00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Куда поступать» — вопрос, который задают слишком поздно: разговор о профориентации
08:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Закон или справедливость: в чём евразийское мышление расходится с западным
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ысык-Көлдү мыйзамсыз торлордон арылтуу аракети – Суучулдар жайы-кышы дебей иш үстүндө
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Первый посол КР при ООН: в советской школе дипломатии нас учили слушать, писать, анализировать и правильно молчать
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Wildberries кеңсесиндеги атышуудан эки адам көз жумду. Видео

© Sputnik / Антон Вылекжанин / Медиабанкка өтүүWildberries кеңсесиндеги атышуудан эки адам каза болуп, жетөө жабыркады
Wildberries кеңсесиндеги атышуудан эки адам каза болуп, жетөө жабыркады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2024
Жазылуу
Окуя боюнча үч берене менен иш козголду.
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Wildberries кеңсесиндеги атышуудан эки адам каза болуп, жетөө жабыркады. Россиянын Тергөө комитети жарадар болгондордун экөө укук коргоо органдарынын кызматкерлери экенин билдиргенин РИА Новости жазды.
Окуя боюнча “Адам өлтүрүү”, “Адам өмүрүнө кол салуу” жана “Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу” беренелери менен иш козголду.
Буга чейин Wildberries негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук кеңсени рейдерлик басып алуу аракеттери болгонун билдирген. Бул иштин башында Владислав Бакальчук, Сергей Ануфриев жана Владимир Бакин баштаган топ турганын айткан.

"Бизде эч кандай сыр жок, ошондуктан бул башаламандыкты уюштурган адамдардын аракеттери боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын ачыктоону өтүнөм", — деген ишкер айым.

Эске салсак, Татьяна Бакальчук менен күйөөсү Владислав Бакальчуктун айланасындагы чуу июль айында күч алган. Татьяна Бакальчук ажырашуу үчүн арыз жазган. Алардын жети баласы бар. Түгөйлөр РФтеги учурдун эң ири маркетплейсин 2004-жылы негиздешкен. Forbes журналы Татьяна Бакальчуктун каражатын 7,4 миллиард доллар деп эсептеген.
Владислав Бакальчук үй-бүлөнүн бул бизнеси рейдерлик басып алууга тушукканын, өзүн андан четтетип коюшканын билдирген. Ошондой эле ал бизнес ажырашкандан кийин тең бөлүнүшү керектигин айтып келет.
Пистолеттен ок атуу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2024
Ала-Букада трассадан ок атылып, шектүү кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0