00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
2025-жыл ишкерлер үчүн кандай болду? — мыйзамдык өзгөрүүлөр, салык системасы, мамлекеттик колдоо
13:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жерге кам көрүп, түшүмдү мол ал — жер семирткичти кайсы убакта берген дурус?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От семьи к обществу: проекты «Союза соотечественниц» в Кыргызстане
16:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От Победы до Нюрнберга: уроки истории, которые нельзя забывать
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2026-жылы Кыргызстандын футбол боюнча Жогорку лигасында 16 команда ойнойт
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жерге кам көрүп, түшүмдү мол ал — жер семирткичти кайсы убакта берген дурус?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өлкөдө автоунааларды милдеттүү техникалык кароодон кантип өткөрүшөт? Адистин жообу

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТехникалык кароо. Архивдик сүрөт
Техникалык кароо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2024
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлиги транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү өнөктүгүн кайтарууну сунуштоодо.
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда транспорттун айрым категориясы эле техникалык кароодон милдетүү түрдө өткөрүлөт, бирок Экономика жана коммерция министрлиги бардык автоунааларды текшерүү өнөктүгүн кайтарууну сунуштоодо.
Ведомствонун Техникалык жөнгө салуу жана метрология департаментинин башчысы Бакыт Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде темир көлүктүн эмнеси жана кандай текшерилерин түшүндүрүп берди.

"Азыр техникалык кароо жол кыймылы боюнча мыйзамдын алкагында көзөмөлдөнүп, анда кандай категориядагылар милдеттүү түрдө кароодон өтүшү керектиги жазылган. Негизинен коммерциялык максаттагы, жүргүнчү ташыган атайын техника текшерилет. Жеңил автоунааны техкароодон өткөрүү 850 сом турат. Аны диагностикалык борборлордон текшеришет. Өлкөдө мындай 31 борбор бар, алардын бирөө мамлекетке карайт. Эми менчик транспортторду техкароодон өткөрүү процесси акырындан киргизиле баштайт. Бул 2027-жылга пландалган, ага чейин текшерүүчү борборлордун санын көбөйтүү зарыл", — деп билдирди Шабданов.

Министрлик ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн тажрыйбасын колдонуп, жети "жашка" чейинки автоунааларды техкароодон бошотуп, 7-14 жылдыктарды жылына эки жолу, андан "улуу" транспортторду жыл сайын текшерип турууну сунуштоодо.
"ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө бардык транспорт текшерилет. Бизде 2016-жылдын февралында биримдиктин дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу боюнча техникалык регламенти күчүнө кирген. Муну менен техникалык кароону киргизсек, ЕАЭБдин талаптарына жооп берген тартипти киргизебиз. Буга чейин техкароонун автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга бюджеттен 1,2 миллион сом бөлүнгөн. Учурда процедурадан өткөн машиналар дароо реестрге киргизилип жатат. Маалыматты "Түндүк" тиркемесине мамлекеттик номерди киргизип эле текшерсе болот. Бул система модернизацияланат, анткени каттоого алчу автоунаалардын саны кескин өсөт", — деп түшүндүрдү адис.
Шабданов текшерүү 67 көрсөткүч боюнча — тормоздон тартып бөлүнүп чыккан газдын көлөмүн өлчөөгө чейин жүргүзүлөт.
Автоунаа техникалык кароо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2024
Транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0