https://sputnik.kg/20241231/tushtuk-koreyanyn-sotu-prezidentin-karmoogo-order-berdi-1091182164.html
Түштүк Кореянын соту биринчи жолу президентин камакка алууга ордер берди
Түштүк Кореянын соту биринчи жолу президентин камакка алууга ордер берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Түштүк Кореянын соту тарыхта биринчи жолу кызматынан убактылуу четтетилсе да милдетин аткарып жаткан өлкө президенти Юн Сок Ёлдү... 31.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-31T11:15+0600
2024-12-31T11:15+0600
2024-12-31T11:15+0600
дүйнөдө
түштүк корея
президент
импичмент
ордер
камакка алуу
юн сок ёль
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1f/1091179639_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_2112acf4f15386e296888aedd24ec087.jpg
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Түштүк Кореянын соту тарыхта биринчи жолу кызматынан убактылуу четтетилсе да милдетин аткарып жаткан өлкө президенти Юн Сок Ёлдү камакка алууга ордер берди. Бул тууралуу Ренхап агенттиги билдиргенин РИА Новости жазды.Адатта ордер бир жумага чейин жарактуу болот. Мындан тышкары, президентти тинтүү үчүн да ордер берилгени белгилүү болду. Жакын арада Жогорку кызматтагы адамдарга карата коррупцияны иликтөө боюнча башкармалык ордердин аткарылышы боюнча чара көрө баштаары айтылды.Юн Сок Ёль азыр Коопсуздук кызматынын коргоосунда. ЖМКлар президентти кармоого келгенде анын күзөтчүлөрү каршы чыгарын жазып жатышат. Ал эми өлкө башчынын жактоочусу ордер "мыйзамсыз" экенин айтып, нааразычылыгын билдирген.Юн Сок Ёль үч жолу аскердик абалды киргизгендиги боюнча суракка барган эмес. Тергөөчүлөр андан кийин сотко кайрылышкан.Президент козголоң чыгарууга аракет кылган, өлкөгө өзгөчө абал киргизип кызматын кыянаттык менен пайдаланган, өзгөчө абалды жоюу боюнча депутаттар добуш берерде парламентке аскер күчүн жөнөткөн деп айыпталууда.Юн Сок Ёль аталган айыптарды четке кагып, "аракеттеринин баары мамлекеттик башкаруунун актысы" жана учурда парламентте басымдуулук кылган "оппозициялык партияга мыйзам чыгаруучу бийлигинен кыянаттык менен пайдаланбоосун эскертүү" бергенин айтып келет.Парламент 14-декабрда президентке импичмент жарыялаган. Юн Сок Ёль кызматынан убактыктуу четтетилген. Анын биротоло кетүүсү боюнча маселени Конституциялык сот карашы керек. Алгач президенттин милдетин өлкөнүн премьер-министри Хан Док Су аткарып, бирок кийин парламент ага да импичмент жарыялаган. Ушу тапта өлкө башчынын милдетин экономикалык маселелер боюнча вице-премьер жана финансы министри Чхве Сан Мок аткарууда.
https://sputnik.kg/20241207/tushtuk-koreya-prezident-askerdik-abal-kechirim-1090661581.html
түштүк корея
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1f/1091179639_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_1e38c83d91d4793c812e1e7d3b33c236.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, түштүк корея, президент, импичмент, ордер, камакка алуу, юн сок ёль
дүйнөдө, түштүк корея, президент, импичмент, ордер, камакка алуу, юн сок ёль
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Түштүк Кореянын соту тарыхта биринчи жолу кызматынан убактылуу четтетилсе да милдетин аткарып жаткан өлкө президенти Юн Сок Ёлдү камакка алууга ордер берди. Бул тууралуу Ренхап агенттиги билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Сот президент Юн Сок Ёлдү козголоңго айыптап камакка алуу үчүн ордер берди. Мындай кадам Түштүк Кореянын конституциялык тарыхында биринчи жолу жасалды", — деп айтылат маалыматта.
Адатта ордер бир жумага чейин жарактуу болот. Мындан тышкары, президентти тинтүү үчүн да ордер берилгени белгилүү болду. Жакын арада Жогорку кызматтагы адамдарга карата коррупцияны иликтөө боюнча башкармалык ордердин аткарылышы боюнча чара көрө баштаары айтылды.
Юн Сок Ёль азыр Коопсуздук кызматынын коргоосунда. ЖМКлар президентти кармоого келгенде анын күзөтчүлөрү каршы чыгарын жазып жатышат. Ал эми өлкө башчынын жактоочусу ордер "мыйзамсыз" экенин айтып, нааразычылыгын билдирген.
Юн Сок Ёль үч жолу аскердик абалды киргизгендиги боюнча суракка барган эмес. Тергөөчүлөр андан кийин сотко кайрылышкан.
Президент козголоң чыгарууга аракет кылган, өлкөгө өзгөчө абал киргизип кызматын кыянаттык менен пайдаланган, өзгөчө абалды жоюу боюнча депутаттар добуш берерде парламентке аскер күчүн жөнөткөн деп айыпталууда.
Юн Сок Ёль аталган айыптарды четке кагып, "аракеттеринин баары мамлекеттик башкаруунун актысы" жана учурда парламентте басымдуулук кылган "оппозициялык партияга мыйзам чыгаруучу бийлигинен кыянаттык менен пайдаланбоосун эскертүү" бергенин айтып келет.
Парламент 14-декабрда президентке
импичмент жарыялаган. Юн Сок Ёль кызматынан убактыктуу четтетилген. Анын биротоло кетүүсү боюнча маселени Конституциялык сот карашы керек. Алгач президенттин милдетин өлкөнүн премьер-министри Хан Док Су аткарып, бирок кийин парламент ага да импичмент жарыялаган. Ушу тапта өлкө башчынын милдетин экономикалык маселелер боюнча вице-премьер жана финансы министри Чхве Сан Мок аткарууда.