https://sputnik.kg/20241208/damask-sogushkerler-siriya-armiyasy-1090674175.html
Дамаскка согушкерлер кирип, Сириянын армиясы шаардан кете баштады. Чоо-жайы
Дамаскка согушкерлер кирип, Сириянын армиясы шаардан кете баштады. Чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
Айрым маалыматтар боюнча, Сириянын президенти Башар Асад өлкөдөгү кырдаалдан улам Дамасктан чыгып, белгисиз тарапка учуп кеткен. 08.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-08T11:13+0600
2024-12-08T11:13+0600
2024-12-09T18:15+0600
дүйнөдө
сирия
согушкер
армия
башар асад
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/09/1090694232_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_2df2a363e0c1be0e695988005fddd69a.jpg
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Сириянын аскерлери Дамасктан чыгып кетүүдө, ал эми борбордук телеканалдын имаратын башкалар ээлеп алганын Al Jazeera ырастаганын РИА Новости жазды.Маалыматка ылайык, Сириянын борбордук телеканалынын имаратында "оппозиция күчтөрү" сыяктанган башка кишилер жүрөт. Алардын тарапташтары Дамасктагы Омейядов борбордук аянтына чогулушууда.Сириянын Sham FM радиостанциясы борбордо жарылуу угулуп жатканын, Дамасктагы эл аралык аэропорт ишин толугу менен токтотконун кабарлаган. AFP басылмасы да шаарда атышуулар болуп жатканын жазган.Ливандын Al Mayadeen телеканалы ишенимдүү маалымат булактарына таянып, сириялык согушкерлер Хомс шаарына кирип, анын бардык райондорун басып алышканын маалымдаган.Ошол эле маалда ишемби күнү кечинде Сирия армиясынын башкы командачылыгы Хама, Хомс жана Дераа провинцияларында аскерлер террорчуларга сокку уруусун улантып жатканын билдирди.Айрым маалыматтар боюнча, Сириянын президенти Башар Асад өлкөдөгү кырдаалдын фонунда Дамасктан чыгып, белгисиз тарапка учуп кеткен. Террорчулар Дамасктагы эң чоң түрмөлөрдүн бири болгон "Сейдная" абагында отургандардын баарын бошоткону кабарланууда. Сириянын премьер-министри эл тандаган бардык өкмөт менен кызматташууга даяр экенин билдирип, жарандарды мамлекеттик мүлккө зыян келтирбөөгө чакырды.27-ноябрда "Хайят Тахрир аш-Шамга"* таандык топтор деэскалация келишимин бузуп, Алеппо жана Идлиб провинцияларына чабуул коюшкан. Фронтто алар кыштактарга, калк жайгашкан аймактарга жана аскер позицияларына чабуул коюшкан. Буга Сирия армиясы жооп кайтарып, натыйжада террорчулар кишилерин жана техникасын жоготууга дуушар болгон.Сирияда куралдуу кагылышуу 2011-жылдан бери уланып келет. Армия өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн бошоткондон кийин террорчулардын чачыранды топтору түндүк жана түндүк-чыгыштагы чөлдүү аймактарда "аракетин" улантып келген.* Россияда тыюу салынган террордук уюм
https://sputnik.kg/20241204/siriyalyk-terrorchular-kievden-koldoo-koruudo-1090595014.html
сирия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/09/1090694232_211:0:2942:2048_1920x0_80_0_0_c187b2b8506bdd1600638c406f5e80f8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, сирия, согушкер, армия, башар асад
дүйнөдө, сирия, согушкер, армия, башар асад
Дамаскка согушкерлер кирип, Сириянын армиясы шаардан кете баштады. Чоо-жайы
11:13 08.12.2024 (Жаңыртылды: 18:15 09.12.2024) Айрым маалыматтар боюнча, Сириянын президенти Башар Асад өлкөдөгү кырдаалдан улам Дамасктан чыгып, белгисиз тарапка учуп кеткен.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Сириянын аскерлери Дамасктан чыгып кетүүдө, ал эми борбордук телеканалдын имаратын башкалар ээлеп алганын Al Jazeera ырастаганын
РИА Новости жазды.
"Ишенимдүү булактар билдиргендей, Сириянын куралданган оппозициясы Дамаскка кирип келип, (өкмөттүн– ред.) армиясы борбордон өз күчтөрүн чыгарып жатат", — деп айтылат кабарда.
Маалыматка ылайык, Сириянын борбордук телеканалынын имаратында "оппозиция күчтөрү" сыяктанган башка кишилер жүрөт. Алардын тарапташтары Дамасктагы Омейядов борбордук аянтына чогулушууда.
Сириянын Sham FM радиостанциясы борбордо жарылуу угулуп жатканын, Дамасктагы эл аралык аэропорт ишин толугу менен токтотконун кабарлаган. AFP басылмасы да шаарда атышуулар болуп жатканын жазган.
Ливандын Al Mayadeen телеканалы ишенимдүү маалымат булактарына таянып, сириялык согушкерлер Хомс шаарына кирип, анын бардык райондорун басып алышканын маалымдаган.
Ошол эле маалда ишемби күнү кечинде Сирия армиясынын башкы командачылыгы Хама, Хомс жана Дераа провинцияларында аскерлер террорчуларга сокку уруусун улантып жатканын билдирди.
Айрым маалыматтар боюнча, Сириянын президенти Башар Асад өлкөдөгү кырдаалдын фонунда Дамасктан чыгып, белгисиз тарапка учуп кеткен. Террорчулар Дамасктагы эң чоң түрмөлөрдүн бири болгон "Сейдная" абагында отургандардын баарын бошоткону кабарланууда. Сириянын премьер-министри эл тандаган бардык өкмөт менен кызматташууга даяр экенин билдирип, жарандарды мамлекеттик мүлккө зыян келтирбөөгө чакырды.
27-ноябрда "Хайят Тахрир аш-Шамга"* таандык топтор деэскалация келишимин бузуп, Алеппо жана Идлиб провинцияларына чабуул коюшкан. Фронтто алар кыштактарга, калк жайгашкан аймактарга жана аскер позицияларына чабуул коюшкан. Буга Сирия армиясы жооп кайтарып, натыйжада террорчулар кишилерин жана техникасын жоготууга дуушар болгон.
Сирияда куралдуу кагылышуу 2011-жылдан бери уланып келет. Армия өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн бошоткондон кийин террорчулардын чачыранды топтору түндүк жана түндүк-чыгыштагы чөлдүү аймактарда "аракетин" улантып келген.
* Россияда тыюу салынган террордук уюм