00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Пранкка түшкөн польшалык министр жашыруун сырды айтып алды. Видео

© AP Photo / Czarek SokolowskiПольшанын ТИМ башчысы Радослав Сикорский
Польшанын ТИМ башчысы Радослав Сикорский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2024
Жазылуу
Министрди тамашага пранкчылар Вован (Владимир Кузнецов) менен Лексус (Алексей Столяров) салган.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Америка "Түндүк агым — 2" газ куурунун жардырыларын билип, бирок аны токтоткон эмес. Бул туурасында Польшанын ТИМ башчысы Радослав Сикорский пранкерлер менен сүйлөшүп жатканда айтып берип койгон.
Видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Аны тамашага пранкчылар Вован (Владимир Кузнецов) менен Лексус (Алексей Столяров) салган.
Министр Украинанын мурдагы президенти Порошенко менен сүйлөшүп жатам деп ойлогон.
"Польша буга мындайча мамиле кылабыз: аны ким жасаса да жакшы иш кылган. Америкалыктар бул туурасында эрте эле билип, бирок аны токтотпой койгонунан эми биздин кабарыбыз бар", — деген ал.
Россиядан Европага газ ташылган "Түндүк агым" газ түтүктөрүндөгү жарылуу 2022-жылдын 26-сентябрында болгон. 2023-жылдын мартында Батыштын ЖМКларында диверсияны "Украинага ыктаган топ" жасаганы айтыла баштаган.
Немец басылмаларынын маалыматы боюнча, түтүктөрдү жардыруу үчүн "Андромеда" парустук яхтасы колдонулган. Кемени 2016-жылы негизделип эки украиналык жаранга катталган польшалык Feeria Lwowa компаниясы ижарага алган. Бул боюнча Германия прокуратурасы дайвинг боюнча инструкторду камакка алууну чечкен. Ал диверсия жасаган топту ташыган автоунаанын айдоочусу болгон деп шектелүүдө.
Басылмалардын бири инструктордун сүрөтүн жарыялады, бул украиналык Владимир Журавлев аттуу дайвер тууралуу сөз болуп жатканын аныктоого жардам берген. Мындан тышкары, ага Светлана жана Евгений Успенскийлер шерик болгону айтылды.
Wall Street Journal гезити билдиргендей, немецтик изилдөөнүн көңүл чордонунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурунку башкы командачысы Валерий Залужный турат. Басылма ЦРУ Зеленскийден түтүктөрдү жардырбай турууну талап кылып, бирок Залужный өзү билемдик кылганын жазды.
Владимир Кузнецов (Вован) менен Алексей Столяров (Лексус) чет элдик биринчи айымдарды пранкка салган чуусунан кийин белгилүү болуп кетти. Экөө телефон менен Франциянын президенти Эммануэль Макронду, Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Борис Жонсонду, Канада премьери Жастин Трюдону, Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоганды, АКШнын экс-президенти Жорж Бушту тамашага салышкан.
Түндүк агым жардыруулардан кийинки кесепети. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2024
Жардырылган "Түндүк агым" боюнча Германия Киевден үмүт артып отурат
Жаңылыктар түрмөгү
0