https://sputnik.kg/20241206/lavrov-rossiya-aksh-menen-sogushuunu-kaalabajt-1090637955.html
Лавров: Россия АКШ менен согушууну каалабайт
Лавров: Россия АКШ менен согушууну каалабайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россия АКШ менен согушууну ойлонгон жок, мындай тирешүүгө өзөктүк курал аралашып кетиши толук мүмкүн. Бул тууралуу РФ тышкы иштер... 06.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-06T10:08+0600
2024-12-06T10:08+0600
2024-12-06T11:04+0600
дүйнөдө
россия
акш
украина
сергей лавров
такер карлсон
маек
геосаясат
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/06/1090638289_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_a05a8ca62e3a22dc74808fee4b7578fd.jpg
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россия АКШ менен согушууну ойлонгон жок, мындай тирешүүгө өзөктүк курал аралашып кетиши толук мүмкүн. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык журналист Такер Карлсонго маек куруп жатып айткан. Интервью РФ ТИМинин сайтына жарыяланды.Дипломат Пентагон жана НАТО баштаган баштаган бир катар уюмдардагы расмий адамдар тарабынан блок коргонуучу альянс экенине карабастан айрым учурда биринчи болуп сокку урууга болору талкууланып жатканын белгиледи. Лавров АКШ Коргоо министрлигинин Стратегиялык командачылыгынын өкүлү контр-адмирал Т.Бьюкенен чектелген өзөктүк сокку уруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганын эске салды."Мындай сөздөр тынчсызданууну жаратат. Россиянын "кызыл чийининен" күмөн санап, аны ары-бери жылдыра берсе болот дегендер катуу жаңылышат", — деген дипломат.Министр Россия 2022-жылы январда БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болгон беш мамлекеттин лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алып, анда каршылашууга жол бербей, бири-биринин кызыкчылыгын, коопсуздугун таанып, урматтоо милдети камтылганын эске салды."Бирок коопсуздук кепилдиги жөнүндө макулдашуу түзүү сунушу четке кагылып, Россиянын коопсуздук жаатындагы кызыкчылыгын эч ким ойлогон жок", — деди Лавров.
https://sputnik.kg/20241204/aksh-rossiya-menen-sogushchuday-bolup-turat-1090600117.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/06/1090638289_250:0:2981:2048_1920x0_80_0_0_f18ec785f62f545a3b2d0a3282bff19a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, сергей лавров, такер карлсон, маек, геосаясат
дүйнөдө, россия, акш, украина, сергей лавров, такер карлсон, маек, геосаясат
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россия АКШ менен согушууну ойлонгон жок, мындай тирешүүгө өзөктүк курал аралашып кетиши толук мүмкүн. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык журналист Такер Карлсонго маек куруп жатып айткан. Интервью РФ ТИМинин
сайтына жарыяланды.
"Биз АКШ менен согушуу тууралуу ойлонгон жокпуз. Аскердик доктринабыздын тамырында өзөктүк согушту болтурбоо максаты жатат. Бирок эки өлкө ачыкка чыгып согушпаганы менен айрымдар Украинада болуп жаткан нерсени гибриддик согуш деп баалашууда. Мен да ушундай пикирдемин. Украиналыктар америкалык аскерлердин түз жардамысыз ыраакка атылуучу курал-жаракты колдоно алмак эмес. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Кырдаалды курчуталы деген да ниетибиз жок. Бирок Россиянын аймагына ATACMS баштаган техника менен сокку урулуп жаткандан кийин биз да белги берип жатабыз. "Орешник" системасы баарын ынандырды деп ойлойм", — деген Лавров.
Дипломат Пентагон жана НАТО баштаган баштаган бир катар уюмдардагы расмий адамдар тарабынан блок коргонуучу альянс экенине карабастан айрым учурда биринчи болуп сокку урууга болору талкууланып жатканын белгиледи. Лавров АКШ Коргоо министрлигинин Стратегиялык командачылыгынын өкүлү контр-адмирал Т.Бьюкенен чектелген өзөктүк сокку уруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганын эске салды.
"Мындай сөздөр тынчсызданууну жаратат. Россиянын "кызыл чийининен" күмөн санап, аны ары-бери жылдыра берсе болот дегендер катуу жаңылышат", — деген дипломат.
Министр Россия 2022-жылы январда БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болгон беш мамлекеттин лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алып, анда каршылашууга жол бербей, бири-биринин кызыкчылыгын, коопсуздугун таанып, урматтоо милдети камтылганын эске салды.
"Бирок коопсуздук кепилдиги жөнүндө макулдашуу түзүү сунушу четке кагылып, Россиянын коопсуздук жаатындагы кызыкчылыгын эч ким ойлогон жок", — деди Лавров.