https://sputnik.kg/20241210/akshdan-siriyada-biylik-almasharyn-kutkon-emes-1090711899.html
АКШда Сириядагы бийликтин алмашарын күтпөгөндүгүн айтышты
АКШда Сириядагы бийликтин алмашарын күтпөгөндүгүн айтышты
Sputnik Кыргызстан
Дипломат Сириядагы окуя маанилүү деген союздаштарынын позициялары алсыз болуп калгандан кийин жаралды деп эсептей турганын билдирген. 10.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-10T11:01+0600
2024-12-10T11:01+0600
2024-12-10T11:01+0600
дүйнөдө
акш
мэттью миллер
кырдаал
батыш
сирия
күтүүсүздүк
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/03/1070625930_0:0:3641:2048_1920x0_80_0_0_7cf06a4fb5256e977af68156e98358a8.jpg
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШ өкмөтү Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын бийлигинин кулашы мүмкүн экенин күткөн эмес. Бул туурасында Американын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэттью Миллер айтканын РИА Новости жазды.Дипломат мындай нерсе маанилүү деген союздаштарынын позициясы алсыз болуп калгандан кийин жаралды деп эсептейт. Миллер аларды Россия, Иран жана шииттик "Хезболла" кыймылы деп атады. Буга "эл аралык коомчулуктун, анын ичинде АКШнын жасаган басымын" кошкон.2024-жылдын 8-декабрында Сириядагы кырдаал өзгөргөн, куралданган оппозициянын өкүлдөрү өлкөгө көзөмөл орноткондугун мамлекеттик телевидениени басып алып, жар салган. Премьер-министр Мухаммед Гази аль-Жаляли бир катар министрлер менен өлкөдө кала турганын, бирок коргоо министри кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирген. Өкмөт башчы оппозициянын жетекчилиги менен байланыш түзө алганын айткан болчу.Россия ТИМи Сирия президенти Башар Асад сирия жаңжалынын бир катар катышуучулары менен сүйлөшүп, бийликти тынчтык менен өткөрүп берүүнү тапшырып, кызматынан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын маалымдаган. Сүйлөшүүлөргө Россия катышкан эмес.Жекшемби күнү Кремлден Асад үй-бүлө мүчөлөрү менен Москвага келгенин, Россия адамгерчилик кылып башпаанек бергенин айтышкан. Агенттиктин маектеши россиялык расмий адамдар сириялык оппозиция жетекчилиги менен байланышта экенин, алар РФтин өлкө аймагындагы аскердик базалары менен дипломатиялык мекмелерине эч кандай коркунуч болбой турганына кепилдик беришкенин кабарлаган.Голан дөңсөөсү 1967-жылга чейин Сирияга карап турган. Израиль аскерлери алты күндүк жортуулдан кийин бул аймакты ээлеп алышкан. Жыйынтыгында 1973-жылы кепке келишкен да, аскерлерди ажыратышкан. 1974-жылы аталган дөңсөөгө Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучулары жайгаштырылган. Чек ара постунун сириялык жактагы бөлүгүн "Браво", ал эми Израиль тарабын "Альфа" деп аташкан.
https://sputnik.kg/20241210/nebenzya-buudagy-siriya-boyuncha-suyloshuulordu-aytyp-berdi-1090711024.html
акш
батыш
сирия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/03/1070625930_333:0:3064:2048_1920x0_80_0_0_d3409c24782b33827f4d5061a104272d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, мэттью миллер, кырдаал, батыш, сирия, күтүүсүздүк
дүйнөдө, акш, мэттью миллер, кырдаал, батыш, сирия, күтүүсүздүк
АКШда Сириядагы бийликтин алмашарын күтпөгөндүгүн айтышты
Дипломат Сириядагы окуя маанилүү деген союздаштарынын позициялары алсыз болуп калгандан кийин жаралды деп эсептей турганын билдирген.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШ өкмөтү Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын бийлигинин кулашы мүмкүн экенин күткөн эмес. Бул туурасында Американын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэттью Миллер айтканын
РИА Новости жазды.
"Асаддын бийлиги кулап калат деп күткөн эмеспиз, бирок режими бошоп калганын көрүп турганбыз", — деген Миллер брифинг учурунда.
Дипломат мындай нерсе маанилүү деген союздаштарынын позициясы алсыз болуп калгандан кийин жаралды деп эсептейт. Миллер аларды Россия, Иран жана шииттик "Хезболла" кыймылы деп атады. Буга "эл аралык коомчулуктун, анын ичинде АКШнын жасаган басымын" кошкон.
2024-жылдын 8-декабрында
Сириядагы кырдаал өзгөргөн, куралданган оппозициянын өкүлдөрү өлкөгө көзөмөл орноткондугун мамлекеттик телевидениени басып алып, жар салган. Премьер-министр Мухаммед Гази аль-Жаляли бир катар министрлер менен өлкөдө кала турганын, бирок коргоо министри кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирген. Өкмөт башчы оппозициянын жетекчилиги менен байланыш түзө алганын айткан болчу.
Россия ТИМи Сирия президенти Башар Асад сирия жаңжалынын бир катар катышуучулары менен сүйлөшүп, бийликти тынчтык менен өткөрүп берүүнү тапшырып, кызматынан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын маалымдаган. Сүйлөшүүлөргө Россия катышкан эмес.
Жекшемби күнү Кремлден Асад үй-бүлө мүчөлөрү менен Москвага келгенин, Россия адамгерчилик кылып башпаанек бергенин айтышкан. Агенттиктин маектеши россиялык расмий адамдар сириялык оппозиция жетекчилиги менен байланышта экенин, алар РФтин өлкө аймагындагы аскердик базалары менен дипломатиялык мекмелерине эч кандай коркунуч болбой турганына кепилдик беришкенин кабарлаган.
Голан дөңсөөсү 1967-жылга чейин Сирияга карап турган. Израиль аскерлери алты күндүк жортуулдан кийин бул аймакты ээлеп алышкан. Жыйынтыгында 1973-жылы кепке келишкен да, аскерлерди ажыратышкан. 1974-жылы аталган дөңсөөгө Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучулары жайгаштырылган. Чек ара постунун сириялык жактагы бөлүгүн "Браво", ал эми Израиль тарабын "Альфа" деп аташкан.
10 Бештин айы 2024, 10:09