00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
19:53
6 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
20:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Макулдашуунун урунттуу жерлери

Темир жол курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2024
Жазылуу
Кыргызстанда биргелешкен долбоордук компания түзүлүп, анын толук кандуу иштеши үчүн уставдык капиталдагы үлүштөр үч өлкөнүн ортосунда бөлүштүрүлөт.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкек, Пекин жана Ташкент "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн Биргелешкен долбоордук компания (БДК) түзмөй болду. Бул тууралуу 6-июнда кол коюлган макулдашууда айтылат. Бүгүн министрлер кабинети документти ратификациялоо үчүн парламенттин кароосуна киргизди.
Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган мыйзам долбооруна ылайык, БДК Кыргызстандын аймагында түзүлөт, ал эми анын толук кандуу иштеши үчүн уставдык капиталдагы үлүштөр үч өлкөнүн ортосунда бөлүштүрүлмөкчү.
Макулдашууда үч мамлекеттен компанияны түзүп, анын коммерция, технология, каржылоо, инженердик курулуш жаатындагы маселелерине жоопкер боло турган уюмдары да көрсөтүлгөн. Мында Кытай тараптан "Кытай темир жолдору" мамлекеттик корпорациясынын алдындагы China Railway International компаниясы, Кыргызстандан "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы, Өзбекстандан "Узбекистон темир йуллари" акционердик коому иш жүргүзмөй болду.
"Кытайдын үлүшүнө 51 пайыз, кыргыз жана өзбек тарапка 24,5 пайыздан туура келет. Жогорудагы уюмдар БДКнын уставдык капиталын көрсөтүлгөн үлүш боюнча түзөт", — деп айтылат макулдашууда.
Мындан тышкары, документте темир жолдун Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад — Анжиян деп үч өлкөнүн аймагы аркылуу өтө турган маршруту белгиленген.
Макулдашуунунун аткарылышын Кыргызстан менен Өзбекстандан Транспорт министрликтери, Кытайдан Өнүгүү иштери жана реформа боюнча мамлекеттик комитет тескейт.
Муну менен катар документте төмөнкүлөр каралган:
Кытай тарап темир жолдун Кыргызстандагы бөлүгү менен бириккен Кытайдын аймагындагы курулушуна жоопкер;
Кыргыз тарап курулуштун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин өз убагында баалоого, маданий эстеликтердин сакталышына, коопсуздукту камсыздоого, объектилердин алынышына, долбоор ишке аша турган жердеги элди көчүрүүгө жоопкер. Мунун баары мамлекеттин эсебинен ишке ашат;
Кыргыз тарап курулуш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, электр энергиясы, суу менен камсыздоого, кытай жана өзбек адистерин келүүгө уруксат алуудан бошотуп, керектүү товарлардын импортуна, ошондой эле банк эсептери жана валюта алмаштыруу иштерине колдоо көрсөтөт;
Кыргыз тарап курулуш иштеринин алдындагы жумуштарда, курулуштун өзү жүрүп жаткан маалда курулуш техникасын, жабдууларды, механизмдерди жана башка тиешелүү материалдарды өлкө аймагына киргизип жана чыгарып жаткан маалда бажы жана салык төлөмдөрүнөн бошотот;
Тараптар долбоорлоо, сатып алуу, курулуш жана башка негизги иштерге жоопкерчилик Кытайдын ыйгарым укуктуу уюмуна жъктөөнү макулдашкан. Мүмкүнчүлүгү туура келсе бул иштерге Кыргызстан менен Өзбекстандын да компаниялары катыша алат;
Техникалык-экономикалык негиздемеге, каржылоого байланышкан маселелерди чечүүгө мамлекеттердин баары катышууга милдеттүү;
Аталган макулдашууга байланыштуу конфеденциалдык маалыматтар тараптардын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз ачыкталбайт;
Макулдашуунун жоболорун аткарууда же талкуулоодо чыккан талаш-тартыштын баары сүйлөшүү жана консультация жолу менен чечилет;
Документ ар бир тарап бири-биринен жазуу жүзүндөгү уруксат алып макулдашкан күндөн тарта күчүнө кирет;
Макулдашуу 5 жылга түзүлүп, тараптардын каршылыгы болбосо автоматтык түрдө дагы 5 жылга узартылат.
Белгилей кетсек, аталган темир жолдун курулушу боюнча көп жылдардан бери кеп болуп келе жатат. Магистраль жылына болжол менен 7 миллиондон 13 миллион тоннага чейин жүк өткөрүүгө жөндөмдүү болот. Кыргызстан анын 80 пайызы транзитке туура келсе, 20 пайызы республикага тиешелүү болоруна үмүт артып келет. Курулуш болжол менен 4,7 миллиард долларга бааланууда.
Темир жолдун курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2024
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу августта башталмай болду
Жаңылыктар түрмөгү
0