00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
21:53
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Об экономике и не только
Железная дорога Китай — Кыргызстан — Узбекистан: над какими оргвопросами стоит задуматься властям
20:05
55 мин
Ачык кеп
Жаңы билим берүү мыйзамына ылайык ЖОЖдордо айрым маселелер өзгөртүлүүдө
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстандын ТИМ башчысы Казакстанга баратЖМКлар Евробиримдик Трамптан улам түйшөлүп жатканын жаздыМИК кыргызстандыктар кылмышкерлерден конфискацияланган батирлерди ала аларын билдирдиАлдыда кененирээкКыргызстандыктар соттолгон адамдардын конфискацияланган батирлерин сатып ала алышат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Нурадил Баясов Sputnik агенттигиндеги брифингде билдирди.Анын айтымында, январь айында 80 батирди ээсине тапшыруу пландалууда. Мындай кыймылсыз мүлктү алуу жолдору: батирди узак мөөнөттүү ижарага алуу программасынын алкагында; алуучу 19 жаштан өйдө курактагы Кыргызстандын жараны болушу керек; соңку үч жыл ичинде кыймылсыз мүлкү жана ага байланыштуу келишимдери болбошу керек; алгачкы төлөм катары батирдин 50 пайызы төлөнөт; баасы льготалык же социалдык ипотека менен берилген батирлерден жогору болот.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-11-январда Казакстанга барат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Кулубаевди Казакстандын премьер-министринин орун басары — ТИМ башчысы Мурат Нуртлеу чакырган. "Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланат", — деп айтылат маалыматта.
Киши өлтүргөн адамга жасалма паспорт берилип, ал Россияга барып дагы бир адамды өлтүргөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмышка Талас облусундагы райондордун биринин паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери шектелүүдө. "2008-жылы Жайыл районунда 46 жаштагы аял 1985-жылкы уулу тарабынан өлтүрүлүп, шектүү дайынсыз болгон. Арадан 16 жыл өткөндөн кийин, 2012-жылы, жасалма паспорт алып жашырынып жүргөнү аныкталган. Иликтөөнүн учурунда ал 2022-жылы Россияда 27 жаштагы кызды сабап өлтүрүп, кесилип кеткени аныкталган. Ага чейин Кыргызстанга келип паспортунун мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу алмаштырып кеткен", — деп жазылган маалыматта.
ИИМдин тергөөчүсү жана министрдин орун басары Эркебек Ашихожаевдин айдоочусу УКМКга сурак берди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин айрым ЖМКлар алар пара талап кылууга айыпталып жатканын кабарлашкан. "Иш жүзүндө баары башкача. Аларды УКМКга күбө катары чакырып, сурактан кийин кое берген", — деп айтылат маалыматта. Министрлик такталган гана маалыматты таратуу зарылдыгын кошумчалаган.
Евробиримдиктин аткаминерлери АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп, Жозеф Байдендин антироссиялык жарлыктарын жокко чыгарып салышы мүмкүн деп тынчсызданып жатат. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү басылмага таянып жазды. Басылма ЕБдеги тынчсыздануулар өсүп жаткан учурда Байдендин чыгарган жарлыктарын, өзгөчө Россияга каршы документтерди карап чыгуу боюнча эксперттик топ түзүлгөнүн билдирүүдө. "Еврокомиссиянын жогорку кызматтагы аткаминерлери бул жокко чыгаруу ЕБдин саясатына кандай таасир берерин түшүнүү үчүн Байдендин Россияга каршы санкцияларынан тарта соода, киберкылмыштуулукка чейинки жарлыктарын анализдөөгө камынды", — деп айтылган анда. Басылма ЕБ Байден киргизгени үчүн эле Трамп бир катар маанилүү деген чараларды токтотуп коюшу мүмкүндүгүн белгилеп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0