00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Сентябрда Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун машыгууларына Армения катышпайт. Бул тууралуу уюмдун Telegram каналында жазылган.Белгилүү болгондой, 3-сентябрдан 15-сентябрга чейин Чүй жана Ысык-Көл облусунда ЖККУнун жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен машыгуулар өтөт."Машыгууларга ЖККУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн, ИИМ, ӨКМ жана атайын кызматтарынын контингенттери, уюмдун катчылыгынын жана бириккен штабынын ыкчам топтору катышат. Армения тарап машыгууларга катышпай турганын маалымдады", — деп жазылат маалыматта.Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкө аймагында өтө турган "Кызматташуу — 2024", "Эшелон — 2024" жана "Издөө — 2024" машыгууларына даярдык көрүүнү тапшырган.
Өлкө боюнча 558 курулуш компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, аларга тиешелүү документтерин топтоп, лицензияны калыбына келитирүү үчүн 90 күн убакыт берилген."2001-жылдын 31-майындагы жобо менен курулуш ишин жүргүзүүгө берилген 558 лицензиянын иши 90 күндүк мөөнөткө токтотулду. Лицензиаттар белгиленген тартипте тиешелүү документтер менен Мамкурулушка кайрыла алышат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө арыз түшпөсө лицензиялар жокко чыгарылат", — деп жазылган маалыматта.Буга чейин 2001-жылдан бери 7,5 миңдей лицензия берилсе, анын эки миңге жакыны гана иштетилери айтылган.Лицензиясы убактылуу токтотулган компаниялардын толук тизмеси менен таанышып алууга болот.
Ушул тапта республика боюнча 251,3 миң гектар аянттагы кылкандуу дан эгиндери же жалпы эгин аянтынын 51,3 пайызы жыйналып бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүүдө. Жалпысынан республика боюнча 888 комбайн иштетилүүдө."Кылкандуу дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 29 центнерди түздү, бул өткөн жылдагыга караганда 12 пайызга көп. Буудайдын түшүмдүүлүгү Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарында гектарынан 32-33 центнерден алынып жатат. Жалпысынан өлкө боюнча 395 миң тонна буудай жыйналды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 175 миң тоннага көп. Арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында, анда дыйкандар гектарынан 28,5 центнерден түшүм алууда", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда балдарды 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы 30-августка чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен эскертишти. Экинчи этап 3-июндан тарта башталган. "Мында жашаган жеринин каттоосуна карабастан, бош орундары бар мектептерге жүргүзүлөт. Баланы мектепке жана бала бакчага каттоо үчүн ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү mektep.edu.gov.kg маалыматтык система аркылуу өтүнмө жибере алышат", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүргүзүлгөн. Экинчи этапта бош орундары бар мектепке катталса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0