00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые нас удивили на этой неделе
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШдан Грузиянын чет элдик агенттер боюнча мыйзамына жооп болорун айтышты

© AP Photo / Brendan SmialowskiАКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2024
Жазылуу
Мыйзам долбоорунан улам АКШ менен ЕБ Грузияга сөөмөй кезеп, ичи чыкпагандыгын айтышууда.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кошмо Штаттар чет элдик агенттер боюнча грузиялык мыйзамга жооп кыла турган чараларды көрөт. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Өкүлдөр палатасынын комитетинде айтканын РИА Новости жазды.
"Жооп катары кандай чара көрүлөрүн ойлонуштуруп жатабыз. Кадамдарды жасайбыз деп күтүп жатам", — деген ал.
Өткөн аптада Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер эгерде чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирсе Кошмо Штаттарга Грузия менен мамиленин тамырын карап көрүүгө туура келерин айткан эле. Мындан сырткары, Мамлекеттик департаменттин санкцияларды координациялоо башкармалыгынын башчысы Жим О'Брайен эгерде парламент кабыл алган мыйзам долбоорун өзгөртпөсө, жетекчилиги ЕБ жана башка өнөктөштөргө асылгандыгын токтотпосо Вашингтон Тбилисиге карата чектөөлөрдү киргизиши мүмкүндүгүн эскертти. Ведомствонун маалымат катчысынын орун басары Ведант Патель "азыркы мамиле АКШнын баалуулуктары менен макулдашылбагандыктан" грузин бийлиги мыйзамда каралган багыттан баш тартышы керектигин айтты.

Грузиянын чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамы

Грузиянын парламенти 2024-жылдын 14-майында үчүнчү, соңку окууда жетектөөчү "Грузин кыялы" партиясы парламентке киргизген "Чет элдиктердин таасиринин ачыктыгы" мыйзам долбоорун кабыл алган. Документ кирешесинин 20 пайыздан ашыгы чет жактан түшкөн ЖМКларды, коммерциялык эмес юридикалык тараптарды каттоону карайт. Анда "чет элдик таасирдеги агент" термининин ордуна "чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн" термини колдонулуп, ал эми калган бөлүгүнө өзгөрүү кирген эмес. Мындан улам "чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөйт" деп эсептелгендердин баары мамлекеттик реестрден өтүүгө милдеттүү болот. Каттоо учурунда алган кирешелерин көрсөтүү жана декларация толтуруу зарыл. Эгер баш тартышса 25 миң ларилик (9,5 миң долларга чукул) айыпка жыгылат. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили аталган мыйзамга вето койгон. Анткен менен бул кадам формалдуу мүнөздө, себеби аны жеңүү үчүн парламентке добуштардын көпчүлүгү керек.
Мыйзам долбоорунун процедуралары бул сапар нааразылык митингдери менен коштолду, полиция акцияны кууп таратып, активисттерди кармады. Батыш мамлекеттери Тбилисиге сөөмөй кезей баштады: АКШ эгер документ күчүнө кирсе эки тараптуу мамилени түп-тамырынан карап көрөрүн, ЕБ Грузиянын мүчөлүккө берген арызын тоңдуруп коерун айтты.
Документтин оппоненттери аны Россиядагы мыйзамдын дал өзү деп аташкан, анткен менен чет элдик агенттерди каттоо боюнча мыйзам АКШда да көп жылдан бери иштеп келет. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул тантырагандык болуп жатканын белгилеп, чет элдик агенттер менен күрөшүү системасын киргизген биринчи өлкө АКШ экенин эскертти. Ал эми Грузия бийлиги мыйзам толугу менен укуктук принциптерге негизделип, тиешелүү ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдардын финансысын жыл сайын ачыктоо максатын көздөй турганын айтып келет.
Тбилисиде чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга каршы нааразылык акциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2024
Тбилисидеги нааразылыкка Эстония, Исландия, Литва ТИМ башчылары келди
Жаңылыктар түрмөгү
0