00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин биргелешкен комитетинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуулар каралды. Маселе боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Ал тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар менен иштөөгө ыктап келгенин, ал эми Кыргызстан 1991-жылдагы документтерге таянганын белгиледи. "Соңунда келишим 1924-1927-жылдардагы эмес, 1991-жылы кабыл алынган документтер менен азыркы биз жашап турган чек аралар боюнча такталды. Ушуга экинчи тарап макул болду", — деди Ташиев. Ага ылайык, Лейлек районунан жалпы 190 гектар жер алмашылат; "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынын жарымы тажик тарапка берилди. Ал үчүн 750 гектар жер компенсация катары алынат. Баткен районунан 142 гектар жер берилип, Исфарадан жалпы 143 гектар жер алынды; Достук айылы тажиктерге толук өтүп, ордуна 121 гектар жер алынат. Ворух анклавындагылар 19 миң гектар жерди пайдаланып келген. Ал 14,5 миң гектарга чейин кыскартылды. Ошондой эле тажик тараптын суранычы менен анклавдын айланасынан миң гектар жайыт берилип, ордуна Чоң-Алай тараптан миң гектар жайыт алынат; Бир нече ызы-чууга себеп болгон Төрт-Көчөгө нейтралдуу макам берилет. Жолдун жүрүүчү бөлүгү – 10 метр, эки тарабында 15 метрден коопсуздук тилке болот. Жалпы туурасы 40 метр болгон жол нейтралдуу аймакка айланат жана эки тарап тең пайдаланат; чек аранын сыртында калып кеткен суу жана энергетика объектилерине тоскоолдуксуз кирип-чыгууга шарт түзүлөт. Жыйынтыгында депутаттар макулдашууну колдошту.
Кыргызстан экинчи сорттогу мамлекет эмес. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Европарламенттен келген делегация менен жолугушууда билдирди. Президент адам укуктары одоно бузулган фактылар бар экенин айтып, аны Европарламент көз жаздымда калтырып, Кыргызстандагы кичинекей нерсени дүйнөгө дүңгүрөтүп айтып чыгарына нааразы болгон. "Чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды кабыл алганыбызда "НПО, НКОнун укуктарын бузуп жатасыңар" деп Европарламентте, АКШда сөз болду. Аны "Россиядан көчүрүп алгансыңар" деп күнөөлөп чыктыңар. Чынында ал Россиянын эмес, АКШнын мыйзамы. Европанын ар бир өлкөсүндө НПО, НКО бар. Алар каттоодо турат, отчет берет, салык төлөйт. Бизге келгенде эле эмнеге төлөбөшү керек? Биз экинчи сорттогу мамлекет эмеспиз да", — деген Жапаров. Мамлекет башчы былтыр апрелде "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилип, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдар "чет элдик агент" деп аталат.
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Европадан келген товарларга, анын ичинен автокөлүктөргө 25 пайыздык алым киргизген чечим чыгарарын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Бул боюнча чечим кабыл алдык. Жакында жарыялайбыз. Жалпысынан алганда бул 25 пайызды түзүп, автокөлүк жана башкаларына да тиешелүү болот", — деген ал министрлер кабинетинин биринчи отурумунда. Трамп Европа биримдиги америкалык автоунааларды кабыл албай жана АКШга басым жасап жаткандыгын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0