Молдо Нияз кыргызда өз колу менен китеп жазып калтырган жалгыз инсан. Маек

© Photo / Pexels / Hatice BaranАраб жазуулары. Иллюстративдик сүрөт
Араб жазуулары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2023
Жазылуу
Быйыл өз заманынын илимдүү акыны, агартуучу Молдо Нияздын (Нияз Эрназар уулу) 200 жылдыгы белгиленет. Кыргыз элинин маданий мурасына зор эмгек калтырган залкар инсан изилденүүгө муктаж.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында конокто акын, ойчул, философ, агартуучу жана кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст — "Санаттар" аттуу кол китептердин автору Молдо Нияздын урпактары Абдималик жана Сапарали Бекмурзаевдер болду. Биз залкардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
© SputnikАбдималик Бекмурзаевдер
Потомок Молдо Нияза Абдималик Бекмурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2023
Абдималик Бекмурзаевдер
— Молдо Нияздын өмүрү чыгармачылыгы тууралуу эмнелерди айтсак болот?
А.Б.: — Буга чейин ортодо көп нерселер жазылып, айтылып да жүрөт. Молдо Нияз атам 1823-жылы Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын Кара-Дабан кыштоосунда жарык дүйнөгө келген. Өзү бийдин баласы болгон. Дулдул бий, Сумул бий деген чоң аталарыбыз болуп келип, анан ошол жерден эл башкарган, журт башкарган кишилердин тукумунан болот. Эрназар чоң атабыз ошол кездин эл башкарган кишиси экен. Анын Молдо Нияз жана Жүсүбаалы деген эки уулу болот. Жүсүбаалы чоң атабыз ошол кезде Кокон хандыгына таасирдүү адамдардан болуп, Ташкенттеги орус баскынчылыгында Алымкул аталыктын жетекчилиги астында орустарды тоскон. Ташкенттен келгенден кийин Полот хандын (Исхак молдо) буйругу менен дарга асылган. Тогуз кызы болгон экен. Полот хан чакыртып жатат дегенде кетип бара жатып элине "кайра кайтпашым мүмкүн болуп турат. Эгер келбей калсам, менчик жеримди мүрзө кылгыла, элге бердим" деп кеткен экен. Ошентип, мууздалып сөөгү келгенде өз жерине коюлган. Ал мүрзө 144 жылда толуп, эми башка жер котордук. Жеке көз карашымда, Молдо Нияз атамдын окуп билим алып калышына ошол кишинин колдоосу бар. Молдо Нияз Кокон хандыгы мезгилинде өз заманынын билимдүү инсаны болуп, дервиш катары кыдырып уккан-көргөнүн кагазга түшүргөн акын. Биринчи жолу ырларын китепке өз колу менен жазып таркаткан адам. Муну 1957-жылы үйүбүзгө барган окумуштуу Болот Юнусалиев да тастыктап жатат. Молдо Нияз ошол доордун кыргыз элитасын көрүп, баарлашып, Кыргызстандын төрт бурчун кыдырып чыккан инсан. Курманжан даткага эки жолу кезиккен. Кийин балдары камалып, мүңкүрөп турганда да барган. Ат-Башы, Ак-Талаага чейин барып, жолдо Жантайдын балдары Шабданды көргөнү жазылып турат.
Асанкалый Керимбаевдин ата-теги тарыхта "беш каман" деп терс жазылып калган. Молдо Нияз Керимбай манаптын ашына да катышып, анын балдарынын тартиптүүлүгүн, аштын кандай өткөнүн жазып калтырган. Бул так маалымат. Алымбек датканы ким атканын аттарынан бери даана жазган атабыздын китеби жалгыз тарыхый булак болуп эсептелет. Совет мезгилинде бул кишини Болот Юнусалиевден башка изилдегендер болгон жок. Юнусалиев үйдө турган китептерин (2-3 китеп —ред.) Илимдер академиясына алып келип өткөрүп койгон экен. Так маалыматтар ошондон сакталып калган. Эгемендүүлүк алган жылдары атабызды изилдөөгө алган Абдыганы Эркебаевдин, Омор Соороновдун, Молдосабыр аттуу жигиттин эмгектери зор болду. Молдо Нияз чагатай тилинде жазган экен. Аны Омор Сооронов менен Молдосабыр кыргызчалаган.
Салих Исмаевдин небереси Жапар Исмаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Кыргыздардын кат-сабатын жоюуга жөнөтүлгөн казандык мугалим Салих Исмаев
— Молдо Нияз чынында масштабдуу түрдө изилдене элек. Быйыл 200 жылдыгы белгиленет эмеспи…
— Негизи урпактардан жакшы билгендер өтүп кетти жана изилдегендер өзүбүздөн чыкпай калды. Өткөн кылымдын 70-жылында Молдо Ниязды көргөн, аны жакындан мыкты билгендер бар эле. Ал кезде мен бала болчумун, маани бербепмин. Уккандарым кулагымда болгону менен изилдөө башка да. Алар билгендеринин көбүн кагазга түшүрбөй кетишти. Атабыз болгону уламышка айланып бара жатканы өкүндүрөт. Эл арасында кимде-ким Молдо Нияздын кол жазмаларын сактап жүргөн болсо берсеңер сый акысын деле берет элек. Болгону элге жетип калса деген тилек. Такталбаган маалыматтар боюнча көп сөзү эл арасында уламышка айланып кеткен. Бала кезде Молдо Нияздын китебинин ар бир барагын айрып тамакка алмаштырган учурлар болгонун укчумун.
