https://sputnik.kg/20240918/1088784133.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникация комитети соцтармак аркылуу бирөөгө жалаа жапкандарга ири өлчөмдө айып салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды... 18.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-18T08:59+0600
2024-09-18T08:59+0600
2024-09-18T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/09/12/1088784001_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dcb2e08a883b22c8c7e9acd58085e68d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникация комитети соцтармак аркылуу бирөөгө жалаа жапкандарга ири өлчөмдө айып салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бийлик Укук бузуу кодексин жаңы берене менен толуктоону сунуштап жатат. Анда ЖМК аркылуу же соцтармакта адамдын кадыр-баркын тебелегени үчүн 100 миң сом айып салынат. Министрлер кабинети жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет булактары аркылуу адамды мазактоо жана кемсинтүү фактылары көбөйгөнүн белгилеген. "Азыркы мыйзам боюнча, күнөөнү далилдөө татаал жана юридикалык ченемдердин ар кандай чечмеленишинен улам көптөр жазасыз калууда. Бул өз кезегинде чыр-чатактардын күчөшүнө, адамдар аралык мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.Талкуудан кийин көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорун колдоду. Экөө "каршы" деген добуш берди.
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине сентябрда 59 ишкана киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, натыйжада реестрге кирген жалпы ишканалардын саны 413кө жетти. Учурда ЕАЭБдин реестрине катталгандар: сүт азыктарын өндүрүү — 44; бал өндүрүү жана сатуу — 68; балык өстүрүү, кайра иштетүү — 44; эт азыктарын өндүрүү — 21; улуттук сүт азыктарын өндүрүү — 3; мал союучу ишканалар — 11; тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу — 35; канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар — 10; жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү — 23; жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу — 139; жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү — 14; ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу — 1. Мындан тышкары, Кытайдын реестринде — 24, Өзбекстандыкында – 43, Түркияныкына 12 ишкана киргени кошумчаланды.
Анкара мэриясы Бишкектеги Ататүрк сейил багын реконструкциялап берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушкан. Анда тараптар муниципалитет делегациясынын июлда Бишкекке жасаган иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты."Элчи Казакбаев Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоорлоруна, мэриялардын ортосунда тажрыйба алмашуу программасын жана "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасынын жабдууларын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.Мансур Яваш Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоору боюнча шаардык кеңештин макулдугун алганын айтты. Жыйынтыгында Бишкек мэринин Анкарага иш сапарын уюштуруу макулдашылганы айтылды.
Россиянын Самара шаарында консулдук кызматтарды көрсөткөн тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган тейлөө борбору сынамык иретинде киргизилип, Москва убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Бул борборго документтерди тапшыруу үчүн акы төлөнөрү белгиленди. Мекендештер ал жерден мөөнөтү бүтүп калган, жоготкон же бузулган ID-карта, жалпы жарандык паспорт жана айдоочулук күбөлүк; Кыргызстанга кайтып келүү үчүн маалым кат; социалдык-укуктук документтерди алса болот.
Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникация комитети соцтармак аркылуу бирөөгө жалаа жапкандарга ири өлчөмдө айып салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бийлик Укук бузуу кодексин жаңы берене менен толуктоону сунуштап жатат. Анда ЖМК аркылуу же соцтармакта адамдын кадыр-баркын тебелегени үчүн 100 миң сом айып салынат. Министрлер кабинети жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет булактары аркылуу адамды мазактоо жана кемсинтүү фактылары көбөйгөнүн белгилеген. "Азыркы мыйзам боюнча, күнөөнү далилдөө татаал жана юридикалык ченемдердин ар кандай чечмеленишинен улам көптөр жазасыз калууда. Бул өз кезегинде чыр-чатактардын күчөшүнө, адамдар аралык мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.Талкуудан кийин көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорун колдоду. Экөө "каршы" деген добуш берди.ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине сентябрда 59 ишкана киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, натыйжада реестрге кирген жалпы ишканалардын саны 413кө жетти. Учурда ЕАЭБдин реестрине катталгандар: сүт азыктарын өндүрүү — 44; бал өндүрүү жана сатуу — 68; балык өстүрүү, кайра иштетүү — 44; эт азыктарын өндүрүү — 21; улуттук сүт азыктарын өндүрүү — 3; мал союучу ишканалар — 11; тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу — 35; канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар — 10; жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү — 23; жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу — 139; жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү — 14; ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу — 1. Мындан тышкары, Кытайдын реестринде — 24, Өзбекстандыкында – 43, Түркияныкына 12 ишкана киргени кошумчаланды.Анкара мэриясы Бишкектеги Ататүрк сейил багын реконструкциялап берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушкан. Анда тараптар муниципалитет делегациясынын июлда Бишкекке жасаган иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты."Элчи Казакбаев Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоорлоруна, мэриялардын ортосунда тажрыйба алмашуу программасын жана "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасынын жабдууларын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.Мансур Яваш Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоору боюнча шаардык кеңештин макулдугун алганын айтты. Жыйынтыгында Бишкек мэринин Анкарага иш сапарын уюштуруу макулдашылганы айтылды.Россиянын Самара шаарында консулдук кызматтарды көрсөткөн тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган тейлөө борбору сынамык иретинде киргизилип, Москва убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Бул борборго документтерди тапшыруу үчүн акы төлөнөрү белгиленди. Мекендештер ал жерден мөөнөтү бүтүп калган, жоготкон же бузулган ID-карта, жалпы жарандык паспорт жана айдоочулук күбөлүк; Кыргызстанга кайтып келүү үчүн маалым кат; социалдык-укуктук документтерди алса болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/12/1088784001_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ce57fa82863f653e2b8a6d0f1d59bcbe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио