00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:09
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Спортбокс
Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогунун тандап алуу оюндарын өткөрөт — футболчулардын даярдыгы кандай?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему мировая культура не сможет обойтись без русской литературы
18:11
40 мин
On air
18:56
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөр мамлекетке кайтарылган жерлерге курулуудаКыргызстанда ар бир төртүнчү түгөй ажырашат.Окуучулар Россия, Беларуска барып согуш ардагерлерин эскеришет алдыда кененирээкБүгүн Беларустун Брест шаарында "Эскерүү поезди" эл аралык маданий-билим берүү долбооруна старт берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорго Кыргызстандан дагы окуучулар катышат. "Катышуу үчүн Кыргызстандан окуудагы, чыгармачылык сынактардагы ийгиликтери, тарых боюнча облустук, республикалык олимпиадалардагы жеңиштери, мектептеги ыктыярчылыгы менен айырмаланган 10-класстын 15 окуучусу тандалып алынган", — деп жазылат маалыматта. Долбоордун 205 катышуучусу Беларусь жана Россиянын шаарларына барып, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларын эскеришет.
Кыргызстанда ар бир төртүнчү түгөй ажырашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2023-жылга карата берилген маалыматында айтылды. Өлкөдө өткөн жылы баш-аягы 45,5 миң нике катталган. Анын ичинен 13,1 миң түгөй шаарларда үйлөнсө, 32,4 миңи айылдарда баш кошкон. Бирок былтыр эки жолго түшкөндөрдүн саны 12,6 миң түйгөйдү түзгөн. Статком ошондой эле Кыргызстандын калкы 2023-жылы 7 миллион 162 миң адамга жеткенин билдирди. Анын 50,5 пайызы аялдар болсо, эркектер калктын 49,5 пайызын түзөт. Кыргызстандыктардын 35 пайызы шаарларда жашаса, калган бөлүгү элеттиктер экени маалым болду.
Жалал-Абадда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип, кайра мамлекетке кайтарылган жерлерге ипотекалык үйлөр курулууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиршти.Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаары жана Сузак айылында 4 миллиард 170,4 миллион сомдук жалпы аянты 22 гектар жер мамлекетке кайтарылган. Аларга Мамлекеттик ипотекалык компания 10 турак жай комплексин куруп жатат. "Турак жай комплекстердин жалпы аянты 424 миң 478 чарчы метрди түзүп, 6 610 батир болору пландаштырылууда. Мындан тышкары, балдар ойноочу жай жана спорт аянтчалары (13 140 чарчы метр), жер астындагы унаа токтотуучу жайлар (2 105 орун) сыяктуу жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн зарыл инфраструктура каралган", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле бул аймакка университет, мектеп, бала бакчаларды куруу пландалганы кошумчаланды. Буга чейин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулуп жатканын билдирген.
Армения ЖККУнун өнөктөшү бойдон калат. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов Алматыда өткөн ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды. Иш-чарага армян тарап катышкан жок. "Армения биздин союздаш болгон жана ошол бойдон кала берет. Анын алдындагы бардык милдеттерибиз сакталат", — деди ЖККУнун башкы катчысы. Анын айтымында, уюмда калуу же чыгуу чечими Еревандын суверендүү укугу. Ал ошондой эле ЖККУну каржылоодон баш тартуу суроосун Арменияга жолдоо керектигин кошумчалады. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирет.2024-жылдын февраль айында Ереван ЖККУга катышуусун тоңдурганын жарыялаган. Мындай чечим Армения бийлигинин Азербайжан менен 2020 жана 2023-жылдардагы жаңжалдын күчөшүнө байланыштуу кабыл алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0