Негизи китептери Чоң-Алайда бар экени айтылып жатат. Жайында барып сүрүштүрөйүн деп турам. Ошондой эле өзбек жазуучусу Хамза Хакимзада Ниязи Кыргызстандагы өзбек анклавы Шахимарданда мугалим болуп иштеп кеткен. Аны Молдо Нияздын уулу экен деген уламыштар айтылып жүрөт. Бул эч кандай чындыкка дал келбейт. Ал кишинин бизге тиешеси жок.
Жакында эле тарыхчы Кыяс Молдокасымов Ташкентте Молдо Нияздын 1900-жылкы кол жазмалары бар экенин айтып келди. Негизи биз чоң атабызды 1896-жылы каза болгон деп жүрбөйбүзбү. Ошол себептен Кыяс Сатарович менен дагы жолугуп такташыбыз керек болуп турат.
Себеби менин таятам да эл керегине жараган агартуучу, жазмакер адам болгон. Ал кишинин араб арибинде жазылган күндөлүгү балдарында бар. Бирок аны өзүм колго алып көрө элекмин. Ошол күндөлүктө Молдо Нияз атамдын каза болгонун жана жерге бергенде абдан көп эл келгенин сүрөттөп жазыптыр. Шахимарданда пайгамбарыбыздын сахабасы Азиретаалы жаткан мүрзөгө чоң атабызды ардактап коюшкан экен. Ал убакта таятам төрт жашар бала элем деп жазыптыр. Таятам 1892-жылы туулса, чоң атабыз демек 1896-жылы каза болуптур деп жүрөбүз.
— Молдо Нияз ошол доордогу эл жакшылары: Курманжан датка, Полот хан, Шабдан баатырлар менен жолукканын айтып жатасыз. Дагы башкалар менен да кездешкенби?
— Кудаяр хандын чакыруусу менен ордого барган деген такталбаган маалыматтар бар. Муну чоң аталарымдан уккам. Кудаяр хан атабыздын анча-мынча ырларына тыюу салганда "мен элдин кишисимин, чектелбейм" деп жооп берген экен. Ошол кезде да цензура бар экен деп калдым.
Жолболду Алыбаев сөзүн жазган "Даткайым" аттуу белгилүү ыр Молдо Нияздыкы. Бир ирет ал Маргуланда базарда жүрсө Базар-Коргондун айтылуу беги (атын унутуп жатам — А.Б.) "жүрүңүз, меникинде мейман болуңуз" деп үйүнө алып барган экен. Анын аялынын сулуулугун, тазалыгын көрүп суктанып ушул ырды жараткан. Чоң атабыз балдарды да окуткан. Окуучусу болгон 96 жаштагы Назар ата "Молдоке каза болуптур десе, эми окубайбыз деп аябай сүйүнгөм" деп эскерчү (күлүп).
© SputnikСапарали Бекмурзаев
Потомок Молдо Нияза Сапарали Бекмурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2023
Сапарали Бекмурзаев
— Молдо Нияздын урпактары кайсы багытта кеткен?
Сапарали Бекмурзаев: — Бекмурза атабыз 42 жашында, 1941-жылы июль айында өз каалоосу менен фронтко барган экен. Бирок азыркы күнгө чейин сөөгү кайда коюлганы табылбай жатат. Урпактарынан айыл чарбасынын мыкты адистери, медиктер, агартуучулар, аскер кызматкерлери чыкты. Болгону совет идеологиясы менен эч кимибиз атабызды изилдебептирбиз. Өкүнүчтүү. Молдо Нияз атамдын китебинде географиялык жактан да ар бир жердин аты так жазылган.
— Молдо Нияздын дервиш болгондугун айтабыз. Бул деңгээлге жетүү үчүн динден кабары бар болуу керек эмеспи...
— Бизде Өзбекстан менен чектеш Маргуланда дин мыкты окутулган. Азыркыга чейин ошол салт сакталып келе жатат. Кашкарга барганы менен билим алганы такталбаган. Дервиш — жөн эле тентип жүргөн адам эмес, алар агартуучулар. Буга дүйнө тааным керек. Ал кезде жазгандар чанда кездешкен.
— 200 жылдык мааракеге даярдыктар журүп жатабы?
С.Б.: — Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата Кыяс Молдокасымов агабыз көп иш-чараларды жүргүзүп, изилдеп жатат. Чоң атабыз тууралуу маалыматтардын көбү Алматыда жана Ташкентте болушу ыктымал экен. Анткени мурда архивдик материалдар ошол жакта сакталган. Молдо Нияз атындагы фонд да бар. 200 жылдык мааракеси качан өтөрү белгисиз. Күзүндө мамлекеттик деңгээлде белгиленет деп турабыз. Негизи мааракеде жеп-ичип эле туруп кетүүнү жактыра бербейбиз. Илимий чоң конференция өткөрүү оюбузда бар.
А.Б.: — Эски үйү, бир да мык кагылбаган 200 жылдан ашык жашаган сандыгы бар. Ошол үйдүн үстүн бийиктетип жаап, колдонгон эски буюмдары менен музей ачсак дейбиз. Үңкүрү бар эле. Ал жартысы үңкүр, жарымы арчадан жасалган жайды мектеп кылган. Азыркы күндө арчадан жасалган оймо-чиймелүү бастырмасы сүрүлүп кетти. Аны да сактайбыз. Молдо Нияздын он китеби бар экени айтылат. Бирок азыр үчөө эле академияга өткөрүлгөн. Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо – булар кыргыздын туткасы. Залкарлардын мааракесинде той-топур менен ичип-жеп, тарап кетүү жарабайт. Илимий изилдөөгө басым жасоо керек.
Кыргыз элинин дагы бир көрүнүктүү уулу, жазуучу, прозаик, саясатчы, коомдук ишмер Казат Акматов уулу Азим менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам
Жаңылыктар түрмөгү
0