00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
14:04
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Экономикалык кылмыш үчүн ишкерди камакка албоону сунуштаган мыйзам кабыл алынды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКишенчен адамдар. Архив
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2024
Жазылуу
Сунушталган мыйзамда ишкердикти каттоодо ишмердигине кийлигишип, тоскоолдук кылган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү каралган.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президенттин ишкерлерди коргоо боюнча сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку кеңеште экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алынды.
Анда ишкердикти каттоодо ишмердигине кийлигишип, тоскоолдук кылган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү жана экономикалык кылмышка айыпталгандардын бөгөт чарасын жеңилдетүү сунушталган.
Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөр:
кызмат адамы жеке ишкерди же юридикалык жакты каттоодон, уруксат (лицензия) берүүдөн баш тартып, качып, ишине кийлигишсе, андан олуттуу зыян келтирилсе 500 миңден 1 миллион сомго чейин айып каралууда;
ушул эле жосун адамдардын тобу менен жасалса бир-эки миллион сомго чейин айып салууга, мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске сунушталган өзгөртүү:
кызмат адамдарынын ишкердик субъектилерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу;
мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде көзөмөлдөө, укук коргоо жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү, алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу, жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттерди жасоосу, кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо кызмат адамдарына 15 миң сом айып пул салууга алып келет.
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине сунушталган өзгөртүүлөр:
экономикалык ишти жүргүзгөн ишкердик субъектилерге карата бөгөт коюуда электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө колдонуу же үй камагына алуу мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш;
баалуулуктар, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк күрөө катары берилген учурда тергөө судьясы, судья, сот тарабынан аныкталган күрөөнүн суммасына барабар болгон мүлктүн бөлүгү мамлекеттин кирешесине айландырылат;
экономикалык кылмыш катары менчикке каршы, экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы, акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү, коммерциялык жана башка уюмдарда кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар боюнча камакка алуу колдонулбайт.
Бул бөлүктүн ченемдери тергөө органынан жана соттон жашырынып жүргөн адамдарга же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга жайылтылбайт.
Жогорку Соттун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2024
Кыргызча билбегендер судья боло албайт. Жогорку Кеңеш мыйзамды жактырды
Жаңылыктар түрмөгү
0