https://sputnik.kg/20250204/1091825243.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Эл аралык жүк ташууда уруксат берүү бланктары электрондоштурулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Санариптик... 04.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-04T08:59+0600
2025-02-04T08:59+0600
2025-02-04T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/04/1091825111_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ac0813164909ec0db28ac04ad127f7c1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Эл аралык жүк ташууда уруксат берүү бланктары электрондоштурулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Санариптик өнүктүрүү секторунун башчысы Улан Орозбеков билдирди. Анын айтымында, документти электрондоштуруу иштери ведомствонун санариптештирүү боюнча алдыда аткара турган иш планына киргизилген. Улан Орозбеков мекеменин жана жарандардын ишин жеңилдетүүгө жана ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган башка да мерчемделип жаткан иштерин тизмектеп берди. Ири көлөмдүү, бөлүнбөс жана оор салмактагы жүктөрдү ташууга уруксат кагаздарды онлайн форматта берүү жана эл аралык жүк ташууда уруксат берүү бланктарын өлкөлөр ортосунда электрондук түрдө алмашуу системасын иштеп чыгуу; Салмак-габариттик контролдоо пункттарын автоматташтырууну ишке ашыруу. Анын жардамы менен адам факторун жоюуга, коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга, автомобиль жолдордун абалын жакшыртууга шарт түзүлмөкчү; Министрликте кагаз түрүндө жүргүзүлүп келген маалыматтар базасын, ошондой эле жол-транспорт реестрлеринин электрондук версияларын түзүү каралууда.
Кыргызстанда картошканы экспорттоого тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чара социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон баалардын негизсиз жогорулашын алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына бааларды туруктуу кармоо максатында көрүлүүдө. Эске салсак, 2025-жылдын 1-февралында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүк бааларына байланыштуу маселелер боюнча кеңешме өткөргөн. Анын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министрлигине, Антимонополдук жөнгө салуу кызматына, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына азык-түлүктүн баасын тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырган.
Министрлер кабинети 2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу токтомун жокко чыгарды. Тактап айтканда, иш күнү деп жарыяланган ишемби күндөрдүн баары эми дем алыш болот. Жаңы Эмгек кодексине ылайык, кыргызстандыктар 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрь күндөрү эс албайт, иштейт. Ошондой эле ишемби же жекшембиге туш келген майрамдарды жылдыруу ыкмасы да жоюлду.
Германиянын вице-канцлери жана өлкөнүн экономика министри Роберт Хабек эгер АКШ президенти Дональд Тромп Европадан барган товарларга бажы салыгын киргизсе, ЕБ мамлекеттери да салыктын ушул түрү менен жооп бере аларын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Биз жооп иретиндеги бажы салыгын киргизүүгө даярбыз. Америкалыктар бул жакшы эмес демилге экенин түшүнүшү керек. Алар дагы жоготууга дуушар болорун айтышыбыз кажет. Оюбуз ишке ашпай калган күндө да кол жоолук болуп калбашыбыз керек", — деген Хабек Kölner Stadt-Anzeiger гезити уюштурган иш-чарада. Анын айтымында, Германиянын экономикасы Европада ушу тапта алсыз болуп турат.
Эл аралык жүк ташууда уруксат берүү бланктары электрондоштурулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Санариптик өнүктүрүү секторунун башчысы Улан Орозбеков билдирди. Анын айтымында, документти электрондоштуруу иштери ведомствонун санариптештирүү боюнча алдыда аткара турган иш планына киргизилген. Улан Орозбеков мекеменин жана жарандардын ишин жеңилдетүүгө жана ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган башка да мерчемделип жаткан иштерин тизмектеп берди. Ири көлөмдүү, бөлүнбөс жана оор салмактагы жүктөрдү ташууга уруксат кагаздарды онлайн форматта берүү жана эл аралык жүк ташууда уруксат берүү бланктарын өлкөлөр ортосунда электрондук түрдө алмашуу системасын иштеп чыгуу; Салмак-габариттик контролдоо пункттарын автоматташтырууну ишке ашыруу. Анын жардамы менен адам факторун жоюуга, коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга, автомобиль жолдордун абалын жакшыртууга шарт түзүлмөкчү; Министрликте кагаз түрүндө жүргүзүлүп келген маалыматтар базасын, ошондой эле жол-транспорт реестрлеринин электрондук версияларын түзүү каралууда.Кыргызстанда картошканы экспорттоого тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чара социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон баалардын негизсиз жогорулашын алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына бааларды туруктуу кармоо максатында көрүлүүдө. Эске салсак, 2025-жылдын 1-февралында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүк бааларына байланыштуу маселелер боюнча кеңешме өткөргөн. Анын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министрлигине, Антимонополдук жөнгө салуу кызматына, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына азык-түлүктүн баасын тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырган.Министрлер кабинети 2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу токтомун жокко чыгарды. Тактап айтканда, иш күнү деп жарыяланган ишемби күндөрдүн баары эми дем алыш болот. Жаңы Эмгек кодексине ылайык, кыргызстандыктар 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрь күндөрү эс албайт, иштейт. Ошондой эле ишемби же жекшембиге туш келген майрамдарды жылдыруу ыкмасы да жоюлду. Германиянын вице-канцлери жана өлкөнүн экономика министри Роберт Хабек эгер АКШ президенти Дональд Тромп Европадан барган товарларга бажы салыгын киргизсе, ЕБ мамлекеттери да салыктын ушул түрү менен жооп бере аларын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Биз жооп иретиндеги бажы салыгын киргизүүгө даярбыз. Америкалыктар бул жакшы эмес демилге экенин түшүнүшү керек. Алар дагы жоготууга дуушар болорун айтышыбыз кажет. Оюбуз ишке ашпай калган күндө да кол жоолук болуп калбашыбыз керек", — деген Хабек Kölner Stadt-Anzeiger гезити уюштурган иш-чарада. Анын айтымында, Германиянын экономикасы Европада ушу тапта алсыз болуп турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/04/1091825111_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ceb0d66544d5ab228aa9aaa33712fd15.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио