00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Парламенттин биргелешкен комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууларды колдоп берди. Жогорку Кеңештин депутаттарына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Төмөнкү үч макулдашуу колдоо тапты: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуу; Автомобиль жолдорун куруу, жабдуу жана кесилиштерди пайдалануу (Төрт-Көчө) боюнча макулдашуу; Эки өлкөнүн министрлер кабинеттери ортосунда суу чарба жана энергетика объектилерин жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишкердик активдүүлүктүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын экономикасындагы ишкердик активдүүлүк өсүү динамикасында болсо, ал эми Армения менен Беларустуку жайлап жатат. Комиссиянын мартка карата божомолуна ылайык, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда учурдагы тенденция сакталат. Ал эми Россияныкы басаңдоого өтсө, Арменияда жайлоо уланат. "ЕАЭБдеги ишкердик активдүүлүктүн динамикасы кыска мөөнөттүү келечекке божомолдонот. Анда экономиканын негизги тренддери жөнүндө маанилүү маалыматтар камтылат", — деп белгилейт ЕЭК.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул жылы орозо 1-марттан башталарын маалымдаган. Тамак, ушак, жаман сөз, жаман жүрүм-турумдан тыйылуунун бир айлыгынын астында муфтият орозо кармоо эрежелери тууралуу башкармалыктын адал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу жооп берди. "Орозо — бул мектеп. Анда бир гана тамак-аш, суусундуктан гана эмес, руханий жактан дагы тазаланыш керек. Орозодо адам өзүн-өзү тарбиялайт. Жаман сөздөрдү айтуудан, ушактан, тилдөөдөн карманат. Ошондон алган күчү бир жылга жетсе сонун болот. Бул эми бардык учурда бизден талап кылынган адеп-ахлактар. Бирок орозо кармаган адам бирөөнү тилдесе, сөксө орозосунун сообу кемиши мүмкүн, орозо өзү бузулбайт", — деп түшүндүрдү ал. Мындан тышкары, ооз ачырган адамга кайра жооп иретинде ооз ачыруу динде талап кылынбай турганын айтты. Ошондой эле саарлык ичпегендердин орозосу кабыл болорун, бирок саарлыкта сооп бар экенин кошумчалап, аны ичүү сунушталарын белгиледи.
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Европадан келген товарларга, анын ичинен автокөлүктөргө 25 пайыздык алым киргизген чечим чыгарарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Бул боюнча чечим кабыл алдык. Жакында жарыялайбыз. Жалпысынан алганда бул 25 пайызды түзүп, автокөлүк жана башкаларына да тиешелүү болот", — деген ал министрлер кабинетинин биринчи отурумунда. Трамп Европа биримдиги америкалык автоунааларды кабыл албай жана АКШга басым жасап жаткандыгын кошумчалаган. "Канадага караганда Европа биримдиги таптакыр башка нерсе, себеби алар чындыгында эле бизди башкача колдонуп келген. Автокөлүктөрүбүздү да кабыл ала беришпейт", — деген Трамп. Президент муну менен катар эле аталган биримдикти Америкага карата ичи жылыбайт деп күнөөлөдү. "Келгиле, ачык але айталы. Европа биримдиги Кошмо Штаттарды алдаш үчүн түптөлгөн. Алар койгон максатына жетти. Бирок эми мен президентмин", — деген Трамп.
Жаңылыктар түрмөгү
0