор Азия" эл аралык медициналык университетинде орун алып, Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулду. Акциянын алкагында рентген, УДИ, ЭКГдан акысыз өтүп, кандын 10 анализи бекер текшерилди. Ошондой эле текшерүүдөн кийин ден соолугу мыктылар донор болуп кан тапшырышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0