00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кадровое делопроизводство в КР станет цифровым. Почему это важно и для самих работников?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Мыйзамга кирген өзгөртүүдөн улам көз жумган бейтаптардын себептери так аныкталбай калууда. Патологоанатом менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Метапневмовирус : стоит ли бояться вспышки «новой» болезни
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия "Түндүк агымдардын" жардырылышын иликтөө боюнча Германияга кине койду

© Фото / Kustbevakningen Шведская береговая охрана"Түндүк агым" газ түтүгүндөгү жарылып кеткен жер. Архив
Түндүк агым газ түтүгүндөгү жарылып кеткен жер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2024
Жазылуу
Wall Street Journal гезити билдиргендей, немецтик изилдөөнүн көңүл чордонунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурунку башкы командачысы Валерий Залужный турат.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия "Түндүк агым" газ түтүктөрүнүн жардырылышын иликтеп жаткан Германияга расмий түрдө кине коюп, Берлин менен террорчулукка каршы күрөшүү жаатында эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгелеп жатат. Бул тууралуу РФ ТИМинин үчүнчү Европа департаментинин директору Олег Тяпкин маек учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Дипломат Германия бийлиги Балтика деңизинде теракт жасаган делгендердин бирине издөө жарыялаганын, ал Украина жараны экенин эске салган.
"Германиянын ЖМКларында жардыруу жасаган адамдардын кайсы бир мамелекетке тиешеси жок деген тезис айтылып келет. Бул иликтөө чыныгы буйрук берген адамдарды таппайт, Германия өтөсүнө чыкпайт", — деген Тяпкин.
Анын айтымында, Россия буга макул болуп отуруп калбайт.
"Биз Германия жана тиешеси бар башка мамлекеттерден БУУнун антитеррордук конвенциясында каралган милдетин так аткарууну талап кылабыз. Расмий түрдө кине коюлду. Москва Берлин менен сүйлөшүүлөрдү демилгелеп жатат. Мындан аркы кадамдар Батыштын аракетинен көз каранды", — деди дипломат.
Россиядан Европага газ ташылган "Түндүк агым" газ түтүктөрүндөгү жарылуу 2022-жылдын 26-сентябрында болгон. 2023-жылдын мартында Батыштын ЖМКларында диверсияны "Украинага ыктаган топ" жасаганы айтыла баштаган.
Немец басылмаларынын маалыматы боюнча, түтүктөрдү жардыруу үчүн "Андромеда" парустук яхтасы колдонулган. Кемени 2016-жылы негизделип эки украиналык жаранга катталган польшалык Feeria Lwowa компаниясы ижарага алган. Бул боюнча Германия прокуратурасы дайвинг боюнча инструкторду камакка алууну чечкен. Ал диверсия жасаган топту ташыган унаанын айдоочусу болгон деп шектелүүдө.
Басылмалардын бири инструктордун сүрөтүн жарыялады, бул украиналык Владимир Журавлев аттуу дайвер тууралуу сөз болуп жатканын аныктоого жардам берген. Мындан тышкары, ага Светлана жана Евгений Успенскийлер шерик болгону айтылды.
Wall Street Journal гезити билдиргендей, немецтик изилдөөнүн көңүл чордонунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурунку башкы командачысы Валерий Залужный турат. Басылма ЦРУ Зеленскийден түтүктөрдү жардырбай турууну талап кылып, бирок Залужный өзү билемдик кылганын жазды.
Түндүк агым түтүктөрүн жардыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
WSJ: "Түндүк агым" түтүктөрү Залужныйдын буйругу менен жардырылган
Жаңылыктар түрмөгү
